“Саамалык – 10” адабий альманахтын кезектеги чыгарылышына көркөм-адабий чыгармаларды кабыл алуу жарыяланат

Таланттуу жаш акындарды жана прозачыларды колдоо максаттарында Интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик фонду жыл сайын “Саамалык” аттуу адабий альманахты чыгарып турат. “Саамалык” бүтүндөй Кыргызстан боюнча таланттуу жаш жазуучулардын жана акындардын адабий чыгармаларын ичине камтыйт.

Көптөгөн авторлор үчүн бул андан аркы чыгармачылык өсүш үчүн жакшы өбөлгө болуп эсептелди. Быйыл кезектеги адабий альманах үчүн жаш авторлордун чыгармаларын чогултуу башталат.

Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматына караштуу Интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик фонду “Саамалык – 10” адабий альманахтын кезектеги чыгарылышы үчүн көркөм-адабий чыгармаларды кабыл алууну жарыялайт.

Жаш акындардын жана жазуучулардын чыгармаларын кабыл алуунун шарттары:

1. Бардык жанрлар боюнча чыгармалар эки нускада, басма түрүндө (14 өлчөмүндөгү шрифт менен бир интервалда) берилүүгө тийиш жана алардын көлөмү төмөндөгүдөй ченемден ашпоосу керек:

– поэтикалык чыгармалар 8-10 бет.;

– прозалык чыгармалар 6-8 бет.;

– интермедиялар 4-6 бет;

– монологдор 4-6 бет.;

– сатиралык жана юмордук чыгармалар 2-4 бет.;

– телекиносценариялар 18-20 бет.;

– либретто 8-10бет.

2. Авторлордун жаш курагы 35 жаштан ашпоого тийиш;

3. Материалдарды ошондой эле электрондук түрүндө берүүгө болот;

4. Берилген чыгармалар мурда башка басмаларда чыкпаган болуусу керек;

5. Басууга өзүнүн чыгармаларын берип жаткан автор фотосүрөтүн (6х9), кыскача өмүр баянын, жашаган жеринин дарегин жана телефонун көрсөтүүгө тийиш;

6. Чыгармалар рецензияланбайт жана авторго кайра кайтарылып берилбейт;

7. Чыгармаларды кабыл алуу мөөнөтү 2010-жылдын 31-декабрына чейин.

Биздин дарек: 720049, Бишкек ш. Москва көчөсү, үй № 62

Сурап билүү телефондору: 68-12-36, 68-16-98

Кыргызпатент

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.