Ш.Дүйшеев. Агындылар

(Уландысы. Башы)

МЕЛИС

Ал адегенде «Ленинчил жаш» гезитинде калем кайрап, андан кыргыздарды оңой-олтоң эле ишке ала койбогон орус тилдүү «Комсомолец Киргизии» гезитинде жөн кабарчы эмес, болгондо да жооптуу катчы болуп иштеп, андан түз эле ЦК комсомолдун сектор башчылыгына чейин өсүп барган. Мелис бийликтеги «кандын» даамын биринчи жолу ушул жерден таткан. Мындай жанга жагымдуу даамды ал чоң атасы менен чоң энеси салып бышырган эски тамдагы Ат-Башынын согумунун этинен да татып көргөн эмес эле.

* * *

Спортто жеңишке эрежеге таянуу менен жетсе, саясатта жеңишке эрежеге таянып жеткен жанды көргөн жокмун. Мелис да ошол көп саясатчылардын бириндей эле жеңишке жетиш үчүн каршылашын оңуту келе калганда жырткычтай тытып, экинчи тургус  кылып жанчып, тарпын тепсеп баса бергенден аянчу да, уялчу да эмес.

* * *

Мелистин мээсин «сейфинде» дайыма италиялык саясый ойчул, мамлекет башкарам дегендердин намаз китебине айланган Макиавеллинин «Өкүмдар» («Государь») деп аталган китеби, анын ичиндеги: «зарыл болгондо сатылып да, сатып алганга да, зарыл болгондо адамга да, айбанга да, зарыл болгондо арстанга да, түлкүгө да айланганга даяр тур, максатыңа жетиш үчүн ар кандай ыплас, ыймансыз жолду баскандай тартынба» – деген насааттары сакталуу турчу.

* * *

Интриганын ити чөбүн алгач дал ушул комсомолдун акырынан жеп барып партиянын жайытына чыгып кетерин ал ушул жерден түшүнгөн. Дээринде кашкөй, дайыма эски нерсени бузуп ыргытып, жаңысын жасаганды жакшы көргөн Мелис авантюристтик оюн жүзөгө ушул жерден ашырган. Ал  чаламандын чак түшүндө, өмүр бою Комсомолдун Борбордук Комитетинин барабанын кага берип «ляппай» болуп бүткөн, анын кол бала гезитине айланган «Ленинчил жаштын» башкы редакторлугун калайык-калкты каратып туруп, «түндүктөн түшүп» келип «тартып» алган.

* * *

Тартып алганда да жаңы заман келатканын, ал жөн эле келбей алай-дүлөй менен келатканын же сезбеген, же сезсе да «кокус алай-дүлөй болсо да ал сөзсүз ЦКанын гана буйругу менен болот» деп ойлогон, ойлоп эле тим болбой партиянын «теспесин» тартып, партиянын шарияты менен жашап көнгөн партиянын «абийири» жана «ар-намысы» болгон ыйман-ызатуу Акбар Рыскуловдун жаш, бирок айласыз ыкшоо, жаңыга жабыша калганды билбеген ийкемсиз командасынан тартып алды. Комсомолдун чукул жыйналган республикалык уюштуруу жыйынында Мелис олтургандардын оозун ачырып, Жалал-Абадда төрөлгөндүгүн тастыктаган паспортун алып чыгып көрсөткөн. Бийлик дегенде эки бөлүнүп көнгөн бир кыргыздын улан-кыздары уу-дуу түшүп, айрыкча түштүктөн келген жаштар «өз балабыз турбайбы-лап» түп көтөрө Мелисти колдоп чыга беришкен. Эгер Тогуз-Торо району ошондо Жалал-Абадга эмес, мурдагыдай Нарын облусуна караганда эмне болот эле? Түштүктөн келген жаштар добушун ага берет беле? Авантюрист Мелис жеңишке ушундай жол менен жеткен.

