Кулатуу – кыргызча кармашуу оюну

Бишкекте кулатуу боюнча Кыргызстандын 17-чемпионаты өткөрүлдү. Бул спортко чет өлкөлүктөр кызыгып, жайында Канадада өтө турган эл аралык мелдешке чакырып жатышат.

Бишкекте19-апрелде кечинде кулатуу күрөшү боюнча Кыргызстандын 17-чемпионаты жыйынтыкталды. Мында Ош, Жалалабат, Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Чүй облусттарынын, Бишкек шаарынын жүздөн ашык балбаны күч сынашты.

Жалпы командалык биринчиликти Кыргыз дене тарбия академиясынын командасы ээледи. Кыргыз дене тарбия академиясынын өкүлдөрү Адил Садабаев,  Рустам Капалов, Бекдайыр Төлөков жана Бакыт Кадыров өлкө чемпиону аталып, жеңиштин бийик сересине көтөрүлүштү.

80 кг салмактын баш байгеси үчүн финалдык таймашууда Бекдайыр Төлөков менен Марлис Чалабаев ит жыгылыш болуп, тең чыгып, кошумча убакытта Бекдайыр упайдын айырмасы менен утса да атаандашы чырдап килемден кетпей дүрбөлөң салды.

“-Былтыр да финалда калыстардын айынан чемпион болбой калгам, быйыл дагы атаандашыма калыстар тартып койгонуна нааразымын,“- дейт Марлис Чалабаев.

Ал эми Бекдайыр Төлөковдун пикиринде мелдеш калыс өтүп, буга күйөрмандар дагы күбө болушту.

Башка салмактарда бишкектик Туратбек Сулайман уулу, Куштар Шермамат уулу, Садырбек Өмүралы уулу жана Сейитбек Мамытов жеңишке жетишти.

Ал эми кыздардын таймашында бишкектик Ханзаада Таалайбек кызы, Яна Лешко, караколдук Эркеш Көкөева, Гүлзада Мусабаева жана Элнура Ажыбекова айырмаланып, баш байгенин ээлери болушту.

Кулатуу күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпиондугун төрт ирет катары менен жеңген караколдук Эркеш Көкөеванын айтымында дзю-до, самбо күрөшүнөн да кызыктуу бул спортко өкмөт, жергиликтүү жетекчилер анча көңүл бурулбай келгени өкүндүрөт.

Өлкөнүн дене тарбия, спорт жана жаштар саясаты жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агентиги жылына бир мелдеш үчүн гана каражат бөлөт. Кулатуу күрөшүнүн эрежелерин, ыкмаларын баяндаган методикалык китеп каражаттын жоктугунан алты-жети жылдан бери чыкпай турат.

Машыктыруучулардын адистигин жогорулатуу боюнча семинар кеңешмелер 4-5 жылдан бери өткөрүлө элек. Эл аралык мелдештерди уюштурууга демөөрчүлөр табылбай улам кийинкиге калтырылып келүүдө.

Кулатуу федерациясынын вице-президенти Адамалы Осмоналиевдин айтымында спорттун бул түрү эл аралык аренага да таанылап, Канадада июнь айында өтө турган эл аралык мелдешке чакыруу алышты.

Казакстанда, Өзбекстанда жана Тажикстанда кулатуу секциялары иштеп жатат. Астанада ар жыл сайын өткөрүлүп жаткан чыгыш өнөрү фестивалына да кулатуу күрөшүнүн балбандары катышууда. Кулатуунун эрежелерине да өзгөртүүлөрдү киргизип толуктап жатабыз. Кулатуудагы түртүшүү, жылаан, найза, калтек ыкмаларына панкратион спорт түрүн да айкалыштырып, эр таймаш түрү боюнча мелдеш өткөрүп жатабыз. Быйылкы чемпионаттын жеңүүчүлөрүнөн тандап туруп, жайында Канадада өтө турган эл аралык турнирге катышабыз.

Кулатуу-кыргыз элинин күрөш, кармаш оюну. Кулатуу күрөшүнүн башка чыгыш оюндары сыяктуу эле айырмаланган өз эрежелери, ыкмалары бар. Бул күрөштүн максаты – кыргыз жаштарын күрөштүн ушул түрүнө үйрөтүү менен алардын ден соолугун, ички рухий дүйнөсүн, адамкерчилигинин таза болушуна жетишүү.

Бул спорт кыргыз элинин жашоо шартына, адеп-ахлагына, өзгөчөлүгүнө жараша иштелип чыккан. Кулатуу күрөшүнүн негиздөөчүсү-физика-математика илимдеринин кандидаты, кылыч чабышуу боюнча СССР спорт чебери, каратэ-до боюнча кара кур ээси Темир Турусбеков. Ал Кыргызстандын Кулатуу федерациясынын президенти да болуп саналат.

Кыргыз жергесинин аймактарындагы айрым спорт мектептеринде кулатуу ийримдери иштеп жатат. Ар жыл сайын облусттарда мыктыларды иргеп алуучу мелдештер өткөрүлүп турат. Мындай мелдеш май айында Караколдо өткөрүлөт.

Кабыл Макеш, «Азаттык» радиосу, 20.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.