«Сен бакыт өз доорунда өлчөнбөгөн»

«Адал эмгек бакытка жеткирет»
«Жолдоштун шагы сынганча, болбостун багы сынсын»
«Кайгысы жок кан болбойт, азабы жок жан болбойт»
«Бир чымчымдан көңүл алат,
бир чымчымдан көңүл калат»
(Кыргыз макалы)

«Айрылгандар аз эмес бу жалганда
Арзан баалап кайталангыс ынагын».

«Булбул үнү мукам кезде ким билди
Бөлүнөөрүн сүйүү менен өмүрдүн».

«Эске салсак сыйбай такыр акылга,
К
өөдөн тиреп эбегейсиз кусалык,
Көңүл-ойдун кетип таза ирети,
Көккө умтулаар, турса дагы тушалып… »

«А сен болсо өзгөрүлгөн түсүмдү
Көңүл кушу өчкөнү деп карадың».

«Ары ыргалып, бери ыргалып, түнөрүп,
Сууга салдың сүйүү чийген сүрөттү»

«Билип көрчү бирок, курбум, кай тушта
Кандуу чеги өмүр менен сүйүүнүн?!» («Көңүл ыргактары»)

Чынчыл поэзияны дит багып чыныгы акын гана жарата алат. Ашыктык, арзуу, арман жөнүндө окуганда көңүл түтөп көкүрөк дарты козголот тура. Бир келген аруу сезимди ким кандай баалады? Ким кандай турмушунда, акыры өмүр өтөлгөсүндө ушул ой бир келет экен го.

«Кайталангыс жалгыз дедик сүйүүнү,
Алгач ирет кумарына кабылып».

«Жашап аттык өчүп, жанып бир гана
Жакындасак — бакыт улам алыстайт».

«Жаштык оту кайтып жагылбайт».

«Сүйүү эмне, сүйбөө эмне аны эч ким
Жоруй албайт: жүрөк көзү көрөт бир,
Буйруй албайт: жүрөк оту жанат бир,
Сурабастан керексизби, керекпи»

«Умтулуу оор, унутулуу керектир…
Өмүр сындуу сүйүүнүн да сереси
Улам катаал, ырайымсыз. Сезилет
Кайстай жанып — калуу туура эмеси».

Шербет акын ушинтип адамды ойго салат. Кыргыз тоолорунда буладай булуттан суу ичкен жыты буркурап, көздүн жоосун алган кооз кара баркыт гүлдөр болот. Аны too башына чыккандар, кыялап аралагандар гана көрөт, ал жапыз жерлерде өспөйт. Анын касиети, өзгөчөлүгү too гүлү экендигинде. Анын сыңарындай кыргыз поэзиясында, көкүрөктү түтөткөн, көңүл эриткен, жарк деп сезим козгогон, ойлонткон ырлардын автору Шербет Келдибекова өз стили, ой жүгүртүүсү, өзүнө таандык чагылдыруу ыкмасы бар салмактуу акын. Манжа менен саналган акындык, аялдык тагдыр күткөн сейректерден. Барга каниет кылган абийирдүү акындын ырлары дагы өз мүнөзүндөй басмырт, ойчул, ынанымдуу, табият менен сырдаш, тагдырлаш, жашоонун жакшысына жанданып, кумарланып, жаманына чөккөн табигыйлык уюп жатат. Табийгыйлык, ойчулдук, аналитикалык ой жүгүртүү – анын негизги өзгөчөлүгү. Ашыкча шаан шөкөт, жасалма-жалган маанайы жок дил кайрыктары санаа чектирет. Турмушту жеке баамдоо, кабылдоо, салыштыруу күчтүү. Же оорудан жапа чегип жабыккан акын өмүр, өлүм чегинде жүрүп санаачыл, баамчыл болуп кетти бекен? Бир келген өмүрдүн күнү эмне? Бакытка маарубу? А бакыт, сүйүү деген эмне болду экен? Жүрөгү оорулуу акын жүрөк толтосунан операция болуп, сыркоонун запкысын көп көрдү. Бир эмес беш жолу oперация болгон толгон азабы, кордугу, шору эмне менен жууса кетет? Кайгыны, азапты кечип туруп кайраттуу ыр жазуу эрдик эмей эмне? Ооруканадан башы чыкпай жүрүп өмүрдүн көбү өтсө дагы кебелбей ыр жазып келет. Белгилүү кардиохирург, профессор Сеитхан Жошибаевге арнаган ыр саптарында:

«Сааты жетип анын кылдат колунда,
Туйлап турду, менин байкуш жүрөгүм.
Наркоз, мастык, күн жана түн, көз ачып,
Бир карасам бул жарыкты — Улуу таң!
Ошол таңда, таң сыңары ажайып,
Ал сураган Сизди кантип унутам».