* * *

Ыраматылык Брежнев айдап бараткан поюзду «шакылдап жүрүп баратат» деп ишендиргенине карабастан «Советтик Кыргызстан» менен «Ленинчил жаш» гезиттери токтоп калган саатка окшоп, убакыт, мезгил дегендер эми алардын жезнай жебелери менен өлчөнбөй калганын, айдатма системанын күнү бүтүп калганын Мелис эң сонун билген.

* * *

Ал жаркылдаган өңү менен далайлардын ишенимине кирип, жакын болуп, дос болуп туруп жайлаган. Анын саясый жыт алуу туюму ошо кезде эле укмуш болчу.

* * *

Барары менен «Ленинчил жаштын» бир кылымдык атын «Жаштык жарчысы» деп өзгөрттү. Өзүлөрү жалаң капиталисттик өлкөлөрдүн костюм-шымын кийип, галстугун тагынып алып кайра капиталисттик өлкөлөрдү сөгүп турган сүйлөмдөрдөн башканы жанына жакын жолотпогон гезитке кыргыздын керемет жазуучусу Кубат аке Жусубалиевдин жупуну, жылаңбаш, жылаңайлак сөзүн, сөзүн эле эмес өзүн да алып кирди. Жалаң КПСС менен башталып, КПСС менен бүткөн сүйлөмбайлар араң эле тургандыктан казыгын үзө чуркап, чынжырынан бошонгон итке окшоп Кубат акени ээрчип кетти. Кубат акенин ойлорун минген жылаңач сөздөр тыраалап эки санын чапкылап, далайдын акыл-эсин аңги-даңги кылды. Бир карасаң жайылып жүргөн уйдай, багылып жүргөн койдой, басып жүргөн жолдой жөп-жөнөкөй. Ошондо «мен деле жазсам болот турбайбы!» деп делбетап болгондордун көбү «жолоочуну ээрчип ит өлөт» болуп көбү Кубат акенин жазганындай жазам деп, аны «ээрчип кетип» келесоо болду. Көбү бүгүн да келесоо болуп жүрөт. Мелис гезит окуганды жакшы көргөндөрдү «жинди» кылыш үчүн кээде жиндилердин жазгандарын да ылгабай басканды билчү.

* * *

Мелис эски доордун жаңы доорго алмашуусун окурмандарга өзү түптөгөн гезит аркылуу: «Калыбай Осмоналиев менен Акбар Рыскулов аластап албай олтура берип бүксүп кеткен сасык үстөлдү өрттөп, жаңы заманга кирдик, азиз окурман!» деген какшык аралаш текебер сөздөр менен түшүндүрдү.

* * *

Мелис ошентип оозун Кубат аке менен «ачып» алгандан кийин окурмандардын мээсин акыл-эс менен чайкаган Салижан Жигитовду, Эсенбай Нурушевди, Чоюн Алп Өмүраалыны алып келди. Салижан менен Эсенбайдын интеллектуалдуу, жубардай жуулуп-чайкалган аналитикалык акыл туюмунан жаралган макалаларына Чоюндун ээ-жай бербей ашынган фантазиясынан чыккан «кара кытай» макалаларын бир казанга кайнатып, бир чарага жууруп, бир гезитте бышырып туруп окурмандарга «жегизип» турду.

