Мамат Болот, жазуучу: “Бизди каалагандай эксперименттешти”

Гимн. Герб. Туу.
Эл оңолуп кетүүгө, Көк Асабасын көтөрүп кетүүгө тоскоолдук боло турган себептер өтө көп. Мисалы дүйнөлүк финансы олигархиясын алалы, дүйнөлүк жашыруун өкмөт учурдагы экономикалык кризисти атайылап жаратканын моюнга алып атат. Анын башында англо-америкалык семиттик башкаруучулар турат. Алар өтө терең механизмдер аркылуу бүт дүйнөгө финансылык кризисти жаратып коюп атышат. Балким кайсы бир деңгээлде экологиялык, геосаясый кыйынчылыкты жаратуу алдында турушкандыр. Аны менен өздөрүнүн башын жутуп алыштары да мүмкүн. Анткени, Кудайдын чындап каары келе турган болсо, эки дүйнөнү – Америка менен Евразияны аңтар-теңтер кылып ийиши мүмкүн, жердин огу алмашып кетиши мүмкүн. Бул өзү тарыхта боло келген нерсе. Ушинтип барып жер адамы катаклизмдерден өтүп гана кайсыл бир деңгээлде Кудайдын кудуретине акылы жетиши ыктымал. Ал эми кыргыздын Көк Асабасы эле болгон деген жалган, анткени кыргызда үч түрдүү түс болгон. Көк түс, жашыл түс – бул жер бетиндеги, материалисттик дүйнөдөгү турмуштун, жер жашоосунун түсү боло турган болсо, ак түс биз үчүн чексиз космостун, кудурети күчтүү Кудайдын түсү болгон. Ал эми биздин биринчи ишенимибиз Ак ишеним болгон, Ак дин деп аталган. Кызыл түс болсо – жетекчиликтин, падышанын, улуттун, расанын толуп-ташкандыгынын же болбосо ааламдык оттун түсү болгон. Кыргыздын асабасында социализм мезгилиндегидей эле ошол үч түс тең турушу керек.

Кыргыздын символдору тууралуу сөз кыла турган болсок, мындай: гимнди таптакыр башкача жазып чыгышка туура келет. Анткени, биздин гимн материалисттик таасирден кутулбаган, кыргыздын Ала-Тоосун, өзөн-суусун мактаган гана гимн болуп калган. А чынында кыргыз эли андан башка космостук фактор катары өзүнүн идеясын, жандүйнөсүн, этика-эстетикасын адамзат казынасына кошуп келаткан, кошуп жүргөн жана кошо турган эл. Туубузда кыргыздын кырк эки уруусунун элеси катары биз күндүн кырк нурун, же Күн отун чыгарып койдук деп жүрүшөт. Алэми символдук живописте андай болбойт. Мисалы, Япониянын гербин карай турган болсок, ал жерде деле күн бар. Бирок анда көркөм сүрөт дүйнөсүнүн, адамдын аң-сезиминин, ыйык аяндардын негизиндеги символика басымдуулук кылып турат. Ал эми биздикин ар кандай жорууга болот: күнкарамадан тартып, чимирик оюнчук, балдардын колундагы дөңгөлөк ж.б. Гербибиз толугу менен алынып ташталышы керек. Ал жерде балким Асман, Жер, Жердин түпкү цивилизациясы менен космосту бириктирген улуу даанышман Айкөл Манастын тамгасы турушу керектир, а балким, ажыдаар элинин (кыргыз) белгиси түшүрүлүшү керектир. Эми ажыдаар десе эле бизде биофизикалык абалдагы жаныбарды түшүнүшөт да, Кытайга тийиштүү деп билишет. Андай эмес! Арий элдери бүтүн ааламдык өнүгүүнүн спиралын ажыдаар катары кабылдашкан, мындан ааламдын спиралдык өнүгүүсүн түшүнгөн. Ааламдын эң түпкү баскычынан тартып Алла Таалага чейинки мейкиндиктерди өздөштүрүп түшүндүргөн даанышман бизде Ажыдаар деп аталган. Ажыдаар адам – үч ааламды бийлеп, өзүнүн ою менен дагы, аракети менен дагы идеал жана материал дүйнөлөрдү өздөштүргөн киши дегендикке жатат.

