Кыргыз жандүйнөсү жер шарын сактайбы?

terasavaКыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар Союзунда август айынын этегинде “Аалам Кыргыздары” журналынын негиздөөчүсү жана Манас Ата коомдук фондусунун түзүүчүсү Акылбек Атабеков менен биргеликте, кыргыз тарыхчы жазуучулары, ойчулдары, журналисттери жана дүйнөлүк ар кандай улут аралык, эл аралык жаңжалдардын тынч жол менен чечүүнүн бирден бир демилгечиси, тынчтык барабанынын добушу дүйнөнүн басымдуу булуң бурчунда угулган, бүгүнкү күнү кажыбас кайраты менен дүйнөгө таанымал инсан, япон элинин көрүнүктүү уулдарынын бири Дзюнсей Терасаванын ой бөлүшүп катышуусунда “Борбор Азия: кечээ, бүгүн, эртең” аттуу илимий конференциясы болуп өттү.

Жыйындын катышуучулары ар кайсы тилдин өкүлдөрү болгондугуна байланыштуу англис, орус, кыргыз тилдеринде өтүп, конференцияга өзгөчө түс берген комуз күүлөрү

К. Алдаярдын аткаруусунда коштолду.

“Түбөлүк материк”
Жазуучулар союзунун төрагасы, тарыхчы А.Алымбаев ар кайсы тарых жазмаларындагы кыргыз эли жөнүндөгү даректерге токтолуп өттү. “Борбор Азия, Алтай жергеси, байыртадан эле дүйнө цивилизациянын түп башаты, адамзатынын келечек жашоосуна Кудай тартуулаган жолдорду тараткан, адамзатынын ыйык мекени, же Кудайдын ыйык жери деген ойлор, сөздөр айтылып келген. Ал эмес бул пикирди атактуу көз доктур Мулдашев дагы өзүнүн изилдөөлөрүндө жер бетиндеги суу деңгээлинен бийик тоолуу аймак, бул жерлерди суу толкуну каптаган эмес, “Түбөлүк материк” деп илимий тыянак чыгарган”,- дейт ал сөзүндө.
Ал эми ушул “түбөлүк материкте” жашаган эл эр жүрөк болушуп, эски жазмаларда сактар, арийлер деп жазылып калган. Арий деген кыргыз тилинде Ар, Эр же Ар намыстуу дегенди түшүндүрөт. Бул эски сөздөрдүн мааниси кыргыз тилинде күнү бүгүнкүгө чейин бузулбай, бурмаланбай Эр адам, Аруу адам деп ошол эр жүрөк элдерди түздөн түз түшүндүрүп берет. Ал эми кыргыз элинин улуттук маданиятына кайрылсак орустун эң көрүнүктүү илим изилдөөчүсү Г.Блаватская дагы, “алар “герой” болуп тарбияланышат”,- деп сөздү улап, биздин баатырдык эпосторду, кыл кыяк, сурнай, добулбас, комуз күүлөрүн мисалга келтирип бүгүн да жашап жаткандыгын баса белгилеп өттү.

