Боз үй – ааламдын жана адамдын кѳрүнүшү

boz_ui12345Алай районунун Гүлчѳ айылынын тургуну Патила БЕКЕТАЕВА 15 жылдан ашуун убакыттан бери боз үй сырын чечмелеп келет. Союз маалында бухгалтер болуп иштеген Патила айым кыргыздын сѳздѳрүнѳ,  макал-лакаптарына ой жүгүртүп,  адамдын ѳзгѳрүүсүн, ѳсүүсүн, жашоодогу ак-караны, оң-солду, аял-эркек, жакшы-жаман деген нерселерди чечмелеп жүргѳндѳ, боз үйдүн сырлары ага кѳкүрѳк-туюм менен келе баштаган.

Анын айтуусунда, кыргыздар Күн, Ай, Жер, Планета, Жылдыз, Адам сырларын боз үйгѳ камтышып, тѳрт канаты, 40 уугу, 12 чамгарагы, босогосу, түндүгү  аркылуу Ааламдын сырын чечмелеп турушкан. Мындайча айтканда, Боз үйдүн сыры астрология жагынан кѳбүрѳѳк чечилет экен.

«Боз үйдүн сырларын түшүнгѳн адамдарга айтып берүү менин ички дүйнѳмѳ жеңилдик берет. Кудай берген нерсени элге жеткизишим керек, боз үйдү чечмелеп ой толгогон адам сабырдуулукка, ыймандуулукка келе алат.

Аалам  ѳзү  оң-солдон туруп, дүйнѳ курулуп, ѳнүп-ѳсүп келе жатат. Боз үй да оң жана  солго  бѳлүнѳт эмеспи.  Боз үйдѳ биздин ата-бабаларыбыз жашап эле келбестен, табийгаттын табышмактарын жандырып кылым карытышкан.

Кыргызда сѳз бар: «Ѳзүндѳ жок – ааламда жок» деген. Адам – ѳзү аалам. Сѳзүбүздү чечмелеп, ой жүгүртүп түпкүрүн издесек, сырлары улам тереңдеп ачыла берет,»- дейт Патила Бекетаева.

Учурда Боз үй сырын чечмелеген эмгеги патенттештирилүүдѳ.

Боз үй жана Аалам

Боз үйдүн 12 чамгарагынан түшкѳн 12 уук ааламдын сырткы жана 28 уук  ички дүйнѳсү болуп эсептелинет. Сырткы дүйнѳсү 6 оң, 6 сол – 12 планета, ал эми ички дүйнѳсү 6 ай оң, 6 ай сол – 12 ай. 2 кереге оң – Жаз, Жай. 2 кереге сол – Күз, Кыш. Боз үйдүн босого баштагы эки узун, эки кыска оң жана сол ууктар акырек уук болуп саналат. Булар  Март, Апрель арсар айларындагы Жердин эрте-кеч айлануусун, жаандын кѳп-аз жаашын жылдын аягында акыреттеп, 360 күнгѳ теңеп, экинчи жылга ѳткѳзүп турат. Бул учурда Күн күркүрѳйт да, анын күркүрѳѳсү менен чѳптүн тамырлары ойгонуп,  табийгатка жан кирет. Дал ушул мезгилде кыргыздар «Жер жарылып чѳп чык, желин айрылып сүт чык» деп чакаларын каңгыратып, үйдү тегеренишчү. Күн күркүрѳгѳнгѳ чейинки ѳскѳн чѳптүн малга жагымы жок. Себеби, Күндүн нуру табийгатка жан сала элек мезгил болот.

Боз үй менен Ааламдын калган чечмелѳѳ, салыштыруулары сүрѳттѳ кенен берилди. Бул акыркы чек эмес. Бара-бара кыр-кырынан башка да чечмелеништери буйруса гезит бетине чыга баштайт.

Боз үй жана Адам

Түндүк – Адамдын башын билгизет, ал эми тѳрткѳ бѳлүнүшү – мээнин желке үлүшү, тѳбѳ үлүшү, маңдай үлүш, чыкый үлүш. Ууктар нерв тамырлары болуп саналып, чамгарактан түшкѳн 12 уук Адамдын сырткы органына кызмат кылат: мында,  адам баласы  кадам шилтеп басканда, босогосу аркылуу 6 оң, 6 сол жилиги кыймылга келип турат. Ал эми калган 28 уук Адамдын ички органынын кызматын аткарат. Адамдын ички органдары болуп эки оң, эки сол – тѳрт кереге эсептелет.

6 оң, 6 сол ууктары  –  Адамдын 12 жилиги. Башкача айтканда, оң жак кол-буту, сол жак кол-буту.

Боз үй жана убакыт

12 чамгарактын ортолорундагы экиден түшкѳн ууктар 12 оң,12 сол  24 уук – 12 саат күн,12 саат түн 24 саат – бир сутка. Боз үйдүн босогосу – бул Күн, Ай, Жер, Адам ааламдарынын босогосу. Күн ааламынын босогосу   айланбайт. Ушул босого аркылуу  саат аттаганда – экинчи күнгѳ жер жыла баштайт. Күндүн сырткы дүйнѳсүндѳ Планеталар жана ички дүйнѳсүндѳ Жер, Ай, Адам ааламдары чамгарак (муун)аркылуу кыймылга келип босого аркылуу оң, солго айланып турушат.

Урматтуу окурман, Боз үйдүн Ааламга, Адамга болгон  башка  сырдуу чечмелеништери, толуктоолору  учурда дагы жазылууда. Боз үйдүн сүрѳт кѳрүнүшү да кийин толукталып берилет. Ошондой эле, Пирамиданын, Комуздун, Бешиктин сырлары да чечмелене баштады.

Боз үйдү компьютерлик калыпка салган Канат КЫДЫРМАЕВ

«Көк Асаба», 13-26.03.2013-ж.

Соц тармактар:

2 thoughts on “Боз үй – ааламдын жана адамдын кѳрүнүшү

  • 18.04.2013 at 16:14
    Permalink

    Патила эже сизге чоң ден-соолук,узун омур,ишиңизге ийгилик!Табигат жаратылышынан алынган ден-соолука зыяны жок,кылмдарды карыткан таза ак үйүбүз көп сырдуу,ден-соолукка пайдасы чон өзүнчө эле бир кичинекей галактика,ичинде жашоочулар планеталардай болуп сезилет.

    Reply
  • 18.04.2013 at 16:20
    Permalink

    Боз уйдун ден соолука эн чон мааниси бар.Кудайдын уйу деп айтсак да жанылышпайбыз!

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.