Эксперимент жашоо
Биз мактап аткан япондор 2-3 идеологияны синтездеп алган, ошон үчүн алар кийинки 1000 жылдын ичинде кордук көргөн жок, атүгүл, Чыңгызхандын жапырыктарынан аман-эсен кутулуп чыкты. Кээ бир мезгилдерде бүтүн Азияга бийлик кылууга умтулуп, экспансия жасашты. Ошондой эле миңдеген, миллиондогон жылдардан бери келаткан ак, сары, кара расалардын аралашмасынан турган Индия субконтинентиндеги элдер Кудайдан ажырабаган үчүн көчөдө жашаса деле ырын ырдап коюп, Жападан Жалгыз Жараткан Эгени мактап, трагедиясыз келатат. Ооба, көроокаттын түйшүгү болуп аткандыр, бирок, алардын жадында Кудайга болгон от жалбырттап турат. Ошон үчүн улуу Индия материги адамзат үчүн өзүнүн руханий агартуучулук миссиясын аткарып, Көк Асаба, Кызыл Туусун көтөрүп келе жатат. Кытай да куду ошондой эле. Кийинки 2000-жыл бою адамзат цивилизациясына аябай таасир эткен семит элдерин алып карай турган болсок, мисалы, еврейдин үйүнө барып көрчү, ал эч кандай бузукчулукту ойлонбойт, ал ошол жалгыз Кудайга болгон өзүнүн сезимдерин, тартибин жана еврей улутунун гүлдөшүн бардык кызыкчылыктан жогору коет да, улут үчүн, б.а. акыркы еврей үчүн өлүп кетүүгө даяр турат. А бизге демократия деген ат менен адам укугу ж.б. ушу сыяктуу шайтандын окуусун киргизип коюшуп, эл катары калса калып калаар, калбаса дүйнөлөштүрүү сапырыгында жоголуп кетээр деген ой менен чийкизаттын базасы катары карап турушат. Өздөрүндө өтпөй калган бузуку интеллекттин продукциясын бизге алып келип тыгып атат. Бизге тажрыйбалар жасалып атат акчанын күчү менен, ичтен жүргүзүлгөн ар кандай адамдын аң-сезимин буза турган ыкмалардын күчү менен. Азыр Путин, Медведев баш болгон чоң орус лидерлери ачык эле айтып атышат, жанагы Америка, Ватикан, Батыштын күчтөрү КМШны бузушу керек эле, чынында эле бузуп бүттү деп. Кыргызстан андан аябагандай жапа чекти. Орустардын КПСС партиясынын “Гласность” деген гезитинде Кыргызстан жаңылануу, андан кийинки өз алдынча болуу ураандарынын таасири менен 165 миллиард толук баалуу алтын менен камсыздалган рублга барабар Совет мезгилинде курулган дүйнө, мал-мүлкүнөн ажырап калган деп жазылып жүрөт. Бул будуң-чаң мезгилдин жакшы бир жагы – ыймансыздыктан ыймандуулукка бек туруп, атеизмден аздыр-көптүр кол үзө баштадык. Ал эми калганы аз-аздап жылыштап, ар кандай балалык оорулар менен коштолуп келатат. Улуттун айкын, ыйык окуусунун кыйрап калганынын натыйжасында биз ар кандай шүмшүк жана шумдук эксперименттер аркылуу жашап өтүшкө аргасыз болуп атабыз.

Кыргыз байлыгы
Кыргызда эчтеке жок дегенге мен таптакыр каршымын. Бизде мүмкүн нефть аз болгону менен бүтүн ааламга жете турган минералдар бар. Кен байлыктар толтура. Бизде асыл таштын куну жеткис базальт аскаларыбыз бар. Бизде бүтүн ааламды бага турган органикалык жер семирткичтер бар. Иштете албай атабыз. Ачыгын айтканда инвестиция тартып келе турган жакшы өкмөт болбой атат. Баарын качырып атышат. Өкмөт кыргыздын ар бирине аш-оокат, нан берип кое турган болсо эле кыргыз оппозиция да, позиция да болмок эмес, жөн эле Кыргызстандын атуулу болуп эле, ар кимиси өз ордунда өз ишин иштей бермек. Кайран Конфуций даанышман айткан, оппозиция, позиция, революция болбош үчүн караламандын курсагы ток болуш керек деп. Биздин өкмөт бирдекени билбей атат. Ошол миллиарддаган инвестицияларды түшүрүп кое турган болсо, анын 5-10 %на бүтүн чиновниктердин карды тоймок да. Казактардын Нурсултаны баш болуп ошо менен эле байып жатат го. Албетте, алар эсеп-чотту тактай алышпады. Инвестицияны алып туруп курулушка, ж.б. жумшап ийишти. Өздөрүнүн өндүрүшүн мыктап тикелей алган жок, ошон үчүн азыр биртике кыйналып турушат. Бирок, негизинен багыты туура, тыйын-тыпырды алып келиш керек да элдин курсагын тойгузуп, жаагын басыш керек. Ошого жарабай атпайбы биздикилер.

