Нурак Абдрахманов: «Билгенимди тигил дүйнөгө алып кетким келбейт»

Кыргыздын фольклорун дүйнөгө тааныткан, өмүр бою комузду колунан түшүрбөгөн айтылуу комузчу Нурак АБДРАХМАНОВ менен маек курдук. Маектешим жакында эле инсульт болуп ооруп, денсоолугу эми гана оңоло баштаптыр. Бир жак капталым жакшы кыймылдабайт дейт. Нурак аганын чыгармачылык жолу менен катар арманын да уктук.

Илбирс тон, алтын кол саат

– Нарындын Акталаа районундагы Тоголок Молдонун айылынанмын. Чыгармачылык жолум атамдан башталган десе болот. Совет өкмөтү жаңы орноп, бай-манаптарды кулакка тартабыз дешкенде атам Соң-Көлдүн адам барбаган чытырман токойлуу жерлерине качып кеткен экен. Бир-эки жылдан кийин тоонун боорун оюп, үңкүр казып, жер там жасап, үйбүлөсүн көчүрүп барыптыр. Улуу ага-эжелерим ошол жакта чоңоюшкан. Мен төрөлгөндө кичине түзөңүрөөк жерге түшүп, карагайдан там салып алышкан. Ошондон улам ал жерде биздин үйдөн бөлөк түтүн жок, менден бөлөк бала жок, атам менен ойночумун. Атам болсо эртеден-кечке кийик уулап, бизди бакчу. Кийиктен келгенден кийин анын эрмеги мен болчумун. Арчадан комуз чаап, комуз чертчү. Мен эс тарта баштаганда алдына отургузуп алып комузду черттирчү. Кээде комуздун башын тиштетип коюп, көпкө чейин чертип, алектенип атчу. Көрсө, ал комузду абдан баалаган адам экен.Кийин мен чоң комузчулардын күүлөрүн черте баштаганда сакалынан ылдый жаш куюлуп турар эле. Ушундай акылы күчтүү, чоң эле киши комуздун кылдарынын кылдыраганына эмнеге ыйлайт деп акылым жетчү эмес. Алты жашымда комуз чертип, той-тамашага атамды ээрчип жүрдүм. Айылга мен 1-класска барган мезгилде гана аралаштык. Ошондо гана айыл эмне экенин, эл-журт кандай болорун түшүндүм. Атам илбирстин терисинен тон, башыма тебетей тигип кийгизип мектепке жөнөткөнү эсимде. Ал кезде тоодо кайдагы чүпүрөк эле. Башка балдар чүпүрөктөн кийим кийип жүрүшсө, мен аларга суктанып, өзүмдүн кийген кийимдерим көзүмө өөн учурап, корунар элем. Бирок, ошентсе да комуз черткенимдин аркасынан мектептеги көпчүлүктүн оозуна бат алынып, 2-класстан баштап сахнага чыгып жүрдүм. 1962-жылы 14-15 ке чыгып калган мезгилимде чыгармачылык сынакка катышып, адегенде райондон, андан кийин облустан жеңишке жетишип, кайра республикалык сынакта Ы.Тумановдун «Жеңиш» деген күүсүн чертип диплом, алтын кол саат менен сыйланып, биринчиликти алдым.

Талант болбосо, билим жетишпейт

Кийинчерээк аккордеон, гитара, мандалинди черткенди үйрөндүм. Мектепти аяктаган мезгилде айылдагы клубга жетекчи керек деп Токмоктогу маданий агартуу техникумуна жиберишти. Техникумду аяктап келип, айылдагы клубду жетектедим. «Улгайган ата-энемди багам» деп окуумду андан ары уланткан жокмун. Казактын Асия Мукамбетова деген академиги менин чыгармачылыгым менен таанышып, экөөбүз көп пикирлешчүбүз. Бир жолу четтен келгендер менден «кайсыл музыкалык окуу жайдан билим алдың эле?» деп сурап атышпайбы, менде билим жок десем, Асия Мукамбетова: «Эгерде бизге окшоп билим алсаңыз, эч нерсе билбей калмаксыз. Билим албай түз үйрөнгөндүктөн ушундай бийиктикке чыктыңыз» деп айткан. Ошондон улам канчалык билим алсаң да Кудай берген талант болбосо, эч нерсеге жетише албайт экенсиң деген ойго келдим.

