Кыргызымда кызык көп

Эң көп обон чыгарылган ыр Эл акыны Сооронбай Жусуевдин «Унутпаймын» деген ыры. Ал ырга 5 автор Р. Абдыкадыров, Б.Тургунбаев, Э.Мааданбеков, Б.Усубалиев, Ж.Жумагулов обон чыгарган.

* * *

Эң көп псевдоними (жашыруун аты) бар акын Рамис Рыскулов, өзүнүн айтуусу боюнча 500дөн ашык псевдоними бар. 6 ат менен басма сөзгө чыккан.

* * *

«Эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн» деген сыйлыкты эң көп алган (6 жолу) бирден бир актёр Сүймөнкул Чокморов.

* * *

Көзү тирүүсүндө эң көп небере-чөбөрөлүү болгон Курманжан Датка. Датканын көзү өткөн учурда 96 жашында, анын 183 тукумунун 98и (2 уулу, 2 кызы, 31 небереси, 57 чөбөрөсү, 6 чебиреси) жашап жаткан.

“Эркин Тоо”, 01.03.2013-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.