Идеология жоголгон ийнеби? Тапкыла!

Олжобай Шакир:- Эгемендик жылдарынан бери улуттук идеология маселесин көтөргөндөн тилибиз тешилелек. Бирок аны айтпай койгонго да мүмкүн эмес. Кандай дейсиңер, бизде идеология жокпу же идеологияны жаратчу азчылыкты түзөөр абийирдүү чөйрөдөн чукакпызбы?
Бекташ ШАМШИЕВ: – Идеология өзү – коомдук түркүк. Аны жаратуучулар илимий, саясый, чыгармачыл элита болушу мүмкүн. Бирок ал элге сиңип кетеби, жокпу, маселе ушунда. Сиңип кетиши үчүн коомдун ички дүйнөсүнө жугуму болуп, тээ байыртан башат алып келаткан уңгусу болушу керек. Идеология деген нерсе ошол. А жасалма идеология эмне экенин – коммунисттик доордун кулашынан көрбөдүкпү. Мына, 70 жылдан ашуун кожодой колдоп келген коммунисттик идеология бир күндө кыйрап калды. Ошондон бери идеология темасы улам козголуп келатышы – өлкө башындагылар үчүн коомду алаксытуунун жолу болуп келатат.

О.Ш: – Мунун өзү элге эркеч болор элита жогунан эмеспи?
Б.Ш: – Жок дегенге деле болбойт. Алдыны көрө билген акылдуу, билимдүүлөрүбүз толтура. А улуттук идеология дегенибиз элдин канында жашап атат. Бирок өкүнүчтүүсү, канча кылымдан бери биримдиги жок эл болгондугубуздан өксүгүбүздөн арылбай келатабыз да… Уруучулдук саясат кендирибизди кесип, ынтымактуу эл болалбай атканыбыз – бир идеологиянын тегерегине башыбызды бириктирбей атат.

Чыныбай ТУРСУНБЕКОВ: – Өз алдыбызча чыйрак улут болуп, бир идеологияга башыбыз биригиш үчүн биринчи кезекте, бирдиктүү ынтымак керек. Байыркы тарыхыбызга үңүлсөк, Манас атабыздан кийин дегеле бир башыбыз биригип, мамлекет түркүгүн тикелегенге жарамдуу эл болалбаппыз. Тээ 940-жылдары өз алдыбызча мамлекет болгонбуз деп жомокко окшогон пикирлерди айтып жүрөбүз. Ошондон бери кокту-колот, сай-сайда уруучулдук ураан менен гана жашап, бир бөлүгүбүз Кокон хандыгынын сарбаштарына башийип, мойнубузга салган салыкты төлөп, жарым жартылай көзкарандылыкта жашап келиппиз. Болгону Октябрь революциясынын аркасы менен кыргыз эли түптөлүп, бүгүнкүдөй өзүнчө республика болуп калганыбызга шүгүр. Ачыгын айтканда, кыргыз өз алдынча эмес, башка чоң элдердин аркасы менен мамлекеттүүлүккө жеткен. Менимче, эң башкы идеология эле улут катары биримдигибизди сактоодо.

Жаңы бийлик келгени Мадумаров баш, Раев төш болуп комиссия түзүлүп, иш уюштурабыз дегенден деле эч майнап көрүнелек. Ал идеология табыгый жол менен өнүгөбү же жасалма жол менен өнүгүп, элге сиңбей калабы, бул да өзүнчө маселе. Эгерде жогоруда Бекем айткандай, жугумдуу идеология болсо, жалпы улуттун колдоосуна алынып кетиши мүмкүн. Эгерде элибиз бир багытты көздөп, муштумдай чың болбосо, ири өлкөлөрдүн басым-кысымы мындан да күчөйт. Алар үстөмдүк кылбас үчүн элибиздин ынтымагы бекем болсо, башка өлкөлөр айбыга баштайт. Азыркыдай чачыранды, ынтымаксыз жашасак, башкалар бизди эл катары эсептебейт. Кыргыздын башкы идеологиясы мына ушул болуш керек деп ойлойм. Бизге азыр биримдиктен башка идеология жолун издештин кереги жок. Ынтымагыбыз болсо, бары колубуздан келет.

