Боз үй тиккенди билесизби?

article_2289Кыргыз элин чынында боз үйсүз элестетүү кыйын. Боз үй учурда шаар жеринде эмес, жадакалса айылда да сейрек колдонула баштады. Ошондон улам биз бүгүн боз үйдүн жабуулары, тигилиши жөнүндө кийинки муунга маалымат берүүнү туура таптык.

Боз үй негизинен жыгач, кийиз, чий, боолордон турат.

Жыгачтары
Жыгачтарына – түндүк, уук, кереге, босого таяк, каалга жана бакан кирет. Буларды жасоодо эчки тал, турпан тал, жаш карагай, кара жыгач керектелет. Жыгачка деп кыйылчу дарактар жазында кыйылып, күнгө эмес, көлөкө жерде кургатылат.

Кереге – боз үйдүн уук бекитилүүчү жыгач жасалгасы. Кереге 4төн 12 канатка чейин болот. Керегенин ар бир канаты узунунан 18-20, туурасынан 6-10 көздүү. Ар бир уук керегенин ачаларына байланат. Ачакейлери керегенин башы, төмөнкү бөлүгү, керегенин аягы деп аталат.
Түндүк – боз үйдүн төбөсүндөгү жарык кирүүчү жана түтүн чыгуучу тегерек жыгач. Мыкты түндүкчүлөр түндүктү кара жыгачтан жасашат. Анткени кара жыгач катуу келип, кийин ийилиши кыйын болуп көпкө чыдайт. Түндүк көзөнөгүнүн аралыгы 4 сантиметрден болот.
Бакан – үй тиричилигинде, айрыкча, боз үй тигүүдө колдонулуучу жоондугу билектей, узундугу 3-5 метрдей, бир учу ачакей таяк. Ал боз үйдүн түндүгүн көтөрүүдө, түндүк жабууну ачып-жабууда, эшик боону түндүктөн өткөрүүдө колдонулат.
Уук – түндүк менен керегени бириктирүүчү жыгачтар. Уук көбүнчө талдан, жаш карагайдан жасалат. Уук жасалуучу талды бүрдөй электе кыйып алып, баш-аягын тегиздейт. Анын узундугу болжол менен 2,5-3 метр, диаметри 2,5-3см. Бир боз үйгө болжол менен 40-100 уук керектелет.
Босого – боз үйдүн эшигинин эки жагында жазылыгы 8-15 см, калыңдыгы 4-6 см, бийиктиги кереге менен тең эки босого таяк.

Кийиздери

Боз үйдүн кийиздерине үзүк, туурдук, түндүк жабуу, эшик жабуу кирет. Чийге канат чий, чыгдан, эшик кирет.
Үзүк – боз үйдүн ууктарынын үстүнөн жабылуучу калың кийиз. Алдыңкы жана арткы үзүк деп бөлүнөт. Үзүк койдун күзгү кылчык жүнүнөн жасалса бышык болот. Аягынын узундугу болжол менен 7,5-8,5 метр, башыныкы 2-2,5 метр.
Туурдук – үзүктөн жукараак болгон боз үйдүн кереге жабуусу. Туурасы 2-2,5 метрдей, узундугу 4,5-5,5 метрдей үйгө 4-5, жети, тогуз канат үйгө 6-7 туурдук жабылат. Туурдуктун жээги кара-ак, кээде кызыл-ак жиптер менен аралаш жээктелет. Койдун жүнүнөн жасалган жээк суу тийгенде кирип, туурдуктун жээги бырышып калгандыктан, айрым жерлерде топоздун жүнүнөн эшилген жип менен жээктелет.
Түндүк жабуу – боз үйдүн түндүгүн жабуучу кийиз. Ал калыңыраак кийизден түндүктүн чоңдугуна жараша (болжол менен узуну да, туурасы да 2 метр) төрт бурч кесилип, жээги оң-сол эшилген жиптер менен жээктелет. Анын төрт бурчуна тагылган төрт боонун үчөө кырчоого байланып, эшик жактагы жиби түндүктү ачып-жабуу үчүн бош калтырылат. Түндүк жабуу жайында жаан-чачындан, кышында кардан сактайт.
Чий – август айынын экинчи жарымында бышат. Аны жумшак кезинде белге салып жулуп, боолап, көлөкөдө кургатат. Согор алдында кабыгын аарчып, баш-аягын тегиздейт. Ал боз үйгө жылан, ит, мышыктын кирип кетишинен коргойт.

Боо-чуулары

Боз үйдүн боо-чууларын жүнгө кыл кошуп колго эшип, жибин ийрип өрмөктө согуп даярдайт.
Бел кырчоо – боз үйдүн туурдугун белинен тегерете курчаган узун жип.
Жабык баш боо – боз үйдүн жабык башынын кереге менен уукка байлануучу жуп боосу.
Жел боо (түндүк боо) – түндүктүн эки жагына тагылуучу терме боо. Түндүк көтөрүүдө аны түндүк бакан менен кошо кармайт, көбүнчө уук, керегеге кыстарып коёт.
Эшик боо – түндүктөн арта салынып, босогого байланат.
Саканак таңгыч – жайылган керегелердин бири-бирине ашталган саканактарын бириктирип бекитүүчү сызма.
Уук тизгич – боо-чуунун эң ичкеси. Сайылган ууктар жылып кетпеш үчүн кыркалай имериле оролот.

Боз үйдүн тигилиши

Боз үй тигерде түз жер тандалууга тийиш. Алгач керегелер жайылып, бири-бирине ашталып, эшме жип менен таңгыч аркылуу арчындалып, бекем тартылат. Керегелердин бир жагы босого таякка бекитилет. Керегелер бири-бирине ашталып, бекитилген жерлерге казык кагылат. Канча кереге болсо, ошончо казык кагылуусу абзел. Канат керегелер тегерете жайылгандан кийин, түндүктү так ортосундагы чамгарагынан бакан менен үйдүн ортосуна туруп, бир адам көтөрөт. Алгач түндүктүн төрт жагынан төрт уук, андан соң ар кай жеринен ууктар сайылат. Ууктар сайылып, уук боолор кереге баштарына байлангандан кийин, түндүктү ошол ууктар көтөрүп калат. Ууктун учтары түндүктүн көзчөлөрүнө буралып, имериле сайылса жакшы отурат.
Боз үйдүн жыгачы турган соң уук тизгич чалынып, кереге таңгыч керегенин белинен жүгүртүлүп, эшик таякка курчай чымырата таңылат. Андан соң чий керегеге курчалат. Үйдүн туурдуктары канат чий сыяктуу эле керегеге жабылат. Эшик жабуу жабылган соң үзүк жабылууга тийиш. Түндүк жабуунун 4 боосунун бирөө артына, экөө эки капталындагы бел кырчоого байланат. Алдыңкы жиби ачып-жабуу үчүн бош калтырылат.
Ата-бабаларыбыз жашап келген боз үйдү кастарлоо ар бир кыргыз баласынын милдети экенин унутпашыбыз керек.

Сүйүн Кулматова, “Супер Инфо” гезити, 24-30.07.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.