«…Баш көтөрүп жамандыктан тез гана
Келүү жакшы жайдары акыл-сезимге.
Кош кабаттай к
өр менен жер арасы,
Калган жакшы жашап гана эсиңде»

«Улукманы» Сиз болсоңуз а кездин,
Түртсө кетер ажалдуусу болчумун».

Ажалдан алып калган асыл адамдар, асылдын баркын билген ак жолтой, айжаркын инсандар көп болсочу?! Сыягы, акын өмүрү ыр саптарында көрүнөт.

Жүрөк чиркин, бүт санааңды сезип, бирде ачыгып, бирде жабыгып дирилдейт тура. Сезимтал акындын жүрөгүн муң неге чалды экен? Эмнеге кабатырланып, түпөйүлдөнөт? Бул сезим ыргактары бир акындын эмес миң адамдын көңүл түйшөлүүсү, бүлүнүп жабыгуусу го… Көңүлгө шаң кошчу асыл жар табыш арман тура.

«Ташкын өтөөр, таштар калаар, а көңүл
Жанса жанаар, өчсө өчөөр дегеним».

«Неге дебе, бузба учкан санааны.
Эгер билсе
ң тарткан жоксуң запкысын,
Ал сезимдин. Сүйүү кандуу дайра экен,
Калсын дегем суу болбой өз бактысы.

… Ойлор термейт, ойлор термейт, абир кез
Сүйүү элеси күйүт сындуу тирелет.
Дүйнө кекчил, кечир жаным, а балким,
Кучагыма алсам болмок бир ирет.

Сырт немедей, түс да бербей, а балким,
Түнөрүүнү качан, кайдан үйрөндүм.
Эзет кайгы, эзет жанды, сен айтчы,
Жат тагдырлуу жанды неге с
үйгөнүм?»

Анын ойчул экенине «Чырагдан» (1976-ж), «Ата конуш сыймыгым» (1979-ж), «Терезелер» (1983-ж), «Сен, жарыгым…» (1988-ж) ырлар жыйнактарын жана кийинки чыккан, же кол жазмадагы ырларын окуган киши толук ынанат. Ш. Келдибекованын ырларында Ата журт, табият маселеси, адам жан дүйнөсүнүн кайталанбастыгы, улуулугу, ыйыктыгы, граждандык пафостогу лирикалары миң түркүн күүгө салынып көңүлдү уйгу-туйгу кылат. «Жашоонун кубанычын, кайгыларын — кабыл алуу… жана улантуу…» үчүн турмуштан торолуп «дүйнөнү абийир-сыйдай кайра таануу, адамдык сапаттардай калыптануу» үчүн күрөшөт («Чырагдан»). «Айтылбай узак сөздөр калган эле, же алар сөздөр эмес, арман беле…» («Эскерүү») дегендей «сел болуп, толкун болуп, ташкын болуп тынчыбай сени гана, жапжалгыз сени гана сүйөйүмбү…», «Кумар менен кусадар жалын менен, күйгүзүп, тумчуктуруп өбөйүнбү…» («Азгырык») болуп алгачкы махабатка дилгирленет. Акындын «Кыз кербезден» деген ырында «таап алгын, тартып алгын, ээлеп алгын, Миң түйүндүү жүрөгүмдүн кылдарын, Тыңшап көрчү, күйүп көрчү… Билип көрчү, карегимде, жүрөгүмдө кандай толкун турганын…» дейт. «Тирилик кунарсыз купкуу өңдөнөт. Жашоодогу кубаныч, рахат өчөт. Бирок эркем, үмүтсүз көздөрүңдү карай албай, өзүмдү күнөөлүдөй сезип кетем» («Сен кааласаң»).