О.Ш: – Жогоруда Бекташ мырза бизде алдыны көрө билген акылдуу, билимдүүлөрүбүз толтура дегени менен ошолордун арасында эки жүздүү, кошоматчы аксакалдар (дүжүрлөр дейбизби О.Ш.) көп болуп атса, караламан элге жол көрсөтө алышабы?
Ч.Т: – Эки жүздүү аксакалдар башка элдерде деле болот. Мисалга, чечендерди баарыбыз кеп кылабыз. Убагында Лев Толстойдун “Хаджи Муратындагы” Шамилди чечендердин көзкарандысыздыгы үчүн күрөшкөн киши катары көргөнбүз. Кийин Дудаев чыкты. Ал эмне болуп талкаланды? Шамилдин тушунда Хаджи Мурат чыкса, Дудаевдин тушунда Кадыровдор чыкты. Муну менен “ичтен чыккан жат жаман, өздөн чыккан өрт жаман” дегенди айткым келет.

Б.Ш: – Биз аксакалдар институтуна чоң үмүт артканыбыз болбойт.

Ч.Т: – Кыргызда “көп жашаган эмес, көптү көргөн билет” дейт. Андыктан акыл-эстүүлөрдүн кебин угушубуз керек. Бүгүнкү күндө сакалын саксайтып, шалбыраган чепкенди кийген даватчылар эмнеге көбөйдү? Ошол идеологиялык түркүктүн жоктугунан сокур сезим менен ислам динин теңирден тескери түшүнгөндөрдү тескеген коомдун алдыңкы көзкараштагы өкүлдөрүнүн айтар сөзү угулбаган үчүн.

Б.Ш: – Улуттук идеологиянын жерпайын түптөөгө ушу менен экинчи жолу аракет кылуудабыз. Биринчиси, Акаев тушунда, экинчиси Бакиев тушунда. Экөөндө тең жакшы эле ойлор айтылды. Айтор бизде ким мамкатчылыкка келсе эле идеология маселесин көтөрүмүш болот. Азырынча Досбол акам гана идеология көйгөйүн козгой элек. Негедир бизде четөлкөдө болуп келген мекендештерибиздин патриоттук сезими күчтүү. Эмнеге дегенде, идеология эмне экендигин ошолор четте жүргөндөр көбүрөк сезип атат. Мисалга, Турцияда болгондору аларда күнүгө эртең менен иш башталаар алдында мамлекттик Гимн ырдалат. Америкада болсо, арбир өлкө жараны Америка желегин үйүнө илип алган. Бизде болсо эми-эми ушул демилгелер көтөрүлө баштады. Бул – жакшы. Демек, Кыргызстанда жашаган башка улуттагыларга ушул сезимди жеткирүү үчүн кыргыз өзү тың улут болушу керек. Ыраматылык Салижан аке айтмакчы, арбир кыргыз кытайдай мээнеткеч болушу зарыл. Башканы кой, жөөт улутундагыларды карагылачы. Азыр бүт дүйнө байлыгы жөөттөрдүн колунда. Өзү бирок кенедей улут, бирок бүтүндөй дүйнөнү акылы менен башкарып алган. Болбосо адамзат тарыхында башка эчбир улут булар көргөн тагдырга туш болгон эмес. А бизде Манас өлгөндөн бери мамлекет болор бирдиктүүлүгүбүз ыдырап, Чыкем айткандай, бир жагынан сырттан келген күчтөргө тебеленип, экинчиден, өзүбүздү өзүбүз ичтен курутуп келаткан элбиз. “Манасты” окусак, Манас өлгөндөн кийин ага мураскор болор Семетей таятасыныкына качууга дуушар болот. Муну айтканым, кыргыздын идеологиясынын демилгечиси да, ага каршы турган күчтүн өзү да – кыргыз!

