Жусуп Баласагын жана анын даңазалуу дастаны

Түрк тилинде жазылган алгачкы дастан

XI-кылымда Карахандар мамлекетинин коомдук-саясый, экономикалык жана маданият жагынан бир кыйла өсүп-өнүгүп калган мезгилинде жазылып, тарыхтын бир бүктөмүндө тапталып калбай, өзүнүн маани-маңызын, идеялык-көркөмдүк өзгөчөлүктөрүн толук түрдө сактоо менен биздин бүгүнкү күнгө жеткен, түрк тилинде жазылган эң алгачкы көлөмдүү поэтикалык эстеликтердин бири кыргыз элинин улуу акыны Жусуп Баласагындын “Кутадгу билиг” (“Куттуу билим”) аттуу дастаны болуп саналат.

Чындыгында эле “Кутадгу билиг” түрк тилинде жазылган эң алгачкы дидактикалык, адеп-ахлактык, коомдук-социалдык, философиялык дастан экени талашсыз чындык. Бул туурасында Жусуп Баласагын өзү да дастандын кириш бөлүмүндө:

“Китепти окуй турган окурманым,
Көркүнө түрк сөзүнүн нак тунарсың”

“Китеп көп арап, тажик тилдеринде,
Бул китеп эң биринчи биздин тилде” – деп атайлап эле баса көрсөтүп, эскертип жазат. Мунун тууралыгын академик В.В.Радлов баштап, кыргыз окумуштуулары: Ө.Караев, К.Артыкбаев, З.Эралиев, С.Сыдыковдор колдошуп, талаш туудуруп жүргөн уйгур тилинде эмес, “Кутадгу билиг” накта түрк тилинде жазылганын аныкташты.

Эми түрк тили дегенде биз кайсы тилди түшүнөбүз. Айрым окурмандар түрк тили десе эле азыркы Түркия мамлекетинин тили деп түшүнүшөт. Кыргыз элинин тилине дегеле жакындаткысы келишпейт. Бул туура түшүнүк болуп эсептелбейт. Ал тургай бабаларыбыздын тарыхын билбегендик, тарыхый жактан чектелгендик да болуп саналат.

Карахандардын мамлекетин түзгөн элдин басымдуу көпчүлүгү кыргыздар болгонуна тарыхчыларыбыз Өмүркул Караев жана Закир Эралиев ж.б. өз илимий эмгектеринде эң эле ишенимдүү аргументтер менен далилдеп беришти. Бул кашкайган эле тарыхый чындык.

Жусуп Баласагынды көп жылдар бою изилдеп келген окумуштуу-тарыхчы, З.Эралиев өз илимий эмгегинде Ө.Караевдин: “Борбордук Тянь-Шандан (Теңир-Тоодон) чыккан көчмөн уруулар: чигилдер, карлуктар, ягма, тухсилер ж.б. биримдигине таянып, карахандыктар өз мамлекетин түзүшкөн” деген оюн толук колдоо менен мындай жыйынтыкка келет: “Жазма булактар жана окумуштуулардын көз караштары боюнча мына ушул аталган көчмөн уруулар: ягма, тухси, чигил, карлук кайсы элге таандык деген суроо туулат. Бизге жеткен фактыларды иликтеп көрсөк, алардын жайланышкан жери, жүргүзгөн кесипчилиги, турмуш-шарты, үрп-адаты, салт-санаасы ж.б. боюнча алар кыргыздарга таандык, кыргыздардын ата-бабалары болгон, кыргыз эли түзүлгөн мезгилде бул уруулар жуурулушуп кетип, бир элди – кыргыздарды түзүшкөнү талашсыз маселе” – деп өз оюнун чындыгын далилдейт.

Ал эми Жусуп Баласагындын замандашы Махмуд Кашгари өзүнүн “Диван лугат ат-түрк” деген сөздүгүндө: “Андан соң – кыргыз, кыфчак, огуз, тухси, йагма, чигил, ыграк, чаруктар. Алардын нукура түркчө жалгыз тили бар” – деп жазат. Мына ушул уруулардын бардыгы кыргыздардын жеринде жашап, кыргыз элин түзүшкөнү тарыхый чындык.

