Кайран тил

Белек Солтоноев “Кызыл кыргыз тарыхы” аттуу китебинде кыргыздын бай, манап, хан, бий, дыйкан, букара, кул-күңүнө мүнөздөмө берип : “Кыргызда хан даражасында хан болгон эмес. Атактуу манаптары ар кайсыл урук элди бет-бетинен бөлүп алып, бийлеп, кедей-жардыны эзип турган. Алардын жакын туугандары болсо кедей-дыйкан чарбага өтө зулумдук көрсөткөн” деп, бийи же соту тууралуу : “Бийлер манап насилинен, мейли букара насилинен болсо да өзүнчө иш бүткөрө албастан көбүнчө ханына, чоң манабына ийилиштүү болгон. Бийлер ишти көбүнчө пара алып бүткөрүп, кедей-жалчы, дыйкан орто чарбанын укугун жоготуп, ак болсо да кедейди күйгүзүп, кара жеринен бай-манаптын доосун кубаттаган” деп жазат.

Айтылуу тарыхчы андан ары жигит дегенге токтолуп: “Жигит дайым бай-манаптын жанында жүрүп, атын багат. Манапка мал уурдап берет. Жоосун жоолайт, доосун доолайт. Бай-манап үчүн башын саят. Бай менен манап бирөөн өлтүр десе өлтүрөт. Урат, согот, бүткүл бай менен манаптын күчү жигиттин колунда болгондугу үчүн булардын кайраттуусун, жүрөктүүсүн жигит кылат. Кедей-дыйканды, орто чарбаны талкалаган ушулар. Бай-манаптын жигити, падышанын палачы, хандын желдети бир даражада. Ошондуктан “жигит деген бөрк ал десе баш алат” деген макал бар” деп уланткан.

“Кызыл кыргыз тарыхы”, Мамлекеттик “Учкун” концерни. Бишкек-93. 169,176, 181, 183-б.б.

Белек Солтоноевдин мындан бир кылымга жакын мурда кыргыздын манабы менен сотуна, жигитине берген баасын карап олтуруп, каран калгырдыкы, ошондон ушул күнгө чейинки мезгил аралыгында эл катары өсүп-өналбаганыбызга, көп жагынан ошол эле феодалдык түркөй доордогу таз кебетебизде калганыбызга жаным сыздады…

Мындан бир аз жыл мурда Бишкектин чоң көчөлөрүнө кездемелер керилип, анын бетине: “Жолду баскан арбытат. К. Бакиев” деп жазылып турганы азыр да элдин эсинен чыгалек болсо керек. Ошондон көп өтпөй бир катар гезиттер “Жолду баскан арбытат” деген сөз биздин президент К. Бакиевге таандык эместигин, ал байыркы кытай философу Конфуцийдики экенин жазып жиберишти. Же гезит окушпайбы, же кербездиктин кекээриби, президенттин Акүйдөгү жигиттери муну чымын чакканча да көрүшпөдү. Анткен менен ажосуна жагымпоздук жасагысы келгендер Бакиевге таандык эмес сөздү Бакиевдики деп, “артык кылбайле тыртык кылышканын” билген жок.

Уялганымдан учурунда мен да Акүйгө чалып:
– Ушунуңар уят эмеспи. Жок дегенде “эл эмне дейт?” деп ойлобойсуңарбы? Президенттин өзүн журт алдында шерменде кылып атпайсыңарбы?- десем, жигиттердин бири:
– Эми бу деген айтылып эле жүргөн создөрдүн бири да, анан аны президенттики деп койгондон эмне болот эле,-деп мурдун такыр эле балта кеспей койду.

Ашкере кошоматчылык акыры аңгекке алып барып тыгарын тарых далай жолу тастыктаган. Кокус, Конфуцийдин сөзүн уурдап алган деп кытайлар сотко берсе эмне болот эле? “Кошоматчы көлөкө сыяктуу, ал сени чоңойто да албайт, кичирейте да албайт” деген экен акылмандар. Акаевдин убагында да анын сөзүн ар кандай жигиттер жазып, басып, илип келген. Акаев да публикага алардын жазгандарына карата ар кандай “түстө” кубулуп чыгып туруучу. Бирде өтө эле олуттуу, салабаттуу саясатчы насилинде чыкса, бирде эт жүрөгү элеп-желеп дир-дир эткен, сүйлөсө эле Алыкулдан эки сап жатка айтмайын сүйлөбөгөн назик жан болуп чыга келер эле.