Ч.Т: – Жогорудагы Турция, Америка мисалынан улам, бизде деле мамлекеттин, парламенттин демилгеси менен атайы мыйзамдарды кабыл алып, алга кадам шилтөө мезгили келди. Керек болсо, Билим берүү министрлиги деле атайы токтом менен 1-күнү эртең менен сабак башталаарда Кыргызстан Желеги желбиретилип, Гимн ырдалыш керек, о.э. жуманын аягында Гимн менен жабылсын деген эреже киргизип койсо, акырындап патриоттук сезим канга-жанга сиңе баштамак. Канчадан бери улуттук тил жөнүндө айтып келебиз. Муну деле өзүбүз турмушка көбүрөк киргизсек, башка улуттагыларга тез сиңирип, кыргыз тилине болгон сый-урматын өстүрмөкпүз.

О.Ш: – 90-жылдардын башында түрк ишкерлери Кыргызстанга кыргыз тилин үйрөнүп келип, бирок бул жакта өзүбүз эне тилибизди турмушка колдонбогонубузду көрүп, орус тилин үйрөнгөнгө өттү деп өзүңүз айттыңыз эле, Чыке…
Ч.Т: – Муну жакшы эстеттиңиз. Ооба, башында түрк ишкерлери кыргыз тилин жанталашып үйрөнгөнү эсимде, себеби алар баарысын Туркиядагыдай ойлогон. Бирок өзүбүз иш кагаздардын баарын орус тилинде жүргүзүп, орусча сүйлөшкөнүбүздү көрдү да, орус тилин үйрөнгөнгө аракеттеништи. Ал эмес башында четөлкөдөн келген волонтерлор деле кыргыз тилин 5-6 айда үйрөнүп кеткен. Кийин кыргыз тилин кыргыздардын өздөрү сыйлабаганын көрдү да, орус тилин үйрөнгөнгө өтүштү. Себеби четтен келгендерге кайсы тил практика түрүндө көбүрөк колдонулса, алар да ошого ыктайт да. Көрсө, турмушуң баардык нерсени өз ыңгайына салып коет экен. Биз ошондуктан Кыргызстанда жашаган башка улуттагыларга кыргыз тилин ачык түрдө таңуулап, айыгыштырып, каршылаштырбай турган жолун таап, белгилүү бир идеологиялык багыттар менен сиңиришибиз керек. Аларды кыргыз тилин үйрөнбөсөм, бизнесим өнүкпөйт, кызматка баралбайм, жашоомдо кыйналат экем дегенди түшүнгөндөй деңгээлге жеткиришибиз керек. Бирок байкалбаган жолдор менен. Айтор, кыргыз тилге болгон турмуштук талаптарды өстүрүшүбүз зарыл. Мунүчүн жогорку жактагылар көбүрөк ойлонууга тийиш. Кийинки кездерде көп эле мыйзамдар кабыл алынганы менен ошол мыйзамдардын иштөө механизмдерине көңүл бурулбай атат. Болбосо, улуттук тил боюнча канча мыйзамдар кабыл алынганы менен анын иштөөсүн көзөмөлдөгөн аракеттерди көрбөй атпайбызбы.

Б.Ш: – Азыр эки түрдүү процесс жүрүүдө. Кыргыз тили кыйын акыбалда калганы Бишкек менен Чүйдүн ортонку зоонасынан көрүнүүдө. А алыскы аймактарда болсо, орус тилин билбей калган муун өсүп атат. Көпчүлүгү Орусияга иштегени барып, тилден кыйналууда. Атүгүл кээси “уулу”, “кызы”, “тегини” дегенден “ов”, “ев”, “ова”, “ева” дегенге кайрадан өтө баштады. Мунун өзү – иштен сөз көп болуп аткандыгын билдирет. Эгерде арким “өз кесибим менен элге эмне пайда кылышым керек?” деп түйшөлгөн болсо, иш толтура. Мисалга, акын-жазуучуларыбыз кыргыз тилинин тагдырын ойлосо, өрнөктүү чыгарма жазчулары элге берчүсүн акырын отуруп жаза берсин. Анан эле “тиги жок, бу жок” деп отура берсе, келечектеги кыргыз адабияты жазылбай калат. Балдар адабияты ансыз да унутулуп калгансыды.

