Кыргыз Эл артисти, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Сейитказы Андабековдун чыгармачылык концерти өткөрүлдү

seikaazi-andabekov-3Кыргыз Эл артисттери, таланттуу жубайлар Сейитказы Андабеков менен Койсун Карасартованын басып өткөн чыгармачылык жолу чагылдырылган концертти Нарын облустук М.Ырыскулов атындагы академиялык драма театрынын жамааты «эсен болуп эстейли, Сепемден алыс кетпейли» деген аталышта Улуу Жениш күнүндө өткөрүштү. Концерттин башталышында Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, быйыл 85 жашка таяган Сейитказы Андабеков өнөрүнөн бир чырпым үзүндүнү көрүүчүлөргө тартуулады. Концерт учурунда атактуу жубайлардын ар кыл жаш курагындагы аткарган тарыхый чыгармаларынын тасмасы көрсөтүлүп турду. Кадырман карыга театрдын кесиптик кошунунун атынан акчалай сыйлык ыроолонду. Көрүүчүлөрдүн дээрлик 80 пайызын мектеп окуучулар жана жаштар түздү.

Күмөндөр Усуптегин, «Naryn.KG», 09.05.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.