Чыгармачыл адамдар улуулукка умтулат

“Тагдыр жана тасма” китебинин автору Данияр Исанов Талас аймагында туулуп өскөн. Учурда жергиликтүү телеканалдардын биринде алып баруучу болуп эмгектенет.

Данияр Исановду калемдештери, “ал өзүнүн турмуштук эссе, аңгемелери менен өзгөчөлөнөт”, – дешет. Чынында 1998- жылдан баштап чыгармачылыкка аралашкан улан- кыздардын көбү поэзияга беттеп, арасында бирин- экини гана проза менен алектенип келгенин көрүүгө болот. Алардын бири бүгүнкү каарманыбыз болгон Д.Исанов. Автор өзү чыгармачылык “Азаттыкка” төмөндөгүдөй маек куруп берди.

Жаш калемгерлер арасында чыгармачылык үчүн көр тирликтин айрым мыйзамдарын чанып же көртирлик үчүн бүтүн чыгармачылыкты курман кылгандар бар. Сиз кайсыл тарабына киресиз?
– Өтө жакшы суроо. Өзгөчө чыгармачыл адамдарга азыр убал эле болуп калды. Материалдык нерсе көп маселени чечип турган ушундай шартта чыгармачылык туурасында сүйлөө мүмкүн эмес. Мен да жашоодо өтө кыйналдым, ичип кеткенге чейин баргам. Бирок соңку кездер баарын ордуна коюп келе жатам. Бара- бара көсөм болот экенбиз да. Бирок чыгармачыл адамдар арасында өжөр, эрктүүлөрү да бар.

Чыгармачылыкта сизди иренжиткен нерсе эмне?
– Халтура. Кандай гана чыгарма болбосун, кандай гана чыгармачыл адам болбосун бирөөнү туурап жазуу. Тилекке каршы, бизде чөп башылап жазгандар өтө көп.

Жөн жай адамдарга караганда чыгармачыл адамдар арасында көбүрөөк өлүмдү самап, өмүрдү чанган учурлар көп кездешет дешет?
– Жашоонун өзүнүн маңызы трагедия. Трагедия – бул улуулук. Демек ар бир чыгармачыл адамдын ички дүйнөсүндө улуулукка умтулуу негизги орунда.


Изденүү
(Эссе)

Агезде мен Күн менен кошо туруп, Күн менен кошо жатчумун. . . Күндүн мурду көрүнөөр замат, өзүмдү аманат катары табыштап жатып:
– Оо, Улуу Күн! Бүгүнкү күнүм кандай өтөт, өзүңө гана маалым. А мен болсо, ишке жөнөдүм. Кечке чейин мени эсен-соо сактап, Түнгө тапшыр! А Түн экөөбүз эзелтен сырдашпыз. Мени кечиргей экенсиң! Оокат деп жүрүп, сени менен сырдашканга эч убакыт табылбайт! Аман болсок, далай ирет сырдашаарбыз! – деп өзүмдү түндө жаткан деңиздин жээгине калтырып коюп, жумушка ашыгам.
***
Анан керелден-кечке иш деп атып, убакыттын кандай учканын аңдабай калчумун. Качан гана Күн уясына батып баратканын көрө калып, кокуй, өзүмдү деңиздин жээгине эле калтырып келбедим беле? Ата Журтунан алыс жүргөн неме, эмне кылып атты болду экен деп санааркап, ар күнү түнөчү жээктен өзүмдү издеп жөнөчүмүн.
***
Адамдар мен сыяктуу өзүлөрүн издешет болду бекен? – деп өзүмө суроо салчумун. Бала күнүмөн ушундаймын. Өзүмдү издегенге маш болуп бүткөм. Муну мага эч ким үйрөткөн эмес. Менимче, бул жаман өнөр эмес болуу керек?! Өзүңдү издегениң өмүрдүн натыйжасын издегенге тете эмеспи. . .
***
Мен ошондо өзүмдү иңир киргенде эле издеп, катуу жаңылыпмын. Издегенге убакытты аябай аз бөлчүмүн. Көрсө, адам өмүр бою ар бир баскан кадамынан өзүнүн калган издерин изилдешке, ар күнү өзүн жоготуп ийбей издеп таап алышка милдеттүү экенин жылдар өтүп, кеч түшүнүп жатканыма өкүнөм?!
***
Издеген жаман эмес. Турмуштан жакшы нерсени издеп жүрүп өткөн жакшы. Баарынан жаманы, издебей коюу. Тагыраак айтканда, изденбей калуучулук. Жашоодо адамдар экиге бөлүнөт. Изденгендер, анан изденгенден эрингендер.
***
Айрымдары изденип олтургандан эринишип, изденип жүргөндөрдү аңтарганды жакшы көрүшөт. Эң оор күнөөлөрдүн бири деп эсептейм. Кудум уурулук сыяктуу. Кимдир бирөөнүн жан дүйнөсүнө кол салып, оюн уурдагандан Кудай өзү сактасын. Чоң кылмыш!
***
Эгер сен кылмыш кылгандан, киши өлтүргөндөн, уурулук кылгандан, карактагандан, анан калп айткандан корксоң, анда ушул сапаттар изденгениңе кам көрө ала турган, эч качан урабас шатылардан болуп берээрине ишен!
***
Ошол шаты менен талбай өйдө чыгып олтуруштун өзү, албетте, кажыбаган кайратты, ноюбас эркти талап кылат. Башка нерседен коркпосоң да эркиңди жоготкондон, кайратыңды качыргандан корк! Кайрат менен эрк -адамды эч качан сатпаган, алдабаган достордон.
***
Шатыдан кулайм – деп, коркпо достум! Көкүрөгүң тунукпу, анда ал шаты сени эч качан кулатышка акысы жок. Жийиркеничтүү иштерди жасап жүргөндөрдүн жүзүн көргөндө – жийрикенген эле жакшы. Жүзүң курсун! – деп өз жүзүңдү буруп кетип, таза сактап кал. Ириде, көңүлүң түз, түсүң ийги болсун!
***
Байкайсыңбы, курбум, өзүн издебей унутта калтырып коюшкандардын дээрлик бардыгы, жаман иштерге кириптер болуп атышканын. Турмуш мага эчен курдай: “изденсең, жүрүп олтуруп өзүңдү табасың!” – деген.
***
Ошондон бери карай өзүмдү кеч күүгүмдө гана эмес, күндүзү да түнү да издеп олтуруп, изденип жаңы тапкандагым. Кай бирде таап алып төбөм көккө жете кубансам, кай бирде турган эле жерден өзүмдү жоготуп ийе жаздап, күйбөгөн жерим күл болгон учурлар көп болду. . .

Жазгүл Жамангулова, «Азаттык», 27.10.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.