Сулайман-Тоо: Фонтан чыры

d181d183d0bbd0b0d0b9d0bcd0b0d0bd-d182d0bed0beЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген Сулайман-Тоонун этегине Ош шаардык бийлиги фонтан куруп жатат. Адистер бул курулуш ЮНЕСКОнун талаптарына каршы келерин айтышууда.

Быйыл июнь айында Испанияда өткөн ЮНЕСКОнун 34-сессиясында Ош шаарындагы Сулайман-Тоо Дүйнөлүк мурастардын катарына киргизилген эле. ЮНЕСКОнун эрежелерине ылайык, дүйнөлүк мурастардын катарына киргизиле турчу жай бир катар талаптарга жооп бериши керек. Уюмдун адистеринин айтымында, ал талаптардын ичинде “дүйнөлүк мурас катары коргоого алынган жайда жана анын жака-белинде кеңири иликтөөсүз курулуш иштери жүргүзүлбөшү керектиги” да жазылган.

ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиянын баш катчысы Жыпар Жекшеевдин айтымында, бүгүнкү күндө Сулайман-Тоонун этегинде шаар бийлиги фонтан куруу менен алек. Анын пикиринде, бул сыяктуу аракеттер ыйык жай катары дүйнөлүк мурастардын катарына киргизилген тоого олуттуу зыян алып келиши ыктымал. Анын үстүнө тоо этегинде курулуш иштерин жүргүзүүдө ЮНЕСКОнун талаптары көз жаздымда калып кеткен:

– Сулайман-Тоону “Ыйык тоо” номинациясы менен ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурастар борборуна өткөрдүк эле. Кандай эмгек, кандай кыйынчылык, азап-тозок менен өткөргөнбүз. Мурда да тоого асма жол салабыз дешип, ошону токтотуш үчүн президентке чейин кирип атып, президенттин жарлыгын чыгартып атып араң токтотконбуз. Себеби ошону жактагандар абдан көп болчу. Бул жерде мен ачык эле айтып коеюн, өзүнүн жеке кызыкчылыгынын көздөгөн адамдардын кесепети болгон.

Ошентип отуруп ЮНЕСКОнун бардык талаптарын аткарганга жетиштик. Ошондон кийин гана биздин Сулайман-Тоону ыйык тоо катары бүткүл дүйнөлүк мурастар борборуна кабыл алышкан. Бирок бүгүн асма жол салбаса дагы, жергиликтүү бийлик тоо этегине фонтан салабыз деп, курулуш баштап отурат.

Буга чейин президент Курманбек Бакиев Ош шаарын көрктөндүрүү үчүн 25 миллион сом бөлдүрүп, Бишкектеги Ала-Тоо аянтындагыдай күйүп-жанган фонтан куруу чечими кабыл алынган. Шаар бийлиги андай фонтанды Сулайман-Тоонун этегине курууну ылайык көргөн.

“Ыйык Сулайман-Тоо” долбоорунун координатору, Илимдер академиясынын тарых жана маданий мурастар институтунун өкүлү Бакыт Аманбаеванын айтымында, Кыргызстан көптөгөн түйшүктөрдөн кийин гана Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүүгө жетишкен. Эми ыйык жайды сактоо талаптары бузулуп жаткандыктан, болочокто Кыргызстан ЮНЕСКОнун тизмесинен чыгып да калышы ыктымал:

– Биринчиден, мындай жайлар эки жылда бир ЮНЕСКО тарабынан текшерилип, көзөмөлдөн өтүп турат. Экинчиден, бизге ушул жылдын апрелинде дүйнөлүк мурастар борбору бир топ так суроолорду беришкен. Ошолордун ичинде мындай абдан так суроо берилген. “Дүйнөлүк мурас боло турган аймакта курулуш болобу же болбойбу”,- деген.

Ошондо биз маданият министринин атынан, өзүнүн колу коюлган жооп жөнөткөнбүз. “Жок, мурастарга кире турган жайда жана анын жанында эч кандай курулуш болбойт”,- деп. А бүгүн эмне болуп атат? Уят эле…

Ош шаар бийлиги курулуп жаткан көркөмдүү фонтан Сулайман-Тоого эч бир терс таасирин тийгизбесин, тоо этегиндеги иштебей турган эски фонтан гана жаңыртылып жатканын айтууда. ЮНЕСКОнун өкүлдөрүнүн суроосуна Ош шаар мэри Мелисбек Мырзакматов курулуш иштери атайын комиссиянын чечиминен кийин, Маданият министрлигинин уруксаты менен жүргүзүлүп жатканын айткан.

Маданият министринин орун басары Тамара Обозова “Азаттыктын” суроосуна жооп берип, Сулайман-Тоонун этегине эки фонтан курулуп жатканын, атайын адистер курамында турган комиссия карап чыгып, “жаңы курулуш тоого зыян келтирбейт” деген бүтүмгө келишкенин билдирди:

– Ал үчүн биз атайын комиссия түзгөнбүз. Комиссия ошонун баарын изилдеп чыккан. Ош шаар мэриясында чоң чогулуш өткөргөнбүз. Ага чейин барып фонтан кандай курулат, эмне болот, зыяны тийбейби деп иликтегенбиз. Чоң сөз кылганбыз.

Ошондо ошол жактан бир пикирге келгенбиз. Фонтанды кура берсе болот деген. Аны адистер өздөрү да изилдеп көрдү, Сулайман-Тоого зыяны тийбейт деп айтышкан. Анан азыр эле эмнеге мобундай деп атышат билбей атам. Бакыт Аманбаевга адис катары өзү катышкан.

ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиянын баш катчысы Ж.Жекшеевдин айтымында, Сулайман-Тоо дүйнөлүк мурас катары таанылган учурда өлкөгө чоң пайда алып келмекчи. Ал үчүн ыйык жайды сактоо эрежелерин аткаруу керек. ЮНЕСКО өз тизмесинде турган дүйнөлүк маданий жана табигый мурастарды коргоого да кыйла каражат бөлүп келет.

Эскерте кетсек, буга чейин Сулайман-Тоого асма жол салуу демилгеси да көтөрүлүп, адистердин кийлигишүүсүнөн кийин гана токтотулган болчу.

Илим Жанузаков, “Азаттык”, 18.09.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.