Комуз мени көкөлөттү

2001-жылы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк салттуу музыка боюнча сынагы болду. ЮНЕСКОнун атайын байгесин утуп, «Салттуу музыканын устаты» деген сертификатын жана төрт миң доллар жеңип алдым. Сынакка катышкандардын чыгармаларын беш мүнөттөн эле угушса, менин концертим башталарда ошол жердегилер кино-видеоаппараттарын, фотоаппараттарын, диктофондорун даярдап калышты. Мага чейин ырдагандарга анчалык көңүл бурулбагандыктан, булар мени күтүп атышкан экен деп ойлодум. Дүйнөнүн 34 мамлекетинин ичинен утушка ээ болдум. Мындай жерлерге Кыргызстандан көп эле адамдар катышып келатышат. Бирок, мендей болуп дүйнөнүн өнөрпоздорунан озунуп чыгып, байге алып, утуп келгендер али жок. Италияда да ушул сыяктуу сынак болуп,төрт-беш шакиртим менен концерт берип жүргөнбүз. Төрт жигит биздин концертке дайыма келип, концерт бүткөндө гүл берип, куттуктап, колдорумду кармалап, «фантастик, грация» дешет. Жанымдагы котормочудан булар эмнеге эле фантастик, грация деп атышат деп сурасам, ал: «Биз Италиядагы атактуу гитаристтербиз. Бүт дүйнөдөгү гитаристтердин баарын билебиз.Бирок, сиздин искусствоңуздун жанында биздин өнөрүбүз эч нерсеге арзыбай калды. Сизден бир нерсе үйрөнөбүзбү деп күнүгө келип жүрөбүз» деди. Негизи дүйнөнүн ар кайсы жактарына көбүнчө жалгыз чакырышат. Көпчүлүк сынактарда катышуучуларга жыйырма минута гана убакыт бөлүнүп берилет. Айрымдарынан он киши, кээ биринен беш киши келип ошол жыйырма минутту толтурушат. А мен манас айтам, темир комуз кагам, күүлөрдү чертем, так теке ойнотом, ырдайм, ошолордун баарын ирээти менен көрсөткүчө жыйырма минута өтөт. Фестивалга чакыргандар бүт чыгымды моюндарына алышат. Мисалы, Франциядан фестивалга чакыруу келгенде жол билбейм, адашып кетем деп баш тарткам. Бирок, Франциядан атайын киши жиберип, үйдөн алып кетишкен. Дүйнөнүн кандай гана сынактарына, фестивалдарына барбайын ошол жердин ханзадасы болуп калам.

Көрмөксөн өкмөт, чала нота

Тилекке каршы, акыркы мезгилде биздин өнөрүбүз өксүп баратат. Мен көргөн устаттар, күүнүн сырларын жакшы билгендердин баары өтүп кетти. Ошолордон үйрөнгөндөрүмдү кийинки муунга калтырсамбы дейм. Негизи өкмөт фольклорго анча көңүл бөлбөйт.Кыргыздын салттуу музыкасын дүйнөгө менден көп даңазалаган адам болгон жок. Ушул ийгиликтерди өкмөт көрсө да көрмөксөн, билсе билмексен болгону кейитет. Эмдигиче «Эл артисти» наамын алалекмин. Буга эл да нааразы болот. Кээде концерттерге чыкканда алпаруучулар айтпагыла дегениме болбой «Эл артисти» деп кулактандырып коюшат. Мына, он беш жылдан бери фольклор жаатындагы артисттерге «Эл артисти» наамы берилелек. Бизди дүйнөгө тааныткан эң негизги өнөрүбүз – бул комуз. Бир кезде биздин окумуштуулар комуз деген бул примитив, жоголуп бараткан фольклор деп айтышкан эле. Мүмкүн ошондон уламбы, айтор өкмөт анча көңүл бурбай келет. Консерваториядагы комузчуларга да жакшы шарт түзүлүп, аларга атайын окуу куралдары чыгарылып, көңүл бурулганын көргөн жокпуз. Буга чейинки комуз тууралуу жазылган окуу куралдарынын бардыгы эскирди. Китептин авторлору үйрөткөнгө оңой болуш үчүн өтө жөнөкөйлөтүп, примитивдүү жазып коюшкан. Анүстүнө комуздун штрихтери абдан татаал. Дүйнөдөгү бардык музыкалык аспаптар бир эле күүлөнүш менен чертилет. Ал эми комуз18 түрлүү күүлөнүп, которулат. Демек, биздин комуз он сегиз түрлүү аспапка барабар. Башка аспаптарга караганда 18 эсе бийик деңгээлге көтөрүлгөн аспап десе болот. Четелдиктер түшүнүп, сыйлап, бизге байге берип, кадырлап, улам бир жерге чакыруу жиберип атышат.Бирок, ошол нерселерди нотага таасын түшүрүп жазылган окуу куралдар жок. Жанагыдай чала жазылган окуу куралдары менен комуз ойногон кезде түпнускага окшобой калат. Ошол себептен Роза Аманова деген ырчы кызыбыз консерваторияны бүтүп атканда: «Консерваториянын комуз классын бүтүп атам, бирок, сиздин черткениңиздей даамына чыгарып черткен эч ким жок. Сизден үйрөнөлү, мектеп ачыңыз» дегенинен бир жылдары мектеп да ачканбыз. Бир нече балдарды комузга үйрөтүп, күүлөрдү черттирип жүрдүк. Мен билген нерсе мени менен тигил дүйнөгө кетсе, эч ким билбей калат. Чала иштелген ноталар менен калса, обондун акыры ошо бойдон калат. Анан комуздун кандай чертилип атканы билинбей калса, өмүр бою өксүк болот. Ушуларды мен кантип шакирттерге үйрөтөм деп көптөн бери кыялымда жүргөн «Устат-шакирт» деген мектеп ачып үйрөтүп атам.