Ч.Т: – Бекем туура айтат. Арким өз колунан келген иштин майын чыгарса кана. Мисалга, бизде тилчилер көп. Бирок ошолордун кимиси экономикалык, медициналык, ж.б. илимий терминдерди которуп, турмушубузда колдонулуп атат. Бизде азыр кыйналып жашагандардын көпчүлүгүн кыргыз улуту түзөт. Эң кейиштүүсү, кыргыз акын-жазуучулары, окумуштуулары, маданият ишмерлери. Чынымды айтсам, эгерде кайсы бир окумуштуу “мынамындай терминдерди которуп, даярдап койдум” десе, же кайсы бир акын-жазуучу “мынамындай мыкты чыгарма жараттым, көрчү” десе, мен деле четте калбай, китеп кылып чыгарууга жардам бермекмин. Бирок андай аракетти бир да жазуучу-акын же илимпоздордон көргөнүм жок.

Болгону “кыйналып атам, жардам бер” деп келишет. Кээсине колуман келишинче бир мүшөктөн ун берип же акчалай жардам берген учурларым көп эле, бирок ал жардамдар көзгө көрүнбөгөн нерселердин бири. Андан көрө өрнөктүү чыгарма же терминдерди которуп келген бирөөнүн китебин чыгарып бергеним, жалпы кыргыз элине пайда болот эле да. Анан мага келишсе эле турмушту сөгүп, “эл болбой калдык, жаштар бузулду, карылар бузулду, кыргыз оңолбойт” деп сөккөндөн эмне чыгат?

Б.Ш: – Кыргыз өзүнүн иши оңолбой калса эле элдин турмушу оңолбой калды деп жиндемей адаты бар эмеспи.

Ч.Т: – Турмушка чөгүңкү маанай менен карагандар көбөйсө ушул экен да.

Б.Ш: “Кыздын сыры төркүнгө маалым” дегендей, тилчилерибиздин абалын Чыныбай экөөбүз тең эле жакшы билебиз го. Себеби, экөөбүз тең академияда иштеп калбадыкпы. Маселен, сөздүк курганда “винтовка” дегенди “винтовка” деп которгон тилчилерибиз да болгон.

Ч.Т: – Ачыгын айтканда, ал учурда тилчилер жаңы сөз киргизгенден коркушчу. Жадагалса, “родина” дегенди которбош керек дегендер чыккан. Кудай урбадыбы, кайсы элде болбосун Атамекен, Атажурт деген түшүнүк бар, анан кантип “родинаны” которууга болбойт. Бул болгону улуттук жарлыкка кабылам деген чочулоолордон чыкса керек.

Б.Ш: – Азыркы учурда дагы бир чоң мүчүлүштүк, тилибизге жаңыдан кирип аткан түшүнүктөрдү, терминдерди кыргызча туюнтмасында кабыл алгысы келбегендер бар. А кээбир сөздөрдү тээ 50-жылдарда түзүлгөн орфографиялык эрежелердин негизинде колдонгусу келгендерге түшүнбөйм. Ушунча мезгилден бери кыргыздын канча кыйын тилчилери ошондогу орфография эрежесин жаңылоого жетишти. Бирок аны азыркы мамлекеттик тил комиссиясы кайрадан Жогорку Кеңешке алпарып, “акжолчулардын” кароосуна берди эле, эмне болду?! Деги ушул депутаттар тилден башка маселелерди эле кыйратып ийсинчи! Эми айланайын, Башкарасуу дегенди Баш-Кара-Суу деп үч бөлүп жазгандын эмне кереги бар?