* * *

Мелис жаңы доор менен «тулуп», жаңы доор менен өстү. Ал бала чагында укмуштай таланттуу жазуучу болууну эңсеген. Жазып да көрдү. Акыры жазуучу болалбасын түшүнгөн соң теле экран аркылуу таанылууну самады. Кыргыздын сулуу кызы Бүбүкан Досалиева экөө жаштардын телеберүүсүн алпарып жүрдү. Мелис көп ирет атактуу кинорежиссёр Тарковский болгусу келген эңсөөсү ишке ашпай калганын эстеп арман кылчу. Кыялы кыйрап калганда өжөр жана өзүмчүл Мелис күчүн гезиттен чыгарды. Адегенде гезит аркылуу кыргыздардын аң-сезимин өзүнө бурууну гана көздөгөн. Буруп алгандан кийин гезит менен керек болсо бийликти «чөгөлөтсө» болорун, керек болсо гезит менен чымын эле эмес, адам «өлтүрсө» болорун, гезит менен байыса да болорун, гезитке эт эле оробостон от оросо да болорун түшүндү. Түшүнөрү менен «Асабаны» ал шылуундук менен ар кандай саясый максаттарга шаты кылып пайдаланды. Биз ошол Мелис жасаган шатынын балек жыгачтары болуп, көпкө дейре сынбай, тешилбей, жешилбей кызмат кылып, элдин бир тарабына жакшы көрүнсөк, бир тарабына жаман көрүнүп, бардык азап-тозогуна чыдап бердик. Бирок, Мелисти бир жолу да саткан жокпуз.

* * *

Кудай  адамдарды топурактан жасаган сыяктуу, Мелис да гезитте олтуруп алып досторунан саясатчыларды жасаган. Алардын баарын «Асаба» аркылуу жерге-сууга  тийгизбей мактай берип, сүрөттөрү менен гезитке кайта-кайта чаптай берип, кайта-кайта жаза берип, аларды эл эңсеген «геройлорго», каржалган калктын Робин Гуддарына айлантып жиберген. Ага чейин иштеген иштеринде бири азыраак, экинчиси андан да азыраак, үчүнчү бирөөлөрү такыр эле аты-жыты жок Дооронбек Садырбаевдин, Адахан Мадумаровдун, Феликс Куловдун, Данияр Үсөновдун, Өмүрбек Текебаевдин, Темир Сариевдин, Кубатбек Байболовдун, Өмүрбек Суваналиевдин, Үзөңгү-Кууштан кийин бийлик өзү «геройго» айлантып салган Азимбек Бекназаровдун жана башкалардын «даңктуу образдарын» өз гезити аркылуу Мелис жаратты. Жалган «атак-даңк» чыгаруу жагынан «Асаба» гезити ошол кездеги кыргыз тилдүү гезиттердин баарынан ашып түшкөнүн бүгүн кудуреттүү күчтүү Кудай да таналбайт.

* * *

Мелис бара-бара өзү да саясатчыга айланып, саясатчыларды бала-бакчанын күлтүктө олтурган балдарындай олтурган жеринен ырдатып, олтурган жеринен ойнотуп калган даражага өсүп жеткен.

* * *

Жазса эле «чын» деп ишене берген кыргыздардай эле гезиттин азабын кийин биз да тарттык, биз өңдүү жазмакерлерге ишенген окурмандар да тартты.

* * *

Мелис кол алдындагыларды эч качан: «аны жаз, муну жаз» деп кыйнаган жан эмес болчу. Кабарчыларга ал толук эркиндик берген, биз эмнени жазгыбыз келсе ошону жазчубуз. Алтургай эчен курдай Мелистин өзүн да сындап жазган учурларыбыз болгон. Мелис муну үч сан өткөндөн кийин көрүп калып:

– Токтотпойсуңбу, Шаке, кечке эле жаза бересиңби?-деген.

–Бирөөнүн кыжырына тийген кандай болот экен экен?-деген элем. Чындап келсе өзү кожоюндук кылган гезитке өзүн сындап жаздырган редактор биздин кыргызда жалгыз Мелис гана болсо керек деп ойлойм.

* * *

«Асабадагы» «…дешти», «…дейт», «…деген кептер бар», «ишенимдүү булактарыбыз кабарлагандай» деген митайым саптар ошондо пайда болгон.

* * *

Бул өңдүү ыкмалар бир чети бийликтин басма сөздү баса калма кысымынан сактануунун жан айласы болсо, бир чети божомол-дөдөмөлгө таянып жазылган, анча так эмес, күмөндүү фактылардын таралышына шарт түзүү менен акырындап басма сөз бетиндеги ушак-айыңды көздөй жол ачканын да тана албайбыз.

