Отунчиев: Ар бир адамдын өзганасы болушу керек

Эл жазуучусу Элүүбай Отунчиев элетте жашап, айыл турмушун, кыргыз элинин тарыхын көркөм иликтеп келаткан сүрөткер.

Анын чыгармалары, роман, повесть, аңгемелери кызыгуу менен окулат. Эгемендик тушунда жазуучу тарыхый темага кайрылууда. Элүүбай Отунчиев жакында президенттин колунан Эл жазуучусу наамын алды.

“Азаттык”: Элүүбай ага, социализм доорунда эки жылда бирден китептериңиз чыгып турду, анан кийин бир топ жылдар тыныгуу болуп, эгемендик заманда болсо ири эпикалык чыгармаларга өтүп кеттиңиз. Сиз чыгармаларыңызды социализм, кийинки доор деп бөлөсүзбү?

Элүүбай Отунчиев: Мезгил өз тамгасын басат го. А мен өзүмдүн чыгармаларымды мезгилге карата бөлгөндү туура эмес деп эсептейм. Бу чыгармачылык, бала кезден көздөгөн максат болот. Ошол максат деп келе жатабыз. Саякбай манасчы айткандай, Тайтору алтымыш асыйында чуркап атпайбы. Ошондой болуп биз да келатабыз. Ортодо бир жыйырма жылдай тыныгуу болду. Ал тыныгуунун себеби бар. “Айыл таңы” деген китебимде “Ташбака” деген повесть бар. Ошол повесттин прототиптери менин үстүмөн арыз жазышкан, ал кезде партиянын заманы. Райондук гезиттеги абалды жазган элем. Райкомдун бюросунда карап, партиядан чыгарып, соттомок болушуп, ушундай максатты көздөшкөн.

Партиялык бюродо карап, учеттук карточкама жазышып, катуу сөгүш беришип, мен жумуштан кетүүгө аргасыз болгом. Беш-алты жыл ар жерде жүрдүм. Кийин Жазуучулар союзуна Чыңгыз Айтматов төрага болуп калды. Өскөн Даникеев, Жолон Мамытов катчы эле. Ошолордон кат барып, ошол кезде райкомдун биринчи катчысы Эргеш Ормонов болчу. Кат баргандан кийин уруксат берилип, басма сөздө кайра иштеп калдым. Материалдык, рухий жактан кыйла басынып, көп жылдар жазбай калдым. Ал кезде аябай окудум. Тарыхый чыгармаларды көп окудум, ошол кезде материалдар жыйналып-жыйналып отуруп, эгемендик заман келгенде эпикалык чыгармаларга өтүп кеттим.

“Азаттык”: Сиздин чыгармаларыңызда адеп-ыймандык тазалык, рухий тазалык маселелери курч коюлат. Заман өзгөрүлүшү менен моралдык-этикалык баалуулуктар өзгөрүлүп кеткен жокпу?

Элүүбай Отунчиев: Баалуулуктар адам баласы жашап турганда кала берет. Себеби ал адам баласына керек. Адам баласы, коом дайыма өнүгүштө болот, артка кетпейт, дайыма алдыга умтулат. Баалуулуктар анча-мынча өзгөрүшү мүмкүн, бирок негизги баалуулуктар кала берет деп ойлойм.

“Азаттык”: Элүүбай ага, куугунтукка кабылганыңыздын жакшы жагы да болду окшойт. Бош жүрбөй материал топтоп, эгемендик маалда үч чоң эмгек жараттыңыз. Мен бул жерде “Молдо Асан”, “Жеңижок” баяндарыңызды, ушу тапта китеп дүкөндөрүндө турган “Баарындар” деген китебиңизди эске алып жатам. “Молдо Асанда” орус бийлиги орнотулгандан кийинки мезгил, “Сынган кылычты” тематикалык жагынан уланткан чыгарма жараттыңыз. Бул чыгарма кандайча жаралды?

Элүүбай Отунчиев: Буга себеп Молдо Асандын өзү болуп калды. Ал өзү бий, молдо, адилет, кеменгер, даанышман адам болгон экен. Анын үстүнө Молдо Асан биздин айылда туулган, туугандары да биздин айылда жашайт. Илгерки карыялар ал жөнүндө көп айтышчу, отурган жерде кеп болчу эле. Ошол кишинин элесин чагылдыруу, анан ошол доор адабиятта жакшы ачылбай калганын эске алып, мен өз алдымча падышалык Орусиянын доору, алардын максаты эмне болгон, кыргыз мыктылары ал кезде кандай иш кылган, алардын бири-бири менен мамиле-катыштары, кыскасын айтканда, кыйынчылык учурдагы эл ишенген лидерлер тууралуу, алардын баштаган багыты, элдин ишеними тууралуу жаздым.