Ошондой эле түрк тилдерин жакшы билген окумуштуу-түрколог С.Сыдыков дастандын тили туурасында: “Эстеликтин тилин талдай келсек, мында Орхон-Енисей жазмасындагы сөздөр дээрлик сакталган (оглан, эр, киши, болмуш ж.б.). Азыркы кыргыз тилинин өзгөчөлүгү деп таанылган үндүү тыбыштардын жоон, ичке болушуна карап ээрчип өзгөрүшүн да көрүүгө болот. Мындай өзгөчөлүк азыркы Орто Азиядагы түрк тилдеринин бирине да мүнөздүү эмес” – деген илимий жактан так аныктамасын ортого салат.

Түркий тилдеги элдер менен ата-бабабыз бир, түпкү атабыз Түрк экени “Манас” эпосунда да эчактан бери айтылып келе жатат.

Демек, дастандын тили, Карахандар мамлекетинин мамлекеттик тили, ХI кылымдагы кыргыздар сүйлөгөн тил болгон жана азыркы кездеги кыргыз элинин тилине өтө эле жакын, түшүнүктүү тил десек эч кандай жаңылыштык болбойт.

Жусуп Баласагын өзү да “Кутадгу билиг” дастанында:

“Китеп сөзү – Бограхан заң-зили,
Маңызы да, өзөгү да хан тили”

– деп бул кесиптин тили, Тавгач Кара Бограхан хандык кылып турган мамлекеттин мыйзамдуу тили, Карахандар өлкөсүнүн мамлекеттин заң-закон, мыйзам тили экендигин атайын эле баса белгилеп жазат.

Демек, “Кутадгу билиг” дастаны орто кылымдагы кыргыз-түрк тилинде жазылган, 85 бөлүмдөн, 6645 кош ыр саптарынан турган кыргыз элинин маданий дөөлөтү, руханий дүйнөсүнүн улуу мурасы болуп саналат.

Баласагын шаарынын тегерегиндеги талаш

Жусуп Баласагындын өмүрү жана чыгармачылыгы туурасында азырынча эч маалымат жок. Ал гана тургай Жусуптун “Кутадгу билиг” дастанынан башка чыгармалары биздин күнгө чейин белгисиз бойдон калууда. Чындыгында, кылым карыткан залкар дастанды жараткан таланттуу, ойчул, даанышман акын Жусуптун дагы да көптөгөн лирикалык жана эпикалык чыгармалары болушу мыйзамдуу көрүнүш.

“Он сегиз ай ичинде жазып бүттүм,
Терип сөздүн асылын келсе жөнү!”

– деп акын өзү айткандай он сегиз айда “Кутадгу билигдей” көлөмдүү дидактикалык, социалдык-философиялык залкар дастанды жазып бүткөн Жусуп калган өмүрүндө да бир канча чыгармаларды жараткандыгынан эч ким шек санабайт. Бирок, ал чыгармалар туурасында азырынча эч кандай дарек жок.

Белгилүү тарыхый маалыматтарга караганда Жусуп ХI кылымдын башында (туулган жылы азырынча белгисиз) азыркы Токмок шаарынын түштүк тарабындагы Чүй районуна караштуу Ак-Бешим, Бурана айылдарынын аймагындагы Баласагын шаарында туулган. Баласагын шаарынын дагы бир аты Куз-Ордо деп аталат. Байыркы Орхон-Енисей кыргыз-түрк жазуу эс-теликтеринде “куз” деген сөз “тескей” деген маанини берет.

Демек, байыркы ата-бабаларыбыздын тили бул жерде өзгөрүүсүз колдонулганын көрөбүз. Куз-Ордо, азыркы кыргыз тилинде Тескей-Ордо деген мааниде айтылат. Баласагын шаары, чындыгында эле, тескейи жаккы тоонун этегинде жайгашканы жалпыга белгилүү эмеспи.

Эми бул жерде Баласагын шаарынын Куз-Ордо аталып калышына да күмөн санаган бир ойду айтууга болот. Бул шаардын экинчи аталышы Куз-Ордо эмес эле, Кут-Ордо болушу мүмкүн деген ой келет. Себеби, “Кутадгу билиг” дастаны Кут-Ордодо жазылышы жүйөлүү болуп турат.

(Уландысы бар)

Абдыкерим АБДЫРАЗАКОВ, Жусуп Баласагын атындагы
Кыргыз улуттук университетинин профессору
“Кыргыз туусу”
(“Кыргыз гезиттер айылы”), 06.10.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.