* * *

Бирок «Асабанын» бул «ушактары» чындыкка негизделген ушактар эле, биздин ушактар акыры бир жумадан кийин, бир айдан кийин чын чыккан учурлар көп болгон. Ак үйдүн мындай ушактарын ошол эле Ак үйдүн өзүндө иштегендер, Акаев менен Акаевага жата калып кошомат кылып жүргөндөр Мелиске өздөрү жеткирип, телефон аркылуу тынбай «шыбырап» турган. Мындай «ушактарды» көбүнчө Мелис өзү жазчу, анан Мамат жазчу. Мамат «жаренный» фактыларды Курманбек Бакиевден алып келчү. Жолдошбек Мелисти туурай коем деп «оозунан» чалынып жыгылып, тил уккан учурлары арбын болгон. Анын карандай кара шагылдан турган бир макаласына мен да «битум» аралаштырып ийип, Бишкек шаарынын башкы прокурору Марат Кенжакуновдун каарына калып, экөөбүздү түрмөгө кеңсесинен эле «кесип жиберем» деп күпүлдөгөндө, анын тянь-шандык моңолдор экенин билип алып, ортого бүтүндөй Нарындын кашкаларын салып атып аман калганбыз.

* * *

Мелис талантуулардын ташын тоону көздөй «томолотконду» мыкты билчү. Ага дейре адабиятта жүргөн Алым Токтомушевди ал «Асабадагы» жалаң «саясат жана экономика» жаатын жазган, жазып эле тим болбой «иче-кардын»  аңтарып, «дарт дарегинен» бери иликтеп-жиликтеп жазган бирден бир журналистке айландырып тынган. Адегенде моюн толгоп, анан макул болбогондо айла жоктугунан  китепканага барып, «саясат, экономика» деген кандай жазылары, кандай «жасалары» менен таанышкандан кийин Алыкеңиз күнгөсалса күнгө, ташка салса ташка чуркаган Толубайдын чаар күлүгүнө окшоп, алдыга ат салбаган бойдон кетти.

* * *

Кийин көп окуп, көп ойлонгон бирөөнүн Алым Токтомушевдин адабияттагы макалаларына караганда саясат, экономика жаатындагы макалалары алда канча таасирдүү, алда канча ынанымдуу, жакшы чыгарын айтып мактап, жетиналбай жүргөнүн уктук.

* * *

Мелис кесиби сүрөтчү Төлөгөн Карыкеевди калем карматып жүрүп, Кимбайкеге айландырган.

* * *

Билимди мага окшоп өзүбүздүн эле Сансызбайдан албай Мачкөөдөн алган, алып эле тим болбой диссертациясын Маскөөдөн жактаган Үсөн Касыбеков да ошол жылдары бизде иштеп калды. Ал орношо элек жатып эле:

– Мен силерге окшоп керели кечке үстөлгө олтуруп көнгөн киши эмесмин, та-ак, жазчуумду үйдөн жазам да, апкелип таштап кетип турам, та-ак. Анан мен кандай жазсам, эч жерин оңдобой, кандай көлөмдө жазсам, эч жерин кыскартпай, дал ошондой басасыңар, та-ак, -деген шарттарды койду да, сол колу менен тамекисин оозуна салып, оң колу менен сакалын сылап туруп басып кетти.

* * *

Үсөндүкүндөй деңгээли жогору, аналитикалык билимдүү макалалар бизге аба менен суудай керек эле. Алгач апкелгендеринин бир да жерин оңдобой, кыскартпай, айткан-дегениндей жарыялап жүрдүк. Бирок жагдайга байланыштуу оңдобой да, кыскартпай да койгонго болмок эмес. Аныкын көбүнчө мен карап, мен кыскартчумун.

