Калем: Акын тагдырын алдын-ала жазат

Бул жолку каарманыбыз Бакен Кыдыкеева атындагы сыйлыктын ээси, актриса, акын Сайра Батыркулова. Анын ырлары негизинен сүйүү темасына арналган.

2001-жыл…

Бул жылы Бишкектеги чыгармачыл жаштардын башын бириктирген “Нурборбор” коомдук уюму түзүлгөн. Эч кандай колдоочусу жок өз алдынча чогулушкан ондогон чыгармачыл жаштар ижарага чакан бөлмө алып, бирок ага батпай калышаар эле. Ошол себеп, калаанын борбордук сейил бактарында ыр окушуп, бири-бирин мугалимсиз тарбиялаган деп айтылат. Ал эми ошол улан-кыздар арасында Сайра Батыркулова өзүнүн сезимтал, назик саптары менен өзгөчөлөнүп турчу.

“Мен сүйүүмө жеткем”

Кыргыз акын кыздары көбүн эсе жоопсуз сүйүүнүн азабын тартышат. Мен да убагында азыркы жолдошумду абдан сүйгөм, кызгангам. Ошондуктан ырымдын баары бир гана сүйүү, сезим темасы. Башка темага кайрыла албайм дээрлик. Сүйүүнүн баркын негизи адам өзү кетирет. Мен болсо аны кастарладым го дейм. Адатта, акын кыздар “сага жетпей калдым”, “сен мени таштап кеттин” деген саптардан чыга алышпайт. Бирок менин дээрлик ырымда “сен баары бир мендиксиң” деген менчиктөө жогору болгон. Оозго салып бергендей мен ошол кезде азыркы тагдырымды жазсам керек.

КАЙТЧЫ ЖАЗДАН КЕЧИКПЕЙ

Атыңды атап күндө нечен жалынам,
Көңүлүмө түйүп алган ырымдай.
Каухардай берметтелген сезимди,
Көмүскөгө жашыруунун кыйыны ай.

Жарып чыкты бүгүн айтып жар салдым,
Көрө албастын күбүрүнө терикпей.
Сүйөм дедим, сөзүм сага таандык,
Кайтчы жаным, кайтчы жаздан кечикпей.

 

СЕН МЕНДИКСИҢ

Сен мендиксиң, сен мендиксиң себеби,
Ашыктык тартып бүттүм жазасын.
Экөөбүзгө сен көрсөткөн жылдыздын,
Жарым түндө сурап алдым батасын.

Сен мендиксиң, жаштык кылып жаңылып,
Балким азыр туюна албай жатасың…
Бактың болуп мен торуңа конгондо,
Түзөтөөрсүң кемтигиңдин катасын.

Сен мендиксин, башкы себеп махабат,
Сенүү болуп, мени уладым жаш жаным.
Өз бактымдын пайдубалын курууда,
Жол бошотпойм бактысына башканын.

Сен мендиксиң, сен мендиксиң себеби,
Ашыктык тартып бүттүм жазасын.
Жараткандан өмүрлөшүң болууга,
Жарым түндө сурап алдым батасын.

 

БУУРУЛ ТАҢ

Буурул таңда мээрим сезип шооладан,
Бүгүн дагы карегимди суулагам.
Өзгөлөргө бийлетпөөгө ант берип,
Өзүм анан өз оюма ууланам.

Мурун деле сүйгөн жаным куураган,
Бирок мындай сабыр чегин бузбагам.
Көз мончоктой көйнөгүң тагылып,
Билбейм сени неге мынча кызганам.

Жазгүл Жамангулова“Азаттык”, 19.09.2009-ж.

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.