Кыргыз эл акыны Жалил Садыков: «Бир кайрылып келе кет…»

Акын Жалил агайыбыз кечээ жакында Интеллектуалдык менчиктин бүтдүйнөлүк уюмунун Алтын медалы менен сыйланды. Май майрамдарын утурлап, кабарчыбыз сыйлык ээси менен чакан маек курду.

– Жалил агай, үй телефонуңуз өзгөрүлүп кеткен турбайбы, сураштырып атып таптык.

– Башка аялынын үйүндө экен дейсиңерби? Азыр акын- жазуучулардын көбү эле экинчи аял алышты. Менин бир эле байбичем бар, ал – Сабира эжеңер. (Күлүп: тамаша).

– Жакында сизге Интеллектуалдык менчиктин бүтдүйнөлүк уюмунун Алтын медалы ыйгарылды. Сыйлыгыңызга куттук айтып коелу дедик…

– Рахмат. Менин эмгегимди баалап койгон Кыргызпатент уюмунун комиссия мүчөлөрүнө, Кыргызпатенттин жаңы, жаш жетекчиси Улан Мелисбекке сиздердин гезит аркылуу ыраазылыгымды билдире кетейин. Ноокастап калганыман сыйлыкты алууга өзүм бара албай, Сабира эжеңер барды. Барсын. Анын да эмгеги бар эмеспи. Жазсам кагаз-калемимди, тамак-ашымды, дары-дармегимди белендеп, ар дайым жанымда. Сабира эжеңерге жаш кездерде далай ырларды арнадым эле, карыганда андан бетер эле ыр арнагың келип, байбичең баарынан ысык көрүнүп калат экен.

– Ден-соолугуңуз жакшы болуп калдыбы?

– Казактын бир акыны ооруп калганынан «Кантип атасың?» деп сурашса «Ооруп-сыктап аман-эсен жүрөбүз» деп жооп берген турбайбы, анын сыңарындай «ооруп- сыктап аман-эсен жүрөбүз».

– Сизди көргөнү, кобурашып олтурганы кимдер келип жатышат?

– Жакшы санаалаштар, жакшы мамиледеги акын- жазуучулар келип турушат. Келе албагандары телефон аркылуу ал-абалды сурап калышат.

– Жаңы ыр жазып, китеп окуп жатасызбы?

– Буюрса. Баш көтөрсөм иштеп калабыз. Ыр жазып калам. Ал эми китептен Куран китепти эле окуп жатам.

– Жаңы ырларыңыздан окуп бербейсизби?

– Мейли. Сабира эжең окуп берсин. (Ыр окулат)

– Рахмат. Сабира эже, алдыда, май майрамдары келатат. Агай мамлекеттин гимнинин да авторлорунун бири да, гимнди сиз ырдай аласызбы?

– Гимнди ырдай алам. Ал тургай гимндин сөзүн машинкага мен басып берген болчумун. Байкеңер комуз, мандалин чертет. Жашыраак кезде ар кыл ырларды үйдө заңкылдап ырдап эле жатчубуз. Уулдарыбыз Улан, Канат, кызыбыз Жыпара да жакшы ырдайт. Коңшулар эртеси эртең менен «Сиздердикине түндө мейман келдиби?» деп эле сурап атышчу. Мейман келбесе деле, өзүбүз ырдай берчүбүз. Азыр эми анчалык ырдабай калдык.

Байкең экөөбүз нөшөрлөп төккөн бул жамгырды терезеден карап, ысык чайдан ууртап коюп үйдө олтурабыз…

Жалил агайдын жаңы ыры 

Бир кайрылып келе кет

Күн чыкканда карагын
Күндүн чыккан тарабын.
Аппак тоолор байкайсың
Алтын болуп калаарын.Анан кайра карагын
Айдын баткан тарабын.
Аппак тоолор байкайсың
Алмаз болуп калаарын.

Ошол чакта карагын
Ысык- Көлдүн абалын.
Шарт- шарт этип тарыхтын
Ачып жатат барагын…

Мезгил өтүп зымырап
Түндө чыксаң бир убак.
Көк бетинде жылдыздар
Каухар болуп кубулат…

Ай шооласын себелеп
Айтып бүткүс керемет.
Чокуларды, булуттар
Чокмороктойт тебелеп…

«Жериң кандай эле?» деп
Суроо берип не керек?
Билгиң келсе бул жакка
Бир кайрылып келе кет.

 

Маектешкен Айгүл Бакеева

«Аалам», («Кыргыз гезиттер айылы»), 30.04.2009-ж

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.