* * *

Кыргыз филологиясынын илимпозу Үсөн Касыбеков Чертикеевич менен орус филологиясынын илимпозу, орус элине 200 000дей сөз жыйнап берип кеткен Даль Владимир Иванович экөөнөн башка эч ким түшүнбөгөн терминдерин менин кыргыздын жалпай тилине сала коюп оңдоп жибермей «ээнбаштыгым» акыры кер аяк Үсөндүн кежигесин катуу тырыштырды.

–Үсөке, бизди аябасаң дагы Алайкуу менен Ат-Башылык окурмандарды аясаң болбойбу? – деп тамашалаганыма ого бетер кыжыры келип:

– Кудай урган киши экенсиң! Мени базардагы «бабалардын» деңгээлине түшүргүн келип атабы!- деп буркан-шаркан түшүп кетчү.

* * *

Чынында эле Үсөндүн жалаң саясий терминдерден «жылдыз топчу» тагынып, «академиялык тил» менен «шырылган», өзөгү накта илимий ой туундулар менен көктөлгөн макалаларын ошол кезде «Мерседести» көргөндө «Москвичи» үркүп жоголгон мен сыяктуу окурмандардын мээсине жеткирүү тирүүнүн тирүүнүн тозогу болсо, Кочкорго «Мерседес» менен бараткан Үсөндү «Москвичке» олтургузам деп азап тарткандан да ашкан тозок эле. Кекиртегине бычак такасаң да өз оюн, өз прицибин бербеген Үсөн ар бир макаласы чыккан сайын биз менен тытышканын токтотпой койду.

* * *

Үсөн чын-чынына келгенде бийликти, бийликке кызмат кылган аткаминерлерди сындоого эмес, «Асабанын» сындоо принциптерине каршы болгон. Кабинетиндеги «жапма челегине» олтура калып эле «жалган рейтинг» жасай салып жарыялап турган Мелистин жанкечтилигине жаны кашайган.

* * *

Гезиттин карандай фактыларга эмес, «катын ушактарга» басым жасаганын жактырбай, мындай пастыкты жаман көрүп, басма сөздүн маданиятынын бийик болушун  каалаган Үсөн акыр бир күнү Эшимкановдун эшигин тарс жапты да баса берди. Ошол бойдон экинчи кайрылган жок.

* * *

Бирок көп өтпөй анын Мелис Эшимкановду «талкалаган» макалаларын «Кыргыз туусу» тынбай басып турду.

* * *

Биз «Асабага» «Касыбеков калп айтпайт» деген рубрика ачууга аргасыз болдук.

* * *

Мага караганда академиялык билими бар Үсөн компьютерди менден мурда үйрөнүп, Америкага барып бир жыл жашады. Мен, ал жерге байласа да турмак эмесмин. Жөн жүрбөгөн Үсөн АКШда да жөн жүрбөй макала жазып, макаласын «сайтка» салганды үйрөнүп, америкалыктардын кулк-мүнөзүнө байкоо салды. анткен менен бияктан жалаң Кочкордун байланбас тайынын этин жеп көнгөн неме АКШдагы үндүктүн этине көналбай, оозунан кара суу келип, жылкынын этин сагынып, кар түшөрү менен согум сурап, ак серке сорпону эңсеп, анан тээжик немее тажаганда баса бергенин, баса берсе кочкорлук туугандары кош колдоп тосуп алып, быяктан да үндүктүн этин салып тосуп алып коноктогону өмүрү эси-көөнүнөн кеткис болгонун, деги эле Кошмо Штаттарда жашаган бир жылын окумдуу кылып сонун жазды. Мени окубайт деп ойлоп токтотуп койсо керек, жолугуп калып «ошонуңдун аягы кана?» десем, «сен да окудуң беле?» деп таң калып, эми кайра улантмай болуп убадасын берди.

* * *

Биз чыгарган гезитти Ак үйдө олтурган чиновник да, ишсиз көчөдө калып, көр-жер сатып олтурган мугалим менен врач да окуду.

