Кыргызстандын сүрөтчүлөр уюмуна 75 жыл толду

Жаңырган жылдын май айында Кыргызстандын сүрөтчүлөр уюму 75 жылдык мааракесин белгилейт. Ага бир катар мамлекеттин кыл калем чеберлери келет.

Кыргызстандын сүрөтчүлөр уюмунун төрагасы Таалай Курмановдун билдиргенине караганда учурда мааракеге карата даярдыктар көрүлүүдө. Анын айтуусунда 75 жылдык мааракенин алкагында көргөзмөлөр уюштурулуп, кыргыз сүрөтчүлөрү чет элдик кыл калем чеберлери менен пленерге чыгышат.

-Биринчиден Республикалык жазгы көргөзмөбүздү уюштурабыз. Экинчиден Казакстан, Өзбекстан жана башка бир катар мамлекеттердин сүрөтчүлөрү мене биргеликте Кажы-Сайда пленер өткөрөбүз. Ошондой эле Ошто жаш сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсүн өткөрөбүз.

Бул мааракеге чейин кыргыз сүрөтчүлөрү Москвага барып келишет. Учурда айрым кыл калем чберелери Москвадагы “Сүрөтчүлөрдүн борбордук үйүндө” өтүүчү эл аралык көргөзмөгө, катышууга даярдыктарды көрүшүүдө. Бул туурасында басма графика жанрында эмгектенген сүрөтчү Керимбек Букар билдирди.

Өткөн жылы Москвада эмгектерин көрсөтүп, алтын медалга татыган КРнын эмгек сиңирген сүрөтчүсү Данакан Адашканова улуттук музейде жеке көргөзмөсүн ачып, иштерин кыргыз сүрөт күйөмандарынын сынына коймокчу.

-Учурда өнөрканамда иштеп, сүрөттөрдү тартып жатам. Буйрук август айында көргөзмөмдү ачсамбы деп турам. Ал жерде ар кыл жанрда иштелген сүрөттөр коюлат. Буга чейин ондон ашык жеке көргөзмо уюштургам.

Ал эми кыргыз эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиев жаңырган жылы философиялык, тарыхый эмгектерди жаратууну көздөөдө.

-Кыргыз элинин феноменин, өзгөчөлүгүн, касиетин чыгармачылык иш менен ырастайын деп турам. Андыктан ушул багытта аркет кылып жатам.

КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, сүрөтчү Сабитжан Бабаджанов жаңырган жылы 70 жаш мааракесин белгилейт. Мына ушул мааракеге карата кыл калем чебери жыйнак чыгарууну ниет кылууда.

Сүрөт өнөүн аркалаган жаш сүрөтчүлөр да бул жылы жакшы максаттарды коюуда. Атай кетсек Ербол Догдурбек Македонияда жеке көргөзмөсүн уюштурат. Ал эми сүрөтчүнүн ата-энеси, кыл калем чеберлери Догдурбек Нургазиев жана Алмагүл Бөлөкова Еропалык сүрөт күйөрмандарына эмгектерин көсөтүүнү көздөшүүдө.

Айжан Шаботоева, «Азаттык», 12.01.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.