Проза менен поэзиянын союзу

Баш редактордон: Колумда Динара Бейшеналиеванын “Турна бийи” аттуу ыр китеби менен Мамат Сабыровдун “Жол” аттуу аңгемелер жыйнагы турат. Бири поэзия, бири проза. Экөө тең үстүбүздөгү 2009-жылы чыккан экен.

Окуп чыгып, 2009-жылдын окуясы болчу китептер экен дедим. Мындай чыныгы поэзия менен, мындай таланттуу жазылган аңгемелерди окуй элегиме көп болгон. Баса, мындан эки жыл мурун Венера Бөлөкбаеванын, андан эки жыл мурун Элмира Тезекбаеванын таланттуу жазылган китептерин окугам. Окугам да бизде кыздар эле калганбы, жигиттерибиздин баары саясатчы болуп кеткен го дегем. Бизде негизи кыздар поэзиясы күчтүү, а жигиттер прозаны мыкты жазышат. Эми мыкты прозаны да кыздар жаза баштаганбы деген элем. Көрсө, жер өз нугунда эле айланып жатыптыр. Жаңы эле чыккан жогорку эки автордун китептери мунун эң мыкты үлгүсү экен. Бири поэзиянын мыкты үлгүсү болсо, бири прозанын мыкты үлгүсү. Бири поэзиянын кыялындай учкул, миң канат сулуу болсо, бири прозанын мүнөзүндөй жөнөкөй жана жылуу. Поэзия менен проза өзү минус менен плюстай: поэзия оргуштап, буркан-шаркандап турса, проза мелмилдеп жай, сабырдуу. Бул бири-бирине түк окшобогон адабияттын эки башка жанрын бир ченемге батыруу мүмкүн эмес. Бирок, биздин каармандар бир ченемге батмак түгүл, бир коломтодон түтүн булатып, бир түндүктүн алдында өмүр кечирген түгөйлөр, жубайлар экенин эске алсак, кандай гана эрдик. Эки бирдей чоң таланттын, болгондо да эки башка кыялы бар, эки башка жанрдагы адамдардын бирөөнүн да жасалмалуулукка барбай, өз кыялдары, өз алдынча чыгармачыл жүздөрү, түстөрү менен чыгып жатышы кандай таң каларлык. Бир коломтонун алдында жашап туруп, бири-биринин көлөкөсүндө калбаганы, бири-бирине өз таасирин сиңдирип, өз багытына тартып кетпегени бир эсе эрдик болсо, талантка жараша жүк болгон тирликтин оош-кыйышында ар бири өз чыгармачылыгын бапестеп сактап калышканы, жүрөгүнүн добушун угууну унутуп калышпаганы эки эсе эрдик. Көз тийбесин, сөз тийбесин! Кичинекей Кыргызстандын бир түндүгүн желбиреткен чоң таланттарына мындан ары да чыгармачылык ийгилик каалоо менен төмөндө Динара Бейшеналиеванын калеминен жаралган ыр саптары менен Мамат Сабыровдун үч эпизоддон, үч шооладан турган “Жарык” аттуу чыгармаларын окурмандарга сунуш кылабыз.

Жакшыны жаз
Аяктар акыр-чикир айлана элек,
Колдоруң чаңдуу аба кармана элек.
Көңүлүң көр-шарларга байлана элек,
Көзүңдү чылк эле жуумп, кулагың бас,
Кайнаба, салкын тарткын аз аздан аз…
Улуулук дешет экен дал ошону,
Мен билбейм, а сен болчу, жакшыны жаз.

Жүрөк
Жийиркенгендей ылайланган өмүрдөн,
Жиниккендей көңдөй, көбүк көңүлдөн.
Арсыз аман, жөн бир эсен жүргүчө,
Каркырадай какшаал шамал кайрытып.
Кайып-кайып дүйнө бүтүн кезгиң бар,
Турна бийлүү бийиктикте өткүң бар,
Каркырага кайткыс болуп кеткиң бар…

Тамыр
Жалынса, сатып ийсең, Амал мессиң,
Өз этиң өзүң жесең, Аман мессиң,
Ырларың алдап ийсең, Адам мессиң.

Бейтапканадагы ооруларга
Сакайып кетчи, санаасыз кетчи,
“Салкын” дебечи кайнак дечи.
Жайнай кетчи, жакшым менин…

Селсаяк
Жүдөө аял чачынан чаң куюлган,
Ушул чачың кел-кели олоң беле?
А жигиттин сүйүүсүн түгөл жаап,
Түн уйкусун түз бөлгөн денең беле…

Тур, тура кой, темселеп неге ичти элең?
Турмушуңда уул таап, кыздуу белең?
Ырчы белең? А балким, сүрөтчүсүң,
Ырдашкандыр сен менен өз ата-энең…

Албуут тагдыр аягың айдаганы,
Ак жоолугуң башыңдан сайда калды.
Ай аңдыган жаздыгың кайда калды?
Алсыраган алыс бир жайда калды…

Чымчык
Калдалаңдап, алдай да албайм чындыкты
Каргайын дейм, каргай да албайм чырпыкты…
Чырпык чынар, чындык акка жетсинчи…

Көк асманды жөн бир карап турайын,
Жөн бир тиктеп, жөн бир токтоп угайын.
Жүрөгүмдүн үнү чымчык үнүндөй…
Көк асманды жөн бир тиктеп турайын,
Көкүрөктү сүйүп, тунуп, сурайын.
Тунчу аалам, суулар тунсун, тунайын…

Карек
Карек-
Кубаныч жарык.
Кипкичине,
Эң назик,
Ошондуктан
Коргойбуз да,
Кол менен,
Кирпик менен,
Каш менен
Кир чаңытпай,
Жаш менен.
Мекеним да каректей,
Мекеним да каректе.

Элим
Боюңдан болоюнум, боор көтөрчү,
Бой балкып, терим кетсин…
Боз бүтүп, көккө жетчи.

«Кыргыз руху» («Кыргыз гезиттер айылы»), 24.07.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.