Кудайбергенов жашоону сүйгөн адам эле

Тасма талаасындагы талыкпас эмгек
Голливуд Каскадерлор, Россия Каскадерлор ассоциациясынын атайын мүчөсү, КРнын Панкратион федерациясынын президенти болгон, кайталангыс инсан Үсөн Кудайбергенов 1949 – жылы 27 – ноябрда Жайыл районундагы Сары-Булак айылында туулган. Анын киноматографиядагы чыгармачылык эмгеги 15 жашында мамлекеттик циркте иштеп жүргөндө башталган. Он алты жашында “Жамийла” тасмасына актер-каскадер катары тартылып, Сейиттин бир аттан экинчи атка сыйыртмак салып минген жериндеги эпизодду аткарган. Андан кийин Кыргызфильмде, Мосфильмде бир топ чоң эмгектерди жаратууга жетишкен. Тактап айтканда отуз жылдан ашык тасма талаасында эмгектенип, 150дөн ашык фильмге тартылган. Дүйнөнүн кырктан ашуун өлкөсүн кыдырып, актер-каскадер, трюктарды тартуу боюнча режиссер коюучу катары иштеп келген. Белгилей кетчү жагдай, Үсөн Кудайбергеновду “Юность гения” аттуу өзбек фильмде 27 метр бийиктиктеги жардан ат үстүндө 1,5 метр бийиктиктеги Сыр-Дарыяга секирген трюк жасаганы үчүн Гиннес китебине киргизишкен. Голливуд киностудиясынын эксперттеринин “Мыкты каскадер” деген баасын алып, 1980-жылы дүйнөдөгү эң мыкты он каскадердун бири болгон. Бул үчүн Үсөн мырза каскадерлордун “Ардактуу куру” сыйлыгын алган. Өзүнүн кинодогу эмгек жолунда бир топ иштерди жасап, мурдагы Советтер Союзундагы бардык киностудиялар жана чет өлкөдөгү киностудиялар менен кызматташкан.

Бала кезинен тартып өз ишине өзгөчө мамиле жасап, ар бир эмгегин эргүү менен аткарып келген Үсөн Кудайбергенов кыргыз каскадерлор мектебин ачып, ар улуттун атуулдарын чогултуп тарбиялаганга да жетишкен. Анын эң акыркы эмгеги “Көчмөндөр” аттуу казакфильмде каскадерлор үчүн сценарий жазып, голливуд актерлору Марк Декаскос жана Эрик Норристер менен биргелешип иштешкени болду.

Түбү түшкөн түрмөдөгү төрт жыл
1995-жылы “Манастын” 1000 жылдыгына карата чоң майрам өткөрүү үчүн жетекчилик кылуу милдетин алып, тойду өткөргөн. Ал майрамды мыкты өткөрүү үчүн 6 млн. доллар талап кылынат деген менен өкмөт Кудайбергеновго 2 миллионун гана бөлүп берген. Үсөн ага ошол акчаны эптеп чоюп олтуруп тойду ойдогудай өткөрүп бергендиги тууралуу атайын отчетторду тапшырганына карабай, 2000-жылы 1-июлда “беш жыл мурун мамлекеттин бир миллион сомун жеп алган” деген жалган жалаа менен 10 жылга эркинен ажыратышкан. Ал шаарыбыздагы каттуу көзөмөлгө алынган түрмөлөрдүн биринде төрт жыл олтурду. Анткени, юстициянын биринчи класстагы полковниги С. Сыдыковдун демилгеси менен Конституциянын негизинде түз тартиби боюнча мунапыска илинип, бир күнү эки күн деп саналып, он жылы беш жылга кыскартылган. Андан соң экинчи ирет жеңилдик берилип, 2003-жылы 5-июнда эркиндикке чыккан.

Мектептеги жылдарынан эле адабиятка кызыккан адам болгондуктан, темир тор артында кордук көрүп олтурса да бир канча ыр саптарын жараткан. Алардын бири кыргыз элине арналып, элибиздин басып өткөн жолун даңазалап жазылган “Кыргыз эл” деген чыгармасы:

“Байыркы элдер ичинен,
Канча кылым карыбай.
Кыргыз эл деп аталып,
Тарыхта калган биздин эл” деп аяктаган.

Үсөн Кудайбергенов түрмөдөн чыккандан кийин досторуна, “мени камагандарга ыраазымын. Бул дүйнөгө бир келген соң түрмөнүн жашоосун билбей кетсем балким арманда калмакмын” деп өзүнө карасанатайлык кылгандарга да ыраазычылык билдиргени бар. Ал эми жакын досу, актер Эдил Чокубаев Үсөн Кудайбергенов тууралуу эскергенде,экөө чогуу чоңойгонун, аны бала кезинен бери жакшы билерин айткан. Кудайбергенов абдан ак көңүл, берешен болчу. Өз ишин сүйгөнү, айтканын так жана майын чыгара аткарганын жактырчу. Жок жерден жалган жалаа менен темир тор артына камап салганда алгачкы күндөн тарта досун жерге таштабай, материалдык жана моралдык жактан колдоо көрсөтүп турган. Эдил мырза үчүн Үсөн Кудайбергеновдун бир топ жыл абакта жатып калганы өкүнүчтүү болгон.