Мезгил өткөн сайын эски доор унутулуп кала берет экен. Эгер ошол доорду туура чагылдырып, көркөм сүрөтүн тартып берсең кийинки муун ошол доор жөнүндө туура маалымат алат. Мына ушул максатты көздөдүм. Анын үстүнө биздин тарыхчылар окуяларды тизип кете берет, анын себептерин ачпайт же башкача ачып коёт. Ал эми көркөм чыгарма аны өтө кеңири баяндап, каармандардын кулк-мүнөзү, элдин каада-салтын, ой-пикирлерин, ошолордун санаасын толук чагылдырат. Мен кыргыздын балдары-кыздары өткөн замандарды биле жүрсө, ата-бабасынын каада-салтын түшүнсө, глобалдык өзгөрүштөр болуп аткан чакта кыргыздын салты сакталып калса, кыргыздын касиети өчпөсө деген ой-максатта жаздым.

Ар бир улут өзүн сактоого аракет кылат. Байыркы эл кыргыз өзүнүн салтын, касиетин сакташы керек. Дүйнөгө кыргыз бекер жаралган эмес. Кыргыз канча кылымдарды, канча согуштарды, канча сыноолорду башынан кечирген, жортуулдарда жеңип келген, ошонун сыры эмнеде? Мына ушул маселени көркөм изилдөө да. Эми мындан аркы чыгармаларда да ушуну уланткым келет.

“Азаттык”: Элүүбай ага, “Молдо Асанга” улай кыргыз акындар поэзиясынын эң мыктыларынын бири, айтылуу Жеңижок тууралуу үчилтик роман жаздыңыз. Буга кандайча кайрылып калдыңыз?

Элүүбай Отунчиев: Улуу инсан деп атпайсызбы. Инсан – личность, мына ушул сөз тарап кетти. Мен муну өзгана деп алдым. Өзгана эч убакта башка бирөөгө окшобойт. Мына азыр жер шаарында жети миллиард эл бар экен, ошонун ар бири өзүнчө өзгана болушу керек. Бирок кайталангыс өзгана болуш үчүн өзүнчө бир аалам болушу керек. Менин Жеңижокко кайрылганымдын себеби, Жеңижок да биздин чөлкөмдөн чыккан. Айылда туугандары турушат, карыялар да Жеңижок тууралуу көп айтышчу. Совет өкмөтү тушунда Жеңижок изилденбей калган. Ал диний темадагы ырларды жазып, өзүнүн көз карашын ачык айткан. Бирок көркөмдүгү жагынан, даанышмандыгы жагынан ал кыргыз акындарынын алдында турат. Менимче, ушул Арстанбектен кийинки орун Жеңижоктуку болуш керек. Ал убакта Жеңижоктун чыгармалары басмадан чыккан эмес, Академиянын кол жазмалар фондунда сакталып турган экен. Мен ошол кол жазмадагы чыгармаларын окуп, айрым ырларын көчүрүп алып, андан кийин Аксыга, Кара-Сууга барып ал жерде Жеңижокту көргөн кишилер менен сүйлөшүп, ошентип 70-жылдардан бери Жеңижокту иликтеп, даярданып жүрдүм. Кийин 1982-жылы Асанбай Жусупбековдун демилгеси, аракети менен китеп чыкпадыбы. Чыңгыз Айтматов баш сөз жазып, Аман Токтогулов сын макала жазып, ал жыйнак чыккан. Албетте, ал жакшы иш болду. Бирок ал Жеңижоктун чыгармаларынын кыпыны десек болот. Ал эми көп чыгармалар оозеки эл арасында калды. Ал киши өзү жазуу жазып китеп чыгарам деп жүргөн экен. Алардын баары жоголуп кетти. “Ак куржун толо ыр калды” деп. Анан мени ушул тагдыр кызыктырды да. Жеңижок кандай киши, кандай акын болгон, Токтогул кандай акын болгон, ошонун замандаштары кандай болгон? 19-кылымда акындык поэзия өтө өркүндөгөн да.

“Азаттык”: Мына дагы бир китебиңиз, мен анын жанрдык аныктамасын аныктай албай турам. “Баарындар” деген китебиңиз эмне жөнүндө?

Элүүбай Отунчиев: Санжыра да бул кыргыздын оң канатынан чыккан уруу. Тагай бийден тарайт, Карачородон. Бул санжыра.

“Азаттык”: Элүүбай ага, ырахмат, чыгармачылыгыңыз өркүндөй берсин!

Бекташ Шамшиев, “Азаттык”, 28.01.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.