“Жазуучумун деш азыр жаман уят, Жаңы көчтү баштайбы адабият?”

Кыргызстан жазуучулар союзунун эгемендик алгандан берки тагдыры эрден тынбаган аялдай болуп келатканы жашыруун эмес. Төбөлөшүп төрткө бөлүндү. Кайра жарашып калыпка салынды. Акаев бийлигинде мамлекет тарабынан өгөй баладай кодуланып отурган кабинетинен куулуп чыкса, Бакиев бийлигинде колуна токоч берилип, кайра шаардын чок ортосундагы эзелки эски үйүнө ээ болду. Бирок дагы деле оңолуп кеткен жок. Каражат маселеси боюнча сөз өзүнчө. Эң негизгиси, биздин баамыбызда ушул күнгө чейин бул союздун башкаруу системасы, иштөө формасы эгемендикке, базар экономикасына ыңгайлаша элек. Мааниси СССР жыттанса, мазмуну демократия. Дегеним, колунан куурай сындыруу келбесе да анын башында төрага болуп сөзсүз түрдө төшүндө орден-медалдары толтура Брежневдей аксакал отуруш керек. Өзгөчө бийлик алмашуусу ырааттуу жүрбөйт. Бүгүнкү күндө да Кыргызстан жазуучулар союзунун мурдагы жетекчилиги менен жаңы жетекчилиги соттошуп туру. Ал боюнча өзүнчө сөз кезеги келер. Бул ирет жазуучу деген ким, азыр коомдо адабияттын орду кандай-деген суроолордун тегерегинде ой жүгүртүп көрөлү.

Түбү бош, борпоң союз

Азыркы муун үчүн, бир учурда акын-жазуучу болуу сыймык эле, Жазуучулар союзу эң абройлуу мекемелердин бири болуп, жаш талапкерлердин гезит-журналдарга чыккан чыгармаларын коомчулук баса калып окуп, чыгармачыл чөйрө кадимкидей кеп кылып, жаңы чыккан китептер тууралуу сын айтылып, талкуулар болоор эле деген сөз жомок. Союз кандай куласа Жазуучулар союзу да ошондой кулап, кан-жини аралашып жатып калган. Жетимиш жыл ичинде коомчулукту ак ниеттүүлүккө, эрдикке, мекенчилдикке, адамкерчиликке үндөп келгендей болгон адабият чындап калк башына мүшкүл түшүп турганда биринчи өзү акыл-эсин, сабырын жоготуп, эсил кайран эс-эс-эрден айрылып жетим калган элин караңгыда көз таап, капилеттен сөз таап, моралдык жактан колдоп, коргоп, туңгуюктан чыгарып кете алган жок. Элдин көзүн ачып, эгемендиктин наркын-баркын түшүндүрүп, асылдык менен бакылдыктын айырмасын таанытып, улуттук баалуулуктарыбызды даңазалап, таалим-тарбиябызды оңдомок тургай, күнөөнү мурдагыдай бөпөлөбөй калган мамлекетке коюп, олчойгон калем акы албай калышканына кейип-кепчип, жазуучу, акын деген керек кезде жоокер, керек кезде падыша, керек кезде кеменгер эмес, тек гана бир “бакма тоок” экендигин көргөзүп, очойуп отуруп беришти.

“Адабият” деген сөз арап тилинен которулганда, адептүүлүк, уяттуулук дегенди түшүндүрөт экен. Анын коомдогу милдеттерин санап теория, аксиомага такабай эле коелу. Бирок негизи эле бул тармак айрыкча ыр жандуу кыргыз элин эзелтен эле көркөм ооз эки чыгармачылык формасында макал-лакаптар, жомок, дастан, ыр, эпостор аркылуу адептүүлүккө, уяттуулукка, адилеттүүлүккө, баатырдыкка, элди, мекенди сүйүүгө, бирөөнүн аманатына кыянат кылбоого, табигат менен эриш-аркак жашоого, айтор, АДАМ деген ыйык атка татыктуу болууга чакырып келгенин көп эле мисалдар менен бекемдеп кетүүгө болот. Элибиз коомчулуктагы жат көрүнүштөрдү санат ыр жана макал-лакаптар аркылуу сындап, какшыктап, уялтып келген. Кыргыз эли ачарчылык жылдары да азыркыдай көркөм чыгармадан ажыраган эмес. Өткөн жүз жылдыктын башында кыргыздардын жапырт кат таанууга умтулушу, ошол жылдары тамга тааныбаган чоң ата, чоң энелердин чогулуп алып окуганды билген балдарына жалдырап, түндөсү шайтан чырактын жарыгында эпос, дастандарды, кыргыз совет адабиятынын баштоочуларынын китептерин үн чыгара окутуп угушу бекеринен эмес. Мындай аракет китепти уккандарды да, окугандарды да тарбиялап келгени чын. Натыйжада, жетимиш жыл ичинде жалпы эл сабаттуулукка жетишип, биз билимдүүбүз дегендердин арасында үйүндө китеп турбаган же жаңы чыккан романды, ыр жыйнакты окубаган, анын авторун билбеген адам түркөй деп эсептеле баштаган. Албетте, мындай көрүнүш кыргыз жазуучу-акындарынын кадыр-баркын көтөрүп келген.