Керемет түш
Конференциянын атайын коногу атактуу япон монахы,будда дининин устаты, дүйнөнүн бир топ бөлүгүн кыдырган, миңдеген-миллиондогон дүйнө марштарын өзүнүн барабаны менен коштогон кайратман инсан Дзюнсей Терасав өзүнүн бала чагындагы , жаш кезиндеги түш болуп көзүнө кайра-кайра көрүнгөн кыргыз жери тууралуу айтып отурду. Түшүндө ат минип, дайым атасы өңөрүп жүргөнүн кошумчалап, япондордо ат болбогондуктан, кыргыз жериндегидей тоолуу жерлер жок экенине, анын керемет кооздугуна баа берип өттү. Ушундай керемет түшүнөн көп өтпөй Будданын ыйык жазмаларына туш болгонун, ал ыйык жазмалар анын келечектеги жашоосуна чоң өзгөрүү киргизгендигин, жана кыргыз жергесинин Орто Азия чөлкөмүндөгү ыйык жер, ыйык эл катарындагы түшүнүктөрдү, ойлорду, сөздөрдү Будда дининин ыйык жазмаларынан окугандыгын, ошол ыйык жазмалар убагында орто азия чөлкөмүнөн дүйнөгө тарагандыгын кеңири сөз кылды. Анын Будда монахы болуп кетишине Хиросимадагу атомдук бомба жардыруу түрткү болгонун, ушунча бейкүнөө адамдардын өмүрү, жашоосу ачып көздү жумгуча тып-тыйпыл болгону университеттин окуучусу Терасавага эстен кеткис жүрөгүнө так салып, атактуу Махатма Гандинин жолун жолдоп кеткени себеп болгон. М.Ганди англичан менен алардын бийлигине, үстөмдүгүнө каршы эч иш жасабай, “кеткиле” деп “байкот” жарыялап отуруп алышкан. Мындай кыймылды индустардын бардыгы колдошуп, бир тамчы кан төгүлбөй англичандар Индия жергесинен чыгып кетишкени менен дүйнөдөгү карапайым адамдар үчүн күрөштүн жаңы дагы бир ыкмасы пайда болгон. Ушул күнгө чейин адамдардын ядердик бомбаны көбөйтүп жатканы, алардын акыл эсинин дегредация болгонунан кабар берери түйшөлтөрүн белгиледи.

Дүйнөлүк экономикалык кризис бекеринен эмес…
Мунун себеби триллиондогон долларлар бекер чачылгандыгы Америка, Орусия, Кытай баштаган ири өлкөлөр канчалык акча бөлгөн сайын ошончо эсе жаңжалдар күчөп жаткандыгы деп билдирет Терасова. Триллиондогон акча дагы, чоң державалардын таасири дагы бул көрүнүштөрдүн, чатактардын басылышына себеп болбостугун белгилеп акыркы үмүт, жалгыз шоола Борбор Азия чөлкөмүндө, кыргыз жергесинде экенин ишенич менен айтты. Бул жөн гана жел сөз эмес бул ыйык китептерде жер бетиндеги элдерди туңгуюктан орто азиялык көчмөн сак уруулары (макьямуни, скиф) эчен ирет сактап калгандыгы, себеби ушул сак уруусунан чыккан улуу Окутуучу улуу Будда дагы мунун бир далили, башка улуу диндердин таралышы дагы, түп башаты Борбор Азиядан башталаары бүгүн жашыруун сыр болбой ачыкка чыгып калганын ушундай улуу өзгөрүштөрдүн убактысы болоорун, ал убакыт кадимки жыл мезгилиндей, жыл сынагындай болуп тураары Будда жазмасы, христиан жазмасы жана башка ыйык жазмаларда акыр заман болуп жаңы замандын, жаңы доордун башы болоорун, бул ар дайым Борбор Азиядан башталып болуп келген өзгөрүштөр кыргыз эли, кыргыз жери аркылуу ишке ашып келгендигин айтты.