Ырчы жүрөк: «Кыйынбы түбөлүктүү жалгыз калуу. А жеңилби сүйүүсүз, чоң турмуштан милдеттүү орун алуу» деген эмне? Жана муну кандай кабылдайбыз? Ушул өзөктүү суроонун тегерегинде:

«Көздөрүмдөн сүйөөрүңдө…Сүйүүңдөн
Бүткүл тирүү күндөрүңдү сурагам».

«Жүрөгүмдү сурайсың… Каным муздайт,
Бүт оюмду оройсуң… Жаным муздайт!
А түшүмдө өчөм мен күйүп бүтпөй…
А түшүмдө өчөм мен күйүп бүтпөй» («Тааныш көчө»)

Сүйүү үчүн бүткүл күндөрүн берген жан барбы? Бул сезим неге кишини азгырып, кайгы капа, арманга батырат? Таза, ишенимдүү болсо эмнеге шектендирет, жек көрдүрөт, айнытат? Же сүйүү кумар толгон эркин сезимби? Андай болсо күйдүргөн күйүт, үшкүрүк кайдан чыгат? Автор «Түндөр жөнүндө сөз» циклинде сыр ачат:

«Курбум сен үшкүрүктү уктуң беле,
Шуулдап көкүрөктү жарып чыккан.
Сен дагы тынч ала-албай чыктың беле,
Дарексиз тагдырыңды күттүң беле,
Деңиздей көтөрүлүп, басырылып,
Өлчөөсүз алакетке түштүң беле…» («Терезелер»).

«Түпкүрүндө күйүт бар, жүктүү жүрөк,
Түшүнүүчү, сезүүчү жанды күтөт.
Күтүү, күтүү, акыры дагы күтүү,
Өмүрдүн көбү күтүү менен бүтөт» («Турмуш»).

«Бакытты издеп жүрдүк баш аламан,
Бакытты издеп жүрдүк бардык жактан» («Жер жомогу»).

Бүт адамзатты эңсетип күттүргөн, куштарланткан, тилек кылган бакыт закымбы? Бар бактыбызды тепсеп, күн көрсөтпөй кордоп, колдо бар алтындын баркы жок кылган пенде канча? Бакытты тааныбагандар аны мунарыктан, алыстан издеп убара болушат. Бакыттын булагы, таянычы, ким, эмне? Дал ушундай жан кыйнаган ачуу суроолорго реалист ката­ры акын өз поэзиясында жөнөкөй жообун берет. Бакыттын да, сүйүүнүн да кожоюну өзүбүз экенбиз. Болгону ич ара берилүү, түшүнүшүү, колдоо, чын ниет гана жетпейт тура адам түшкүрүнө! Көрсө бакытты ар ким ар кандай кабылдап, түрдүүчө түшүнөт экен. Акындын: «Ата конуш оттору», «Түнкү ыр», «Кербездик», «Кербезденүү», «Терезелер», «Турмуш», «Жалбырактар», «Романтика», «Кайыңга», «Сүйүү жөнүндө», «Кемелер», «Кыз кербез күүсүнөн», «Көңүл ыргактары», «Ажырашып кеткен аялдын аңгемеси», «Сапар», «Өгөй бакыт» жана башкаларды өзгөчө толкунданып окуйсуң. Агынан жарылып турмуштук сыр төгүү авторго мүнөздүү өзгөчөлүк.

«Түгөйүн жүрөктөр тандасын,
Жашоого өзүбүз жаралып.
Сүйүүбүз жаралбай калбасын!» («Сүйүү жөнүндө сөз»)

«… Жаңыдан келип жаштыкка,
Жаркырак тунук сүйүүсүн,
Жоготкон жандар кайгылуу» («Сүйүү»)

«Сурадың жүрөгүмдү ойлоп турдум,
Бу жалын бүгүн жарык, эртең күүгүм.
Ким муктаж жар сүйүүгө көңүлү муң,
Жок, түзүк, жалгыз тартуу жазмыш жүгүн» («Күзгү бир түн»)

«Сүйүү ошол… Жүрөк эрдиги…
Оттой жануу күлдөй күкүмдөө!
Маңдайында туруп бирөөнүн,
Өзгөнү эңсөө жөнүн түшүнбөйм».

«Күүгө салам сүйүү абазын,
Бүтсө дагы баарын тажатып!
Орто жолдон кайтам кайдадыр
Кайрылбайм деп кетип баратып.»
(«Кемелер»).

«Бирок, кээде, эске түшүрсөм,
Үнсүз күйгөн күүгүм түсүңдү.
Кай жалынды издеп дүйнөдөн,
Не бакытты күткөм? Түшүнбөйм…»

«Сен бакыт — өз доорунда өлчөнбөгөн,
Алмашып ээ-жаа бербес сезим менен.
Ташкындуу де
ңизиңе чөккөн сайын,
Чаңкатып, чак түш болуп кете берген» («Сүйүү жөнүндө»).

«Коштоор элем мукамдуу, батына албайм,
Үнсүз, тилсиз кысылат жан жүрөгүм.
А мен неге бактымды чакыра албайм,
Сагынычты к
үүлөргө жашыра албайм.

… Кимсиң деги, бейтааныш күнгүрт үндүү,
Кусадан сагынуудан алсыраган?…
Жок, менин уккум келет башкача
үндү,
Жазгырбас жарыгына ишеничтүү!
Жок, жок менин сезгим келет дүйнөдөгү,
Сагынычтын саргайбас албуут күчүн». («Түнкү ыр»)

Мындай көркөм табитти кандырган, табышмактуу адам кыялын чагылдырган, жан дүйнөнү ачып берген ырлар акында толтура. Жан дүйнөдөгү ички толгонуу, түйшөлүүнү, жабыгууну же алоолонгон жалынды кылдат, сезимтал чагылдырган талантты мен өзгөчө сыйлайм. Анткени, чыгарманын тузу, күчү дал ошол жерде деп эсептейм. Дегеле акындар лирикалык каарман Мен аркылуу не деген ойлорго түйшөлбөйт?! Жүрөк түпкүрүнөн сырын төгүп окурманды ынандырат. Турмушта романтикага караганда көңүл калуу, убайым тартуу көп көрүнөт. Таланттуу Шербет акын­дын «Ажырашып кеткен аялдын аңгемеси» деген ыры замандаштарынын бир үзүм портрети десек болчудай. М:

«Не болду анан? Тез урундуң баардыгын,
Жароокер куш, жайнап турган дилимди.
Алды
ң дагы, темир сындуу чеңгелге,
Салдың дагы, тайыз жеңил урундуң.
Жоодураган куш да бир күн жоголду,
Качан, кайда? Билбейт эч ким, караңгы.
Сезген жоксуң кур дегенде, курбум сен,
Куш качыруу, кут качыруу экенин» дейт.

Аттиң, бул чындык! Сүйүүнүн өтөлгөсүнө чыгып, өмүр бою сүйгөнүн аздектегендер, барктагандар, өз өмүрүнүн маңызын даана түшүнгөндөр чанда. Асылым деп ардактабай, алганын жеңил урунуп кор кылгандар азбы бул турмушта? Адам башынан чириген мүлкүн жогору коюп, кесир кылгандар көбөйбөдүбү.

«Көрсө сүйүү үлбүрөк да, тоголок,
Көрүнгөнсүйт, сезилгенсийт, жоголот.
Кол сунабыз, умсунабыз, арийне,
Адашуудан акыл-сезим торолот» («Элет баяны»)

«Отту көрсөм, түпкүрлөрдөн тунара,
Суурулат ал «узаткансың сүйүүнү.
Өтөлгөсү өмүр болчу, Жалганда,
Жалгыз ирет келмек ошол бүлүнүү».

«Келатасың, кезиң өткөн кербез, кырс,
Көңүл дартын билем, күйүт тарттыңбы?»

«Сүйүү кээде акыйкатты, мезгилди,
Тааныбаган албууттугу жүрөктүн».

«Удургуп миң бөлүнгөн ойлорумду,
Унчукпай каттым дагы, күйүп туруп,
Томсоруп колум сунуп кош айтыштым,
Коштошту
ң, үнсүз, бирок кеттиң сууpyп
Түнөргөн карек менен жүрөгүмдү,
Түшүнбөйм, билбейм аны эмне кылып,
Кай жакка батырасың… Абайлай көр,
Кетпесин кайра өзүңдү жалыны уруп!»

