Чубак Сатаевдин ырлары кыргыз-казак элинин “алтын көпүрөсү”

Кыргыздын таланттуу уулу, кыргыз ыр дүйнөсүнүн сыймыгы аталган алтын үндүү Чубак Сатаев тирүү болгондо быйыл 51 жашка толмок. Аттиң дүйнө!.. 33 жаш курагында оорунун торуна чалынып, дүйнө салып кете берди. А бирок, аз өмүрүндө атпай-журтка зор эмгек жумшап, ыр сүйүүчүлөрдүн кумирине айланды. Чубак Сатаевдин жашоосун дайыма үч саны коштоп жүрөөрүн анын замандаштары жана жакындары айтып келет. 3 уулдуу болуп, 33 обон жаратып, 33 жашында дүйнө салды. Ал эми бүгүнкү күнү тун уулу Кубаныч Сатаев келинчеги Кундуз Авашова менен “Чубак Сатаев кечээ жана бүгүн” деген аталыштагы эскерүү кечесин атайын 13-сентябрда өткөрүштү. Бул кеченин коноктору Чубак аганын замандаштары, сахналаш достору жана аны кумир туткан жаш ырчылар болушту. Чубак Сатаевдин ырларын бир гана кыргыз эли эмес, казак боордоштор дагы аткарып жүрүшөт. Эскерүү кечесине Астана шаарынан атайын “МузАрт” жана “Арна” эстрадалык топтору келишти. Автордун “Сыйлай жүр”, “Арман ай” аттуу ырлары кыргыз-казак элинин алтын көпүрөсүнө айланып, эки элдин ынтымагын, биримдигин бекемдеп тургандай.

Кубаныч Сатаев, Чубак Сатаевдин уулу уулу:
“Атамдын кадыр-баркы башкача эле…”

– Атаңызды эскерүү сиз үчүн оңой болбосо керек?
– Албетте, улуу адамдын эскерүү кечесин өткөрүү моюнумдагы чоң милдет эле. Кудайдын колдоосу, жакындарымдын, жердештеримдин, демөөрчүлөрдүн жардамы менен бул иш-чараны өткөрүп алдык. Жеке концертиңди өзүң каалагандай өткөрүп алсаң болот. Ал эми атамдын кыргыз эли алдындагы кадыр-баркы, бийик даражасы жогорку болгондуктан, эскерүү кечени эптеп-септеп өткөрүп коюу мүмкүн эмес эле. Себеби Чубак Сатаевдин талантын, эл арасындагы кадыр-баркын күйөрмандары, замандаштары башкача кабыл алышчу. Ошондуктан эскерүү кечени жогорку деңгээлде өткөргөнгө колубуздан келген аракетти жумшадык. Кудай буюрса, кечеден кийинки элдин ою, айтылган кеп-кеңештери, пикирлер жакшы болууда. Мындан ары да Чубак Сатаев атындагы фонд өз ишин улантып, Чубак Сатаев атындагы сыйлыкты жаш таланттарга, татыктуу ырчыларга тапшыра бермекчи.

Кундуз Авашова, келини:
“Чубак Сатаев атындагы сыйлыкты татыктуу тапшырдык”

Кундуз айым, эскерүү кечеси канча жылдан бери өткөрүлүп келатат?
– Атабыздын эскерүү кечелери буга чейин дагы бир туугандарынын, жердештеринин уюштуруусу менен бирде кичи мекенинде, бирде борбордо өткөрүлүп келген. Ал эми быйыл өзгөчө өттү десек жаңылышпайм, себеби жайында уулу Кубаныч Чубак Сатаев атындагы фонд ачып, ал фонддун алгачкы иш-чарасы “Чубак Сатаев кечээ жана бүгүн” аттуу эскерүү кечесинин уюшулганы болду.

– Чубак Сатаев атындагы сыйлыкты ырчы Султан Садыралиевге жана казак эстрада тобу “МузАртка” тапшырдыңыздар. Башкалар таарынган жокпу?
– Туура, андай таарынычтар болот экен. Бирок биз фонддун жалпы жамаатынын кеңеши менен автордун ырларын мыкты деңгээлде аткарып жүргөн Султан Садыралиев менен “Музарт” тобуна атабыздын сүрөтү түшүрүлгөн статуетка жана диплом ыйгарууну туура көрдүк. Бул жерде өз кишилерге тартуу, тааныш-билемдик болгон жок. Эл өзү күбө болгондой, чындыгында сыйлык ээлери бул сыйлыкты таттыктуу алышты. Кудай буюрса, кийинки жылы да бул иш-чара уланат, ошондуктан башка ырчылар аталган сыйлык менен сыйлана турган күндөрү алдыда. Биздин фонддун дагы бир максаты – жаштарга стимул берүү, жаштарды колдоо болгондуктан, мындан ары да жакшы долбоорлорду иш жүзүнө ашырабыз.

Даярдаган Мирлан Алымбаев, “Фабула” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 16.09.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.