Бардык диндер биригет
Япон адамынын, япон улутунун өкүлүнүн, кыргыз эли жөнүндөгү, кырк уруу кыргыздын кана Орто Азия чөлкөмү боюнча саяк, саруу, баргы, басыз, катаган, кыпчак деген уруулардан турган эл экендигин билгени, эски ыйык жазмалардагы скиф аталып кеткен кыргыз сак уруулары жөнүндөгү окуялар конференцияга катышкан ар улуттун өкүлдөрүн кайдыгер калтырган. Дүйнөнү түрө кыдырып кырк жылдан бери баскын өмүр жолунда кичинекей экономикасы кыйраган, бийлик балчылары коңшу мамлекеттердин көзүн караган өлкөгө келип, ага акыркы үмүтүн аркалап, барды жок кылган, жокту бар кылган кыргыз эли деп турганы кимди аң-таң калтырбасын. Бирок тилекке каршы кыргыз интеллигенциясы эчак эле баш көтөрүп, кыргыз элинин 1995-жылдан эчен түрдүү ааламдан Кудайдын таң калычтуу нур илимдери азыркыга чейин басылып айтылып жатпайбы. Бул илимдердин төл башы Бүбү Мариам Муса кызынын биринчи “Жайсаң” аталып, кийин “Айкөл Манас” ыр жыйнагы тогуз томдон турган, андан кийин Абдымамбет Сариев жана Нуржан-Насыйкат жазган кыргыз “Жашыл Китеби”, төрт том, Сариевдин биринчи тому “Кыргыздар дүйнө элин жакшылыкка алып барат” деген ат менен үч жолу басылып чыккан Алайдан жазылган “Ааламдан түшкөн көк китеп”, Бишкекте түзүлгөн таластыктардын “Кут ордосу”, Республикалык “Бата” коомдук фонду, Жумгалдагы “Улуу кыргыз ордосу” кыймылы башталып, кыргыздын өзүн өзү таануу иш-аракеттери ар тараптуу жүрүп жатат. Бир убакта унутулган кыргыз узчулугу, кол өнөрчүлүгү азыр адамдын көз жоосун алып дүкөндөрдө тирелип турушат. Кыргыз күүлөрүндөгү болуп көрбөгөндөй жаралып жаткан жаңы күүлөр, кыргыз кыл кыягында жапырт улан-кыздардын күү созолонтуп чыгып жатышканы, кыргыз ооз комузу ар дайым, даңазасы алыска тарап жатканы, дүйнөдөгү эң эски деген, эң байыркы тарыхы бар деген кытай иероглифтеринин эң оболу кыргыз тилинде жазылганы, чечмелениши, кыргыз тилинин ал эмес, жер бетинен жок болгон байыркы улуу цивлизациянын бири шумерлерге тектеш окшош чыгышы, байыркы элдер бир тилде сүйлөгөн деген сөздүн түбү барып кыргыз тилине такалышы дагы бир жолу Терасава акылман айткандай кыргыз элинин башына Кудай жүктөгөн улуу милдет миссия күтүп тургандыгы бул “Жашыл Китепте” айтылган. Кыргыз элинин өзгөчө артыкчылыгы үчүн болгону кыргыз элинин эң байыркы нур денелүү элдерден калган Эл экендиги, башка элдерге салыштырмалуу миллиондогон жылдардан бери жолуккан, Кыргыздын түпкү башаты Кыргыз Ата, Кыргыз Энеден келе жаткан Жан дүйнө байлыгы же Акыл Эс казынасы толгон Эл экендиги гана себеп деп айтылган. Кыргыз элинин башка элден дагы бир алдыңкылыгы же артыкчылыгы Кыргыз Ата менен Кыргыз Эненин кырк эркек, кырк кыздан турган кырк уруу кыргыз элине дүйнөнүн бир да улутунда жок каада-салттын эрежелеринин жол-жоболорунун сансыз жылдардан берки темирден бекем тартиптерин иштеп чыгып, кыргыз элинин кан-жанына бекем сиңиргенинде экен. Кыргыздын “Жашыл Китебинин” кыргыз тилинде жазылып, залкарлар Шүкүрбек, Жунай агалар колдоп, бул чыныгы Кудайдын кыргызга берген жакшылыгы деп сүйүнүп алкагандары, Жашыл Китепти жазып элге тараткандарга түздөн-түз чоң шык, дем берген. Ал кезде китеп болуп чыккан жаңы илимде жашыл Китептин кабарларында мындан ары “диндер биригет” деген бир эле сөздү түшүнүш кыйын болгон. Бирок, жашыл Китептин биринчи томдору жарык көрөрү менен Москва шаарында адамзат тарыхында биринчи дүйнөлүк ири диндердин чоң илимий конференциясы өткөнү да “Жашыл Китептин” окурмандары үчүн таң калыштуу жаңылык болчу. Себеби, ал кезде бардык диндер өздөрүн улуу, акыркы, чыныгы деп башка диндерге душмандык көз менен карачу эмес беле. Эми болсо бардык диндер бир Кудайдыкы экендиги аргасыз моюндалып Жаңы Илимдин Кыргызга келген “Жашыл Китептин” сырлуу түйүндөрү бир четинен чечмеленип, таралып башталышынын быйыл туура он жылдыгы болуптур. Ушу кыска он жылдык кыргызды ойготкон, кыргызды ойлонткон ири ачылыштардын эң бараандуу көрүнүктүүсү япон санаалашыбыздын ушул жыйында 25-августундагы сүйлөгөн сөзү болду.

Ырыс Жума, “Кыргыз Руху” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 18.09.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.