КЫРГЫЗ КИНОСУ 2009-ЖЫЛДА

Кайрадан артка бир жылды таштап, Жаңы жылды утурлай кадам таштоо алдында турабыз. Ушуга байланыштуу ата мекендик кинематографияга көз жүгүртүп, ийгиликтерди да, кемчиликтерди да көз алдыдан өткөрдүк.

ЭҢ КЫМБАТ ТАСМА
Буга чейин бир топ тасмаларды жаратып, ийгиликке жетишкен Эрнест Абдыжапаров быйыл да жемиштүү эмгектенди. Элге “Уурунун махабаты” тасмасын тартуулады. Режиссёрдун айтымында, тасма тартууга 1 миллион сом каражат кеткен. Тасма мыкты актёрдук курамдан туруп, курч сюжеттүү окуяларга бай. Тасмадагы башкы каармандын прототиби криминал чөйрөсүндөгү Рысбек Акматбаев деген кеп бар. Бирок тасма жаратуучулардын айтымында, андай эмес, жөн гана экөөнүн ортосунда окшоштуктар бар. Ушул тапта тасма Эл аралык фестивалдарга катышып жаткан кези. Эмне демекчибиз, баракелде, урматтуу режиссёр!

ЖАШТАР, “ТАЛАК” ДЕП АЙТПАГЫЛА!
Кыргыз кино тармагында жанданбай келе жаткан комедия жанрына экинчи өмүр тартуулаган эмгек “Талак