Бишкекте кыргыз тайгандарынын көргөзмөсү болуп өттү
Бишкектеги «Ак-Кула» ат майданында биринчи жолу өткөрүлүп жаткан «Салбурун» чемпионатынын алкагында кыргыз тайгандарынын көргөзмөсү болуп өттү.
«Салбурун» федерациясынын президенти Алмаз Акунов финалга алты тайган чыгарылганын айтты.
1-мартта болгон көргөзмөдө алты тайган «эң көркөмдүү тайган» катары финалга чыккан.
Конкурстун жыйынтыгы менен Нарындан келген Кылымбек Аписовдун Каракуш ысымдуу тайганы жеңишке жетти.
Гүлнур Жумалиева, “Кабар ордо”, 02.03.2015-ж.
Соц тармактар: