“Апа, атам” ким?”

Белгилүү аалым, философия илиминин доктору Кусейин ИСАЕВ идеология, кыргыздын рух дүйнөсү, мекенчилдик тууралуу ойлорун окурмандарга айтып келет. Бул жолу азыркы кыргыз үй-бүлөсүнүн абалы тууралуу ой-санаасы менен бөлүштү.

– Азыркы биздеги үй-бүлөнүн абалы канааттандырарлык эмес. Себеби, үй-бүлө курган жаштардын он пайызга жакыны бир жылга жетпей ажырашып кетип жатышат. Кээ бирөө бири-бирин билбей туруп сыртынан жактырып баш кошушса, айрым бири кийинкисин ойлоп, жакшы жашагысы келип, колунда бар байдын баласына турмушка чыгат же тескерисинче. Натыйжасы, мүнөздөрү бири-бириникине туура келбей, ата-энелерин канчалаган чыгымга кириптер кылып, ак тилек, баталарды жокко чыгарып, үй-бүлө бузулат. Эң жаманы, чогуу жашаган кезде боюна бүтүп калган келин боюнан алдырып салат да, кийин наристелүү болбой калуу коркунучунда калат. Боюнан алдырбагандарынын балдары атасыз өсүп чоңоюшат. Атанын тарбия, таалими болбогондон кийин бала тартипсиз, бейбаш болуп чоңоет. Эне болсо “эчтемеден кем болбой башкалардан калышпай өссө экен” деген ой менен баласын тарбиялоо жагына анча маани бербейт. Коомго зыян келтиргендердин көп чыгып жаткан башатынын бири ушул.

Адам жоопкерчилигин арттырып, аны сактап турган үй-бүлө да. Үй-бүлөң тынч, ынтымактуу болсо, жашооң көңүлдүү болуп, ишиң илгерилейт. Үй-бүлөнүн бекемдиги мамлекеттин бекемдигине шарт түзөт. Мына ушуга олуттуу маани берген Россия жетекчилиги 2008-жылды “Үй-бүлө жылы” деп жарыялаган. Жөн гана курулай ураан кылып жарыялабастан, бир баладан баштап, эки-үч, андан көп балалуу болгон үй-бүлөлөргө мамлекет тарабынан материалдык да, моралдык да жардамдар көрсөтүлүүдө. Жаш үй-бүлөлөргө узак мөөнөттүү жеңилдетилген насыялар аркылуу квартиралар берилүүдө. Биздин өлкөдө да бул иш акырындап колго алынып жаткандыгы жакшы көрүнүш. Бирок, бүлүнгөн ишти кыска мөөнөттүн ичинде жолго салыш мамлекетибиз үчүн оңойго турбаган иш болууда.

Түрдүү себеп менен бекем үй-бүлө кура албай ажырашып кетип жаткандарга жашоо-турмуштун кыйынчылыгына чыдабай ажырашкандарды кошсок, ошого жараша никесиз туулуп жаткан наристелердин саны да жыл сайын көбөйүп бараткандыгын көрөбүз. Ал эми үй-бүлө курбай эле баласынын атасы ким экендигин да билбеген жаш энелерди кайда катабыз? Мына ушундай жагымсыз гана эмес, акырындап мамлекетибизге зыян алып келүүчү көрүнүштөрдүн натыйжасында азыркы учурда төрөлүп жаткан жаш наристелердин 40 пайызга жакыны никесиз төрөлүүдө. Жаш наристе кийин чоңое түшкөндө энесине “апа, атам ким?” деп суроо коеру бышык. Анткени, анын жанындагы өзү курдуулар ата-энеси менен жүрүшсө, ал атасы жок жүрсө, сөзсүз ойлонот да.

Үстүбүздөгү жылы жүргүзүлгөн эл каттоонун маалыматтары толук тактала элек болгондуктан, 1999-жылы өткөрүлгөн эл каттоонун көрсөткүчтөрүнө таянсак, өлкөбүз боюнча 90077 миң үй-бүлө болгон. Ар бир үй-бүлөнү орточо алганда бешке жакын адам түзгөн. Буга чейинки он жылдын аралыгын алып көрсөк, эки балалуу үй-бүлөлөр 18,8ден 14,5 пайызга чейин азайган. Демек, мындан көп бүлөлүү үй-бүлөлөр жыл сайын азайып бараткандыгы байкалат. Бул көрүнүш айрыкча, кыргыздар жашаган айыл жерлеринде басымдуулук кылат. Жаш наристелердин жарык дүйнөгө келиши да жыл сайын азаюунун ичинде. Тескерисинче, өлүм-житимге учуроосу, бир жашка жете электе чарчап калуусу көбөйүүдө. Мисалы, 2008-жылы эле биздин өлкөдө бир жашка чейинки 3540 наристе чарчап калган.

Бул мисалдарды келтирип жатканыбыздын себеби, мамлекет тарабынан жалпы элдин, анын ичинде үй-бүлөнүн социалдык абалын жакшыртууга эртелеп тиешелүү иш-чараларды көрбөсө, кыргыз эли азайгандан азайып отуруп, кайсы улуттан экендиги белгисиз, никесиз туулган балдардан улам, кийин кайсы улутка айланып калаарыбыз да тынчсыздандырбай койбойт. Бул бир жагы. Экинчи жагы, жашоо-тиричиликтин оордугунан, жетишпегендиктен жыл сайын өлкөдө адамдардын өмүрүнүн узактыгы кыскарууда. Мындан бир аз эле жылдар мурда бизде өмүрдүн орточо узактыгы 69 жаш болсо, азыр 66-67 жылдын тегерегинде. Ошондуктан азыр үй-бүлөнүн бекемдигин, адамдардын ден соолугун чыңдоо, сактоо, балдарды талаптагыдай тарбиялап өстүрүү, окутуу боюнча мамлекеттик атайын стратегиялык программа иштеп чыгуу зарыл болуп турат. Үй-бүлөгө камкордук көрүү боюнча Россияны кайталабасак да, үй-бүлө үчүн камкордук көрүү мамлекеттик негизги иштердин бири болуп калууга тийиш. Өлкө президенти К.Бакиев жакшы демилгелерди көтөрүп жатат. Башка жетекчи кызматтагылар, министрлер, губернаторлор, акимдер президенттин демилгелерин, жаңылануу багытын колдоп, андан ары улантып кетүүсү керек.

“Же үйдө жок, же Чүйдө жок” дегендей, үй-бүлө кура албай ажырашып кеткендердин көбү азыр аракечтик, баңгичилик менен алектенип ар кай жерде тентип жүрүшөт. Уурулукка, талап-тоноочулукка, ал түгүл киши өлтүрүүчүлүккө барып жаткан мына ошолор. Аларды жаза, түрмө менен оңдоого болбойт. Аларды азайтуунун бир гана жолу – үй-бүлөнүн бекемдиги. Ар күн сайын куралып жаткан жаңы үй-бүлө туруктуу болсо, кичинекей өзөн суулар кошулуп дарыяны, дарыялар кошулуп деңизди толуктагандай бекем, күчтүү болуп мамлекетибизди толуктап, чыңдап турарын унутпайлы. “Апа, атам ким?” деп балдарды тирүүлөй жетимсиретпейли.

Жазып алган Жума МАМБЕТОВ,
“Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 14.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.