Ооба, өлкөбүз эгемендик алгандан бери деле жайнаган китептер чыгып жатат. Бирок алардын базарга түшкөн басымдуу бөлүгүндө мамлекеттик, улуттук, эң негизгиси таалим-тарбиялык маанини көздөгөн идеялар камтылбай калды. Мен- мен деген калем ээлери Толгонай, Танабай, Жамила, Орозкул сыяктуу бүгүнкү күндүн бетке кармап көрсөтө турган каармандарын жарата албады. Бул учурда оозунан Алласын түшүрүп койгон жоон топ жазуучулардын милдетин жапайы калемгерлер аткарып, алардын базар экономикасына ыңгайлашып чыгып жаткан китептеринин 99 пайызы коомду моралдык-нравалык жактан талкалап, элдин башын айлантып, көркөм табитти көмөлөтүп таштады. Ал эми биз бир кезде ишенген, китептерин окуп чоңойгон профессионал жазмакерлер башын катып же төрт-бешке бөлүнүп алып жаатташып, уламдан “жазуучу” деген аттын кадыр-баркын кетирип турду. Арасында үсүл-кесил үн чыгарганы бар деңизчи, бирок алардын үнүн ач айкырык, куу сүрөн салган ажылдаган жоон топ жаап кетет. Ачуу чындык, азыр журтчулук жазуучу, акынга караганда саясатчыларга, бизнесмендерге, рекеттерге, кримавторитеттерге ишенет, ошолорду сыйлайт, артынан ээрчийт. Көрсө, кыргыз совет профессионал адабияты эски заман учурунда компартиянын жасалма шаан-шөкөтү менен гана олуттуудай көрүнүп, кайраттуудай сезилип, акылдуудай туюлуптур.

Биз детектив менен сойкулукту да кыйратып жаза албадык

Базар экономикасынын шартында тири укмуш китептер жарык көрүп, бир адам тааныбаган жазуучу, акындар жайнап кетти. Эгемен өлкөнүн учурдагы кара сөз чеберлеринин жазгандары детектив, сойкулук, акындары китебинин биринчи бетин күйгөн ырдан баштап, аягын ода менен жыйынтыктайт. Шатырата китеп чыгарып жаткан азыркы замандын жазуучусунда да, акынында да “ох, ата!” деп таңдана турган олуттуу тема, өзгөчөлүк деле жок. Баягы эле сүймөй, күймөй, айрылмай, түрмөгө түшмөй, арак ичмей, нашаа тартмай, тономой, тонотмой, рекет болмой, ойноштук кылмай, өлтүрүп коймой. Чыгарманын конкретүү бир максаты, планы, саясаты жок. Коендой окшош беш-алты сюжеттин тегерегинде темселеп жүрө бермей. Болгону, каармандардын аттары башка, анан окуялар алмаштырылып коюлган. Жалтыраган китептерди жаратып жаткан акындын жазганы деле детективчинин деңгээлинде. Баса, ыр жазгандар прозаиктерге караганда өзгөчөлөнүп өздөрүн мекенчил көрсөтүп, көкүрөк каккылап коюшканды жакшы көрүшөт. Анан Асан кайгыны туурап акылы жетпеген нерселерге деле кейип, кээде бүт Кыргызстанга акыл айтып, кандай жашоо керектигин үйрөтө башташат.