* * *

Бир күнү эле эшик ачар жигитибиз:

– Бир кемпир келиптир, Хасан Каскадропко жолугат элем деп атат, – деп калды. Гезиттин орунбасары катары мен чыктым. Улгайып калган байбиче экен.

– Атайы Хасан балама жолугайын деп келдим эле, -деди.

– Ал азыр жок, эртең болот, эмне деп коёюн? – десем:

– Бетинен бир өөп, моногу калпакты башына кийгизип койсомбу деп атайын Таластан келдим эле, кагылайын, деги эле жакшы жазып жатыры, ка-ап өзү болсо ырас болбойт беле, энди не кылам, кечки автобус менен кайра Таласка кетет элем, – деп кейиди.

– Апа, эч кам санабаңыз, калпагыңызды өз колум менен берип коём, – деп узаттым.

Чындап эле “Асабанын” тарыхында анын көптөгөн авторлору менен бирге Хасан Каскадроптун да эмгеги зор болгон. Менин Хасанга түздөн түз тийешем болгондуктан эми ага кенен токтолбойле коёюн. Атайылап аны Таластан издеп келген фактынын өзү жетиштүү деп ойлойм.

* * *

Чынында эле “Асабанын” жазганына мүлдө кыргыз ишенген. Мелис ошентип өз гезити аркылуу өзү “жууруп жасаган” саясатчыларга элди кадимкидей ынандырган. Карапайым калк: “Асаба” жазып атпайбы!, “Асабадан” окубадыкпы!” деп калган. “Асаба” жазса эле чындыкты жазат деп ойлоп калган. “Асаба” жазып атып, карапайым калк Кулов үчүн, Мадумаров үчүн, Үсөнов үчүн отко да, сууга да түшүүгө даяр болгон. Акырындап Мелистин гезитин “жамынган” достору бийликтин төрүнө чыга баштаган. Алды Ак үйгө, парламентке, арты оппозицияга барып келген.

* * *

Кудай адам баласын топурактан жасап алып адам кылалбай койгондой эле Мелис да гезит аркылуу жасап алган саясатчыларынын өмүрү өткөнчө өзү менен кошо адам кылалбай койду. “Асабада” жүрүп бөтөлкөдөн коё берип жиберген “жинди” кайра бөтөлкө кийре албай койгондун кордугун ал көп тартты. Бийлик “Асабаны” соттоп, жаап, Мелис биздин оозубузга ак чүпүрөк чаптатып Горький аянтына алып чыкканда дал ошол Мелис “сөздөн жууруп” жасаган саясатчылар гезитти колдоп, калп болсо да көңүл жубатып, бизге кайрат айтып, бир келип-кеткенге жарабай Акаевден коркуп качкан. Биз ошондо эмне кылар айлабызды таппай, ыза болгонубуздан эч күнөөсү жок, баарыбызды көтөрүп турган кара жердин бетине түкүргөнбүз, Жер күнөөлүдөн бетер.

* * *

Мелистин тилинде да, көзүндө да мээр чөбү бар эле. Аны менен жарым саат сүйлөшкөн киши айтканына ынанып, жарым саат сүйлөшкөн кыз ага ашык болгондон “Асабаны” айланчыктап кеталбай калчу. Бир ирет аны мектебин жаңы эле бүтүргөн жалбырактай кыз сүйүп калып, ыр жазып келгенде “ырларын карап бериңизчи?..” деп мага жөнөткөн.

* * *

Текебаевди түштүктөгүлөр жаман көрүп, түндүктөгүлөр жакшы көргөн сыяктуу эле Мелисти да түндүктүктөргө караганда түштүктүктөр көбүрөөк жакшы көрчү. Биздин элдин бул өңдүү “мандемдүү” антипатиясы менен симпатиясын Текебаев Масалиевдин тилин укпай, балдардын укугу бузулат дегенге таянып алып, “пахта тербейм” деп кежеңдеп, андан кийин “жигит болсоң асылып өлүп кал” деп Бакиевди согуп “эрдик” кылгандай эле, Мелис да кадырлуу аксакал Усубалиевге тиш салып, Акаевдин режимин ур-тепкиге алган “баатырдыгын” башка менен түшүндүрүүгө мүмкүн эмес деп ойлойм.