Акаевди Кудай бети менен таманын бир териден жасаган акындар менен жазгычтар күлгөнүн Күнгө, Айга теңеген мактал ырларды, поэмаларды, китептерди жазышкан. Акаевдин төртүнчү жылынан кийин башталган мына ошол “бүткүл элдик кошоматчылыктын эпкини” акырындап Бакиевге да башталды. Ал жөнүндө да ойдо жок мактоолорду арноого өтүштү. Мунун арыгын баягы эле өмүрү өйдө карабаган өкмөттүк маалымат каражаттары кетмен-күрөктөрүн ала чуркап, чаап киришти.

Менин биринчи душмандарым ким деп ойлойсуң?- деп падыша Сократтан сураганда:
Сен бийликке келе электе тигиге шыйпаңдап, сен бийликке келгенден кийин аны сөгүп, сени мактап-даңктап киргендер көрүңдү казып, кепиниңди бычып жаткандар ,-деп жооп берген экен.

Акаевдин доору бүтөрүнө аз калган жылы бир айга жакын Таласта жүрүп калдык. Облакимчиликтин күнбатыш жагында дубал менен бир болуп Акаевдин тулку бойчон сүрөтү, алдында: “Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом таза болот” деп бадырая жазылган жазуу илинип турчу. Таласта ошол кезде деле азыр Бакиевдин тегерегинде жүргөндөр иштеп жүрсө керек эле. Анан ошолор ошол жазуу Акаевдики эмес экенин билишкен жок дейсизби? Өлкөнүн башка жактарына караганда Таласка байма-бай барган Акаев жана анын жан-жөкөрлөрү ошол сүрөттү, сүрөттөгү жазууну көргөн жок дейсизби? “Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом таза болот” деген меники эмес” деп же Акаевдин өзү айтпай, “бул деген белгилүү мамлекеттик ишмер Искак Раззаковдун сөзү” деп же эл айтпай, мелтейип келдик го чиркин! Акаевге “менчиктештирип” берген ал сөздү сүрөтүнө кошуп туруп Таластын бир азаматы акыры таластык кошоматчылардын так өзүнө алдыртты. Кантип дебейсиздерби? Ал азамат сөздүн акыркы “а” тамгаларын шыпыра чапкан экен, ошондо баягыл сөз: “Сен таз болсоң, мен таз болсом, коом таз болот. Аскар Акаев” деген жазууга айланат. Таластык кошоматчылардын куйругу кумалакка толуп, алып ыргытканча шашат.

Тилекке каршы каныбызга сиңген кошоматчылыктан, жасакерчилик менен көшөкөрчүлүктөн азыр деле арылалы деген ниетибиз байкалбайт. Буга кечээ эле үгүт иштерине шылтап, көчө сайын, кокту-колот сайын кимдир бирөөлөрдүн сүрөттөрү менен келегей, маңызы тайкы, супсак сөздөргө шөкөттөлүп илинген такталарды мисалга тартсак жетиштүү. Болбосо Акүйдөгү сөз кадырын, тил кадырын билген адамдарга “Бакиев накта президент” деген туурабы?” деп көргөздүрүп алса, жок дегенде “накта” деген сөз эзели адам баласына айтылбастыгын, маселен “накта акча”, “накта бышкан ашкабак” деп буюм-тайымдарга, тиричиликке байланыштуу нерселерге айтыларын түшүнүп албайт беле?

Макаламды айтылуу Чыгыш генийлеринин бири Санаинин:
Адам болгун, адал болгун тегиңе,
Артын жалап жаккың келип бегиңе,
Аныкы деп акылмандын айтканын,
Акмак кылдың падышаны элиңе!- деген төрт сабы менен аяктайын.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ, «Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 21.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.