Батыштын канга чыланган курч окуяларды же төшөк маселесин жазган китептерин окуп көрсөңүз, ичинде кандайдыр бир данек бар. Жок дегенде адилеттик акыры утарын, түрмөгө түшкөн адамдардын баарын эле жаман дешке болбосун, алсыздарды дайым коргой жүрүш керектигин, кээ бир көчө сойкусу адамдык жана аялдык асыл сапатка ээ болуп, башыңа иш түшкөндө ишенимдүү доско айлана аларын, айтор, катаалдыктын боорукерлиги, айкөлдүктүн кара мүртөздүгү болорун акырын түшүндүрүп коет. Ал эми биздеги чыгып жаткан базар китептерин окуп жатып жүрөгүң түшөт. Бир туруп атасы кызын зордуктап, бир туруп баласы энесин жиликтеп, иши кылып эле денеңди дүркүрөтүп отурат. Аялдардын тири укмуш алдамчылыгын, көрүнгөн эркек менен кете бергенин окуп өз аялыңа болгон ишеним жоголуп, шектүү карай баштайсың. Автор айырыкча төшөк маселесин жазууда башка бир элдин турмушунан алынган окуяларды жазып, андагы каармандарды кыргыз кылып койгону ачык эле көрүнүп турат. Кантсе да атасы менен кызынын ойнош болушу кыргыздын логикасына туура келбейт. Бул тууралуу ойлонуунун өзү күнөө. Элди кызыктырам деп эле кыргыздын турмушунда болбой турган, ыплас, жийиркеничтүү окуяларды ойлоп таба бергендин кажети жок. Негизи мындай темада жазган кыргыз китептерин окугандар жалпы адамдарга болгон ишенимин жоготуп, жалаң “беспредел” жапайы кылмышкерлер жашаган Кыргызстандан көчө качкысы келет. Ал эми мындай чыгарма менен чоңойгон жаш муундар үчүн атасы кызын зордуктаса же баласы апасын өлтүрсө боло берет деген ой жаралары турулуу иш. Албетте, элдин кайсы бир катмарынын бүйүрүн кызыткан мындай курч окуялуу китептерди жазыш керек. Бирок, мындай деңгээлде эмес.

Азыр адабият сынчынын сыңар өтүгүнө зар

Адабий сын адабияттын соту, милициясы десек туура болчудай. Башкача айтканда, сын гана жогорудагы баш аламандыкты жөнгө салып, тартипке келтирип коюшу мүмкүн эле. Бирок бүгүнкү күндө адабият тескеген органсыз калган. Сындын жоктугунан эл жарык көрүп жаткан китептердин кайсынысы окуганга жарарын билбей колуна тийгенин окуп, көркөм табити ошого жараша калыптанып жатса, жаш калемгерлер кайсы авторду карап түздөнүп, кандай чыгармаларды жазарын билбей “кимди ким көрдү, быржыбайды там басты” болуп, оңдоп-түздөп койгон адам жок оргу-баргы чыгармаларды жаратып, жазгандарын канын жерге тамызбай китеп кылып бастырып окурмандарга сунуштап туру. Адабий сын, цензура болбогон жерде китеп чыгаруу да оңой. Мындан пайдаланып он чакты китептин автору болуп, бул кылган ишин кимдир бирөөлөргө док кылып, мамлекеттен сыйлык сурап жүргөндөр да бар.

Менин түшүнүгүмдө, ар бир чыгарма биринчи ошол акын-жазуучунун өзүнүн ички канаттануусу үчүн жаралат. Таланты бар инсан өзүнө тынчтык бербеген ички уйгу-туйгусун, көңүлүнүн дирилдеген добушун кошуп, табияттан бал жыйноого милдеттендирилген аары сыңары гүл ширесиндей асыл ойлорду издеп, аны жаза турган ошол чыгармасына ширетип, кагазга түшүрүп, андан улам жашоого канааттанып жашайт. Башкача айтканда, күн жөн эле тийип, чөп жөн эле чыгып, гүл жөн эле гүлдөп турган сыңары эле чыныгы акын-жазуучу да жөн эле чыгарма жаратууга тийиш. Жаралган табылганы китеп кылып, аны жалпы журтчулукка сунуштаса болобу же болбойбу, ал жалгыз эле ошол чыгарманын авторуна тийиштүү маселе эмес. Андыктан дүйнөлүк стандартта коомчулукка тартуулана турган ар бир чыгарма редактор, редколлегия тарабынан астейдил каралып, басууга кол коюлгандан кийин гана китеп болуп чыгат.

Жазуучулар союзу ушул убакка чейин ар бир жаңы чыккан китепке реакция кылып, аны атайын сынчыларга берип жиликтетип, басма сөз каражаттары менен келишим түзүп же өздөрүнөн чыгып жаткан гезит аркылуу ошол сын макаланы жарыялап турса, анда адабият азыркыдай абалда калмак эмес.

Каражат жагын деле чечсе болмок. Басмадан көп болсо айына бир же эки китеп чыгаттыр. Аны учурда бекер жаткан сынчылар бат эле үч-төрт миң сомго жиликтеп бермек. Айтор, эмнеси болсо да адабий сынды жолго коймоюн адабият өнүкпөөрүн көрдүк. Бүгүн бизге реалдуу, жаңы багыттагы адабий сынчылар керек. Эгер адабиятты тескеп турбаса, анда бүгүнкүдөй ызы-чуулуу Жазуучулар союзунун кереги не?

Зайырбек Ажыматов,
“Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 14.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.