Бактылуу үй-бүлө
Дүйнөгө аттын кашкасындай таанылган мыкты каскадер Үсөн Кудайбергенов көп жерди кыдырып, ар түркүн тасмаларга тартылып жүрүп, өмүрлүк жарын казак жергесинен тапкан. Жубайы Аймира экөө Ниязбек жана Жаныбек аттуу эки уулдун ата-энеси. Бирге түтүн булатып жашаган үй-бүлөлүк өмүрүн, балдары менен бирге бактылуу ирмемдерге бөлөп, эч кандай нааразычылыгы жок эле өмүр сүргөн. Балдары кичине кезинде эле Италияга көчүп кеткендиктен кыргыз жергесине толук кандуу жашаган эмес. Бирок, келди-кетти иши менен жүрүп, Орто-Сай айылында он беш жылдан ашык жашаган. Өкүнүчтүүсү Кудайбергеновдун сөөгүн акыркы сапарга узаткан күнү үй-бүлөсү алыстан келе албай калганы. Ошентсе да кечигип келген балдары менен жубайы жолго жүрүүгө документтерин толуктап бүтө албай кечигип калышканын айтып, жумурай журттан кечирим сурашкан.

Селсаякка да эшик ачкан жөнөкөй адам
Жашоодо жөнөкөйлүктү бийик койгон Үсөн Кошалиевич, жада калса заңгыраган там салып, тегерек четин тордоп тосууга умтулган эмес. Эл катары куруп алган үйүнүн тегерегин ачык таштап, “үйүмө көчөдөгү селсаяк келсе дагы эшигим ачык” деп дарбаза салбай койгонун жакындары эскеришет.

Кудайбергенов Жеңиш күнүн өтө чоң даярдык менен күтүп, көңүлдөгүдөй жакшы майрамдаганга аракет кылчу дешет. Ар жылы 9-майда мал союп кан чыгарып, улуу согушта курман болгондорго багыштап куран окутуп, бүт айыл элине дасторкон жайчу. Аксакалдуу карыялардан тартып тестиер балага чейин көңүлүн оорутканды билбей, алардын ою менен болуп, жердештеринин урматына арзыган Үсөн аганын душманы бар деп эч ким ойлобосо керек.

Кара көздү кашайткан каргашалуу түн
2005 – жылдын 10 – апрелинде шаардын чет жакасындагы Орто – Сай айылында жүрөк титиреткен кандуу окуя болгону элдин эсинен чыкпаса керек. Ал күнү жалгыз кыргыз элине гана эмес, бүткүл дүйнөгө таанымал, Орто Азиядан чыккан биринчи каскадер Үсөн Кудайбергеновду өз үйүнөн атып кетишпеди беле. Такталган маалыматтарга караганда ошол түнү Кудайбергеновдун үйүнө үч жолдошу келип конок болушкан. Кызуу сүйлөшүп олтурган маалда сырттан бирөөлөр сөзгө тоскоол болгонунан улам, меймандардан кечирим сурап үй ээси сыртка чыгып келип, Ыссык-Көлдөн келген тааныштары экенин айтат. Аңгыча көпкө узабай эле коноктор жай-жайына тарап кетишет. Аларды узатканы чыккан Үсөн мырза андан ары иттерине тамак бергени жөнөйт. Орто жолдон квартиранттар турган времянкага кайрылат. Так ошол маалда “ТТ” тапанчасын көтөргөн жаш жигит кирип, үй ээсин көздөй ок атат. Бирок, ортодо турган квартирант мыкаачыны түрткөндө ок тийбей калат. Беркилер жулмалашканча ары жактан экинчи кылмышкер келип, “Макаров” тапанчасы менен Үсөн Кудайбергеновду эки-үч жолу атканга жетишет да, жанындагы шеригин ээрчитип качып кетишет. Жол боюндагы качып бараткан эки жигиттин өңү-түсүн даана көрүп калгнадар болгон. Бул атайын тапшырма менен жасалган каргашалуу өлүмдүн эл арасында айтылган версиялары ого эле көп болуп, бири “Ар намыс” партиясынын лидери Феликс Куловдун соратниги болгону үчүн Куловду сестендирүү максатында жасалган иш десе, экинчиси, Кудайбергеновдун акыркы ирет ММКларга берген маалыматынын жыйынтыгы деп болжолдошкон. Себеби, ошол жылы 24 – март окуясынын кийин өзүнүн жигиттерин чогултуп атайын штаб ачып, өлкөбүздөгү болгон талап – тоноолорго каршы туруп, жерлерди басып алып аткан элдерди биримдикке, тынчтыкка үндөп жүргөндө телеге чыгып: “мен шаардагы талап-тоноолорду, жерлерди мыйзамсыз басып алууларды ким уюштуруп атканын билем. Учурда иш юридикалык жактан каралып атат. Буйурса чындыкка чыгат”- деп айтканы бар. Балким, Үсөн аганын бул айтканы кимдир бирөөгө чындап жакпай калган чыгар. Кандай болгон күндө да максатына жеткенче жайлап жандары тынышты. Көзү тирүү болгондо Үсөн Кудайбергенов быйыл 60 жашка чыкмак.

Бурул МУСАБЕКОВА, “Эл сөзү” (Кыргыз гезиттер айылы), 25.12.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.