“Баран”, “жалкоо”, “майда” кыргыз
Орус империализми Борбордук Азияны толук багынтып, анын ичинде кыргыз менен казакты айрыкча басынтып, орусташуу процесси жүрүп, оторлоо гүлдөп баштаган мезгилде бизди бута атып ойной баштады. Байыркы улуу элди. Андан кийин СССР өкмөтү куралып, пролетариат диктатурасы орногондон кийин орус элин улуу эл кылуу саясаты жүрдү дагы ошол мезгилде биз СССРдеги майда улуттар менен кошо “тупой”, “баран” деңгээлге түшүп калдык. Ага өзүбүздүн “жаманга жата берсе, үйүнө айта барат” деген жалпаңдаган кыргызбайчылык саясатыбыз дагы өтө көп өбөлгө түздү. Биздин миңдеген жылдардан келаткан өзүбүздүн динибиз, дилибиз, тарыхый булактарыбыздан, мифологиябыздан, идеологиябыздан ажырап калууга аябагандай чоң себепчи болуп берди.

Чынында ар кандай эл биринчи иретте өзүнүн гүлдөшүн ойлойт. Орус теңата улуттар менен гана теңата сүйлөшөт. Америкалыктар да дал ошондой. Ал биринчи иретте АКШ деп аталган мамлекеттин, анда жашаган жарандардын гүлдөшү үчүн жүргүзөт бардык саясатын. Анан ошондон арткан-үрткөнү болсо берип коет. СССР мезгилинде деле ачык айтылбаганы менен титулдук эл орус эли болгон. Ал эми калган эл анын тегерегинде жабалактап турган кичи ини-сиңдилери катары эсептелинип, аягы келип туруп улуттук шовинизм, улуттук бөлүп-жаруучулук аркылуу “тупой”, “барандар” деңгээлине түшкөнбүз. Ал эми “эмне үчүн казактар өздөрүн бизден өйдө коюп, майда эл катары көрөт” деп сурап атасың. Эки биртууган деле бири-бирине өч болушат эмеспи. Казактын, өзбектин тууганы жана оппоненти болгонубузга сыймыктанышыбыз керек. Азыр акчабыз аз болуп атат. Бирок казак даанышмандары түбүндө бир эл экенибизди, башында ошол Кыргыз ата тургандыгын моюндашат. Анткени, биз да убагы келгенде казактарга жакшылык кылуу менен катар бизге басып келгенде катыгын берип туруп, аларды басынтып койгон учурларыбыз бар. Алар да аз экенине карабастан кыргыздар дайыма сабак берип коерун билишет, бизди атаандаш катары көрүшөт. Бирок, акча көбөйгөн заманда кутура түшүштү. Голощекиндин саясатынан 1932-жылдары Орто Жүз аябай катуу жапа чеккен. Орустар айласын кетире кубалап, 1,5 миллиондон ашык казак тентип, ач талаа, куу чөлдө сөөгү калган. Эми бул аларды кордоо эмес, таба эмес, тобо, кыргыз болгондон кийин биз аны билебиз. Жаман кыргыз ошондо деле колтугун ачкан, казактар 1958-59-жылдары кетишкен. Бизде кадимкидей байлары бай, бийлери бий болуп, кыргызга теңата тууган, эл болуп калышкан. Андан кийин 1954-56-жылдары Кытайдан агылып келишти. Казакты коелу, бизден алда канча алыс чечендерди деле жаман кабыл алганыбыз жок. 1944-жылы келип, мал-данга кол салып, эгин-тегинге кирип, талкалап, уурдап, эптеп жан сактап калышты. Жан сакташ керек, аны деле түшүнсө болот, бирок чечендер андан кийин кутуруп кетишти. 4-5 жыл аралыгында райондук деңгээлдеги башкарууга чыгып, кыргыздарды тоотпой, сакляларында ырдап, чоордоп бизди теңсинбей баштаганда кыргыздар ар бир айылдагы чечендин катыгын берип, сабап коюшкан, эстерине келтирип. Ошондон кийин чечендер тынчыраак болуп калды. Чечендердин жакшы сапаттарын да көрдүк биз. Бирдиктүү экенин көрдүк. Саясый амнистия болгондон кийин кетишти өз жерлерине.

Кыргыз бардык эле элге, анын улуу-кичүүсүнө карабай бешенесинен бир сылап койгонго жараган эл.

Жазып алган Салтанат КЫДЫРМАЕВА
«К
өк асаба» («Кыргыз гезиттер айылы»), 21.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.