Ч.Т: – Мисалга, Ысыккөл, Атбашы, Сарөзөн, Жетөгүз кандай айтылса, ошондой жазылууга тийиш. Мындай мааниси кемип калбайт. Тил илиминде негизинен орфографиянын жазуу эрежеси айтууга жакындаштырылат.

Б.Ш: – А бизде тескерисинче, жазуу тилибиз өзүнчө, жазмабыз өзүнчө кетип, башаламандык түзүлдү. Бул жерде кээси балдарыбыз сабатсыз болуп калат деп атып, тескерисинче, так ошол жаңылыкты чангандар өздөрүнүн сабатсыздыгын жашырыш үчүн ушул башаламандыкка барды. Муну азыркы парламент депутаттарынын далайына деле айттым, аларың “бизге келди, башка эмне кылалы, кабыл алып бердик” деп отурат.

Ч.Т: – Биздин эң чоң кемчилик, бир тараптын пикирин же далилин карап, чечим чыгарган көрүнүштөр толтура. А нормалдуу коомдо баардык тараптын пикири угулушу керек да. Парламент депутаттары кайсы бир маселеге чогулганда кол көтөрүп бериш үчүн жыйналган топ эмес го. Парламент деген арбир мыйзамдын эртеңки маселесин ойлоп, келечегинде коомго эмне пайда алпкелерин карай турган институт.

Б.Ш: – Мына, парламент азыр болгон мыйзамдардын баарын кабыл алып салып, жумушу жок отуруп калды. Демек, ушинтип бош отурганча, азыр биз козгоп аткан тил маселесин коомчулук талкуусуна коюп, талаш-тартыштар жүрүп турса, ошондо булар элге пайдалуу иш кылат эле да. Талаш-тартыштар кыргыз тилинин мыйзам ченемдүү өнүгүшүнө керек эле. Эми болсо, кыйраткансып мыйзамдын баарын дүңүнөн кабыл алып берип, карай турган мыйзам калбады деп отурушат.

Ч.Т: – Парламентибиз бир ай ичиндеги же жарым жыл ичиндеги канча мыйзам кабыл алганын отчет кылыш үчүн иштеп аткандай таасир берет. Эгерде көп мыйзам кабыл алсак, жакшы иштеген болобуз деген түшүнүк менен минтип жашасак, келечегибиз күмөн. Тил боюнча азыр чийки мыйзам кабыл алындыбы, демек, кийинки парламент бул мыйзамды кайта кароого туура келет. А ага чейин азыркы кабыл алынган тил мыйзамы ишке кире баштагандыктан, далайынын башын айландырган эреже болот. Анан кантип кыргыз тили өнүксүн!

О.Ш: – Чыке, сиз бир убакта өзүнчө басмакана ачып, кыргыз акын-жазуучуларынын өрнөктүү чыгармаларын жарыкка чыгарууга аракет кылам деген оюңуз бар эле. Ошол планыңызды качан ишке ашырасыз?
Ч.Т: – Биздин эң башкы шорубуз, мамлекетибиз кандай жарды болсо, ишкерлеринин кейпи деле ошол. Мамлекет эптеп-эптеп бутуна таканчыктап келаткандай, ишкерлер да араңдан-зорго ирденип келатабыз. Бизде деле ашып кеткен байлык жок. Ошондой болсо да жардам сурап келген чыгармачыл инсандарга колдон келишинче кайрылышып жүрөбүз. Кээде ошол берген жардамдарыңды эсептей келсең, ишкананын бир айлык тапкан кирешеси жардам сурап кайрылгандарга корогон болот. Анан кантип өнүгөсүң? Менин ишенимимде, эгерде ушул түптөгөн компаниям акыры баламдын колуна өтсө, менин колуман келбеген кеңири деңгээлдеги маселелерди чечүү уулумдун колунан келиши мүмкүн. Ал мүмкүн мамлекеттик деңгээлдеги маселелерди чечүүгө көңүл бура баштайт. А биз кайдан. Болгону өзүбүздөн кийинки муунга пайдубал түптөгөнгө тырбалаңдап аракет кылып атабыз.

