Мамлекеттик тилдин үч айлыгынын Жобосу

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында 2009-жылдын 1-сентябрынан 1-декабрына чейин мамлекеттик тилдин үч айлыгы белгиленет.

Иш чара республиканын бүт аймагында -райондордо, облустарда,шаарларда, билим берүү мекемелеринде, ишкана, уюм, мекемелерде (менчигинин түрүнө карабастан )бекитилген иш пландарга ылайык өткөрүлөт жана алардын аткарылуусун камсыздоо жергиликтүү жетекчилерге жүктөлөт. Максаты: “КР мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамдын (мындан ары -мыйзам )кабыл алынганынын 20 жылдыгын (1989-2009 )белгилөө менен, алдыдагы иш пландарга багыт алуу; мамлекеттик тилдин конституциялык даражасын чыңдоо, анын социалдык- коомдук маанисин жогорулатуу; рухий дөөлөттөрдү, маданий- тарыхый мурастарды кеңири даңазалоочу иш чараларды жандандыруу.

Шарттары,талаптары:

А. Ишкана, уюм, мекеме, маданий борборлор аткаруучу иш чаралар:
– Мамлекеттик тил мыйзамынын 20 жылдыгына карата мамлекеттик тилдин үч айлыгын өткөрүүнүн планын иштеп чыгуу;
– Көрнөк- жарнама, жазуу- сызуу, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү;
– Иш кагаздары ,тил үйрөнүү курстарын уюштуруу жана тастыктамаларды тапшыруу;
– Мамлекеттик тилдин үч айлыгына арналган бурчтарды (такта) уюштуруу;
– Мамлекеттик тилге арналган макала ,баяндама, ырларды маалымат каражаттарына жарыялоо;
– Мыкты мазмундуу дубал гезиттерди чыгаруу;
– Семинар, конференция, тегерек үстөл, талкуу, жыйын ж. б. уюштуруу;
– Улуттук үрп-адат, каада -салттарга (бабалар мурасы, улуттук оюндар, кол өнөрчүлүк) байланыштуу көргөзмө өткөрүү;
– “Ырдайлы кыргыз ырларын”, ыр кесе, элдик, атуулдук ырлар, улуттук аспаптарда чебер аткаруу ж.б.сынак, фестивалдарды уюштуруу;
– Мамлекеттик тил кабинеттерин уюштуруу жана аны улуттук өзгөчөлүктөгү жасалгалар менен жабдуу;
– Мамлекеттик тил маселесин көтөргөн маалымат каражаттары, журналисттер, теле -радио берүүлөр, редакторлорду аныктоо;
– “Мыкты мекеме”, мамлекеттик тилде иштей билген мыкты кызматкер, адис,бөлүм башчыларды аныктоо, сыйлоо;
– Мыкты айыл өкмөтү, бөлүм, район, шаарларды белгилөө ж.б.у.с. ар кандай, ар түрдүү формада иштерди да өткөрсө болот.

Б. Билим берүү мекемелери аткаруучу иш чаралар:
– Мыйзамдын кабыл алынганынын 20 жылдыгына карата мамлекеттик тилдин үч айлыгынын иш планын иштеп чыгуу;
– Мамлекеттик тилдин үч айлыгына арналган бурчтарды (такта) уюштуруу;
– Китепкана фондун кыргыз тилиндеги китеп, гезит- журналдар менен толуктоо;
– Мамлекеттик тилди окутуу боюнча жаңы усулдуктардын бет ачарын өткөрүү;
– “Үлгүлүү кыргыз тилчи”, “Үлгүлүү бала бакча, мектеп”, “Үлгүлүү кыргыз тили кабинети” сынактарын өткөрүү;
– Семинар, конференция, жыйын, тегерек үстөл, диспут, талкуу ж.б.уюштуруу;
– Олимпиада,таймаш , дебат ж.б.
– Белгилүү инсандар менен жолугушуу, чыгармачылык, автордук кечелерин өткөрүү ж.б.
– Мыкты дубал гезит, макала, баяндама, ырлар ж.б. жарыялоо;
– “Мамлекеттик тилдин келечеги -жаштарда” аттуу мыкты дилбаян, эссе, реферат, альбом, буклет ж.б.
– Бабалар мурастарынан сахналаштыруу (көрмө, укма тасмалар),улуттук оюндарды алып чыгуу;
– Элдик, атуулдук ырлар, улуттук аспаптарда аткаруу ж.б.
– Сүрөт, китеп, кол өнөрчүлүк көргөзмөсү ж.б.д.у.с. ар кандай, ар түрдүү формадагы иштерди өткөрсө болот.

Жыйынтыгы

Жобонун талап, шарттарына ылайык өзгөчө артыкчылыкка ээ болгон катышуучулар, эмгектер облустардан, шаарлардан республикалык мекеме, уюмдардан тандалып алынып, сыйлыкка сунушталат. Мамлекеттик тилдин үч айлыгынын жыйынтыгы тууралуу маалыматтар 2009-жылдын 10-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга жөнөтүлөт.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы,

Бишкек ш, Киев көчөсү, 96 Б, тел: 667503, 627929, факс: 667501 (04)

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.