* * *

Ал “Асабадан” тышкары “Жунгли закону”, “Ош пирим”, “Базар-таймс”, “99 плюс”, “Пайшамба” деген гезиттерди чыгарды. Редакциядагы ар бир экинчи журналист үстөл кучактап, жогорудагы гезиттердин жооптуу редакторуна айланды. “Пайшамбанын” нускасы бат эле 50 миң нускага жетти. “Ош пирим”, “Базар таймс”, “99 плюс” гезиттери 10 миң нускага барып токтоп калды эле, Мелис: “10 миң да гезитпи?” деп жаптырып салды.

* * *

“Пайшамба” гезитин чыгаруу идеясы башыбызга оозеки аңгемени кемелине келтире айткан жазуучу агабыз Халил Бапаевдин “Раис” аттуу аңгемесин мен апкелип “Асабага” басып чыгаргандан кийин келген.

* * *

– Мындан көрө “Пайшамбаны” күчтөйлү, мындан ары “Пайшамбага” жазбаган кабарчы “Асабдан” автоматтык түрдө гонорар албайт, – деп жарлык салды. Ага дейре Жаныбек Жанызактын “Каттамасын” жанталашып окуп, анан кайра сөгүп жүргөн окурмандар эми жапырт “Пайшамбаны” окуй баштады.

– Ой, Шакебай, айланайын, мыкты гезит болуптур, тим эле окуп алып жыргачу болдум, жумасына эмес, күн сайын чыгарчудай экенсиңер, мен да жазы турсам болобу? – деп бир күнү редакцияга атактуу манасчы Уркаш абабыз ыкшып күлүп, жадырап-жайнап кирип келди.

– Болот, гонорары да болот, – дедик.

Ошондон тартып Уркаш аба да “Пайшамба” жабылганга чейин анын активдүү сырт кабарчысына айланды.

* * *

“Пайшамбанын” атагы бийликтин куйкасын куруштурду. Адегенде эле сакалы куудай болгон Таш-Дөбөлүк чалды КТРдан сүйлөттү.

* * *

– Абийири жок гезитти жабыш керек. Мелис Эшимканов уялбай кайсы бети менен чыгарып атат? Ак үйдөгү идеологияны тейлегендер каякты карап олтурат? Гезитти кемпирим экөөбүз балдар окуп албасын деп көрүнгөн жерге катчу болдук, –  деп колуна “Пайшамбаны” кармап алып сүйлөп турду.

* * *

Айрым аксакалдар редакцияга чейин келди. Мелис укпай койгондо мага кирип “ыйманга” чакыргандар болду.

– “Пайшамбаны” окугуңуз келбесе окубайле коюңуз, же сизди бирөө барып зордоп окутуп жатабы? – дедим.

– Силер окутуп атасыңар! Мелиске айткыла! Токтотсун! Ээн баштыгын койсун! Болбосо жаман болот! Ушуну айталы деп атайын келдик! – деп силкинип чыгып кетип атты Мелистин тайкеси, байкеси болом деген чалдар.

* * *

Албетте эротикалык темадагы баяндар, ырлар, чакан аңгемелер тынбай басылып турду, ансыз болчу беле, бирок көбүнчө адис макалаларга, медициналык кеп-кеңештерге басым жасаган “Пайшамбаны” баары бир Ак үй адаттагы бөтөнзордугуна салып туруп жаптырып салды.

* * *

“Пайшамба” темасын эмнегедир арабызда Алым гана жазган жок. Калганыбыз эргип алганда “поэма” токуп жиберген күндөрүбүз да болду.