Эстелик

«Устат-шакирттин» ачылганына беш жыл болду. Комуз үйрөнөт элек деп келгендердин саны көп, араба тарткандар аз.Татаал нерселерди үйрөтүү, кабыл алуу, сиңирүү татаал. Учурда комуз күүлөрүн нотага түшүрүү аракетин жасап атабыз. Мастура Бердибекова деген музыкалык сабаты жогору, өмүр бою комуз менен алектенип келаткан кыздын артыкчылыгы менен китеп даярдадык. Ал нотага түшүрүлгөн текстти комуз менен китеп окугандай окуйт экен. Кыйшык жерин кыйшык, түз жерин түз. Экөөлөп комуз күүсүн нотага түшүрүп, бир китепти даярдадык. Буга чейинки жазылган окуу куралдарына элдин баары нааразы болчу эле, биз жазган китепти студенттердин баары окушат деп ойлойм. Жакында жарыкка чыгат.

Мас орус, кейиткен наам

1993-жылы ЮНЕСКОнун жыйыны Бишкекте өтүп,биз концерт коюп калдык. Сахнада ырдап атсам, ары жактан бир орус «Браво!» деп кыйкырып секирип атты. Ушундай жерге да масты киргизеби деп нааразы болуп аттым. Чечинип аткан жерге алиги мас кирип келип, мени басып жыгылып, өпкүлөп кирсе болобу. Мен түртсөм да болбойт. Аркасынан бир орус бала жүгүрүп келип, «чочубаңыз, бул Американын белгилүү скрипачы Михаил Палаш болот.Скрипка боюнча дүйнөнүн биринчилигин утуп алган. Бул сиздин өнөрүңүзгө ушунчалык толкунданып атат» деди. Анан мен кайра аны кучактап өптүм. Бири-бирибизден колтамга алыштык. Ошол айтты, «жакында бүт дүйнөнү кыргыздын комуз музыкасы капташ керек. Дүйнөгө жаңы сенсация жасай турган өнөр бул кыргыз музыкасы» деди. Дүйнөнүн биринчилигин утуп алган кыйындар биздин музыкабыздын бийиктигин дароо эле түшүнүшөт. Ал эми биздин чиновниктер жакшы түшүнбөгөндөн улам таштандыга айлана баштадык. Комуз, чоор, ооз комуз чертип, айтор улуттук аспаптарда ойногон адамдарга ыракмат айтып, көңүл бөлгөн эч ким жок. Фольклор жаатына аралашып, кыргыздын улуттук аспаптары менен дүйнөнү кыдырып, биздин желегибизди көтөрүп жүргөн ырчы эжекебиз бир жолу маданият күндөрүндө «бизге эмне үчүн «Эл артисти» наамы берилбейт?» деп сураса, ошол жердеги чиновниктер баш болуп, залдагылар бүт шылдыңдап күлүшкөн. Ошондон кийин айткандан да тартынып, кейип калдык.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА, «Агым», («Кыргыз гезиттер айылы»), 1.05.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.