«Калат баары көкүрөктү өрттөгөн,
Күйүт, үмүт, санаа жана кусалык».

Акындын бул көңүл кайрыктары ойлонууга чакырат. Киши пейили, ыйманы, нарктуу насили таңсык болуп турганда керемет акындын түйшөлүүсү көңүлдөн кетпейт. Негизинен анын арзуу жөнүндө жазган көңүл уйгу-туйгуларына басым жасадым. Анын табият, Ата Журт тууралуу ырлары өзүнчө чоң сөз кылууга арзыйт. «Табиятты коргогонун, Ата Журтту коргогонуң эмеспи» (М.Пришвин.). Поэтесса Шербет Келдибекованы адабиятчылар ача элек. Анын ырчы жүрөгү өз стихиясы менен жашап, кээ бир акындардай жулунуп наам, үй, түрдүү льготаларды талашпайт, ар кимге ырларын мактатып-жактатпай өз өмүрүнө, жараткан ыр көрөңгөсүнө топук, каниет кылып, бүлөсүнүн, өзүнүн саламаттыгын тилеп, шүгүрчүлүктө. Сыягы, оорудан да башы көтөрүлбөй, дайым эле өмүр, өлүм чегинде санаада жүргөнсүйт. А.Осмоновдун: «Эгер сүйүү күчтүү болсо өлүмдөн, мен сүйүүгө теңелүүгө акым бар» дегени эске түшөт. Дал ушул сөздү ал неге айтты экен? «Качан болсо алга жүр деп шык берет, кандай укмуш касиет бар сүйүүдө!?» (Мидин). Небере уулу Ализарга арнаган ырында: «Сайран куруп, арабада барат ал, Сапар алыс, жар бологөр, Жараткан!» деп акын тилек кылат. Анткени, «Жол жатат, а жол тааныш канча ирет. Ат туягын ташыркаткан, тажаткан». Убайымга салган улуу муң-ички түйшөлүүнүн чеги каерде болду экен?! Кылымдарга калчу акындар гана улуу кудурет таланты аркылуу ички кабылдоолоруна ой чегип, табигый бере алышат. Таланттуу акындын мыкты ырларын окуп олтуруп дал ушул пикирге келесиң. Анын поэзиясынан ар ким өз сезимдерин, тагдырларын көргөнсүйт. Жан дүйнөсү үндөшөт, кээде жабыксаң, кээде чыйраласың. Себеби, «жүлүнгө жеткен күйүттү, жүрөктөн кантип кетирет?…» (Надырбек) болгон учурлар азбы? Бекеринен акын:

«Келди кездер кээде аптап кечирип –
Кайнап көрдүк от табына канча ирет,
Келди кездер, кээде суукка бет чыгып –
Муздап көрдүк ызгаарына канча ирет» («Жылдардын ыры»)

«…Ирмелбей кай бир түндөрдө,
Жүрөктү түмөн бук эзет».

«Жаңылышуу. Сен кызыккан сонун сыр –
Кайгы капа, кадимки эле арман да!» («Үзүлгөн түш»)

дептирби. Ушинтип чынчыл акындар гана турмушту ашыкча кооздоп көркөмдөй бербей реалдуу берет. Акыйкатты айтат. Акындын чындыгы – ушул тирүүлүктүн, өмүрдүн өзү, анын түрдүү кайрыктары «Өз доорунда өлчөнбөгөн бакыт». Ш. Келдибекованын таасын, тыкан, көөдөн тиреп күймөлтүп-күйүнткөн ырларын окуганда моокумун канып, жан дүйнөң арууланат. Анын кебелбес чындыгына муйуйсуң. Кыргыз адабиятында нукуралыгы, ойчулдугу менен айырмаланган керемет акын мээнетинин дөөлөтүн көрүп, качан ардактуу наамга илинээр экен? «Тепкенин жазбас тынар бар, кыздан чыккан кыраан бар» дегендей бир үзүм адилеттик деле жылоолой турган учур келди. Асылыбызды ардактап, бүгүн бир ооз жылуу сөзүбүздү айтып, аруу жанга кубат, колдоо болуп, амандыгын тилеп, акжол каалап, арыбаңыз дейли.

Кален Сыдыкова, «Асылзат» гезити, 2001-ж. май

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.