Кыргыздын көөнө кийими

Сүрөтчү-этнограф Темирбек Мусакеев
Сүрөтчү-этнограф Темирбек Мусакеев

XX кылымдын белгилүү окумуштуу-этнографы Клавдия Антипина кыргыздын көөнө маданиятын, үрп-адат, кийим-кече, урунган буюмдарын, турмуш-тиричилигин алгачкылардан болуп изилдеген. Фотоматериалдардан архив түзүп, сейрек кенчке айланган баалуу эмгектери үчүн эл ичинде “Кыргыз этнографиясынын байбичеси” аталган. Учурда спектаклдерге, фильмдерге, фестивалдарга декорацияларды, жаңы костюмдарды жаратуучулар үчүн Антипинанын баа жеткис китептери – жол көрсөткүч.

Антипина кыргыздын улуттук кийимдери менен жасалгаларын сүрөтчү-этнограф Темирбек Мусакеевге тарттырып, зор эмгек жасаган, этнографиялык-илимий чындыкты документтештирип, альбом-китеп чыгарууга даярдаган. Бул баа жеткис энциклопедия Түркияда жана Европада басылып, кыргыз окурмандарына толук жете элек.

Алтынай Темирова, «Азаттык», 18.07.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.