* * *

Бир жолу Ысык-Көлдүн Челпек айылынанмын деп жоон кара жигит жыйырмадан ашуун кишинин колу коюлган кат менен мага кирди. Айылды жеп-ичип коймой болду деп айыл башчысы Жунукеев дегендин үстүнөн жазылган арыз-муң экен. Анын кылык-жоругун айтып олтурса чын эле төбө чачың тик турат, адам чыдай алгыс. “Элди курутуп салмай болду, бийлик укпай койду, эптеп “Асабага” чыгарып бериңиз” деп жалдырады.

– Эртең бир нерсе болсо “биз жазган” эмеспиз деп баса бербейсиңерби, – дедим.

– Кантип танып кетели, Кудай турбайбы, анда эле адам болбой калбайбызбы. Мен сиздин бетиңизди кантип карайм. Эл эмне кыларын билбей ошол үчүн мени “Асабага” жөнөтүп олтурбайбы, – деп какшап турду.

Челпектиктердин каты “Асабага” “Жунукеевден бир КАМАЗ алма жеген Акаев” деген ат менен жарыяланып кетти.

Балакет ошол эле күнү башталды. Акаев Генпрокуратуранын жетекчилерин Ак үйгө чакыртып: “Эгер мен Жунукеевден бир эле тоголок алма алсам башым менен жооп берейин, эгер албасам анда мага жалаа жапкандар жооп берсин, текшерип чыккыла” деген экен, Бишкектик тергөөчүлөр ошол эле күнү Челпек айылын барып басып калды деген кабар жетти бизге. Боло жүргөндөй эле Жунукеевдин үстүнөн кат жазган кишилер бишкектик тергөөчүлөрдүн “кысымына” чыдабай, бири “мен кол койгон эмесмин” десе, бири “мени жөн эле кошуп коюптур” деп танып чыга берип, аягында гезит, анын ичинен гезиттин агездеги башкы редактору Эрнис Асек уулу менен катты иштеп, ага тема коюп жарыялап жиберген мен күнөөлүү болуп чыктык. Чынында эле өлкө президентинин алган-албаганын көрүп-билбей, аныгын текшербей туруп эле бирөөлөрдүн жазган катына ишенип “шилтеп” жибермей “оорусунан” биз андан кийин деле арыла алган жокпуз. Мунубузду “эрдик” санап дардаңдаган күндөрүбүз көп эле жолу кайталанды.

* * *

Бул окуя “Республика” гезитинин башкы редактору Замира Сыдыкова келип кеткенден кийин болгондуктан, тергөөчү:

– Абалыңар жакшы эмес, кеминде 5-6 жылга кесилесиңер, – деп ачык эле айтты суракта жүргөн күндөрү. Бирок андай кордукка жеткен жок. Ал бизди акыры мунапыска тууралап туруп “актап” жиберди.

* * *

КТРдын “Обон” атуу гезити: “Асабада” иштегендердин баарын “уран” кени чыга турган жерге иштетип, ууландырып жок кылыш керек” деп жазды.

* * *

Буга жооп катары “Асабага” эртеси эле куур тон, башына тамтыгы чыккан жыртык малакай кийип, колуна кыл кыяк кармап, “Ат кетти” күүсүн ойноп, биябан чөлдө боздоп олтурган пенденин кейпине коллаждалган КТРдын президенти Аманбек Карыпкуловдун сүрөтү басылып чыкты.

* * *

Ошентип ойдо жок жерден “2-фронт” ачылып, эл ичинде “кара жашик” аталган КТРдын азыркы кыргыз эл артисти Түгөлбай айткандай “жасалма гүлдөй жаркылдаган” Асан Жакшылыков башкы редактору болгон “Обон” гезити менен “Асаба” гезити обонубуз түгөнгүчө согуштук.

(Уландысы бар)

Шайлообек Дүйшеев, «Де-Факто», 26 – 31-август, 2014-ж.

 

Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин «Агындылар» китебин издеп жүргөн окурмандар үчүн автордун тел. номуру: 0557 711 878

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.