О.Ш: Акын-жазуучуларыбыз балдар адабиятын унутта калтырганы кыргыз тилге коркунуч жаратпайбы?
Б.Ш: – Албетте, балдар адабиятын жазыштын өзү оор. Мурда деле балдар адабиятын жазгандар аз эле, азыр огош бетер. Негизинен саналуу адамдар гана балдар адабиятын жазбаса, эң оор жанр – балдар адабияты. Учурдан пайдаланып, “Байчечкей” журналынын башкы редактору, таланттуу балдар акыны Токтосун Самудиновдун бир эрдигин баса белгилегим келет. Ал киши унчукпай отуруп эле чоң иш жасап атат. Самудинов болбосо балдар журналы чыкпай калышы деле мүмкүн эле. Жалгыз ушул кишинин эмгеги менен балдар үчүн өрнөктүү текстер өспүрүмдөргө жетип отурганына шүгүр.

Ч.Т: – Мен да Токтосун байкенин эмгеги туурасында өзгөчө басым жасагым келет. Ал кишинин балдар үчүн жазган чыгармалары да өзүнчө чоң эмгек. Ал эми “Байчечекейди” сактап калганы – балдар адабиятынын булагын коргогондой кеп. Менин көбүрөк камтама болгонум, шаардык балдарыбызга улуттук көрөңгө жетпей, орус маданиятынын таасири астында калууда. Айтсак, биздеги орус мектептери Орусиянын окуу куралдары менен гана чектелип, кыргыз балдары “Манас” же болбосо Айтматовдун чыгармаларын окуган жери жок. А айылдык балдардын компьютер, интернетке колу жетелек. Дүйнө болсо күндөн күнгө өнүгүүдө. Мындайча айтканда, дүйнөнүн алдыңкы маалыматтары айылдык балдарга жетпей атат. Демек бул – эртең алар дүйнөнүн алдыңкы көзкараштагы элдерине жетпейт деген кеп.

О.Ш: – Мени айылдык балдарга компьютер эмес, “Байчечекей” журналы жетпей атканы кейитет. Анын кечөө акыркы сандагы нускасын карасам, 2,5 миң гана нуска экен. Демек, кыргыз ата-энелер өздөрү балдарым өз тилинде ыр жаттап, жомок окусун дегенге кайдыгер болгон үчүн жападан жалгыз журналдын нускасы өспөй отурат да…
Ч.Т: – Ошонүчүн биз башынан сөз кылган идеология маселеси жөнүндө жалпы кыргыз ойлонушу керек.
Б.Ш: – Туура, идеологияга бир гана мамкатчылардын башы эмес, жалпы улуттун башкы оорушу керек.

Бекташ Шамшиев 1956-жылы Жалалабат облусунун Сузак районундагы Карамарт айылында туулган. 1978-жылы Кыргыз улуттук университетин аяктагандан кийин биртоп жыл Улуттук илимдер академиясында кенже, ага илимий кызматкер, директордун илимий иштер боюнча орунбасары болуп иштеген. Филология илиминин кандидаты. Социализм доору кулагандан кийин журналисттикке ооп, “Республика”, “Асаба” гезиттеринде иштеген, учурда “Азаттык радиосунун кабарчысы.

Чыныбай Турсунбеков 1960-жылы Нарын облусунун Жанбулак айылында туулган. Улуттук университеттин филология факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. Коомчулукка илимпоз-адабиятчы, акын катары белгилүү. “Жүрөктөгү жаңырык”, “Шаарда жоголгон сөз” аттуу поэтикалык жыйнактардын автору, филология илиминин кандидаты. Учурда Кыргызстан ишкерлер союзунун төрагасы жана “Акун” компаниясынын жетекчиси.

«Айат» (“Кыргыз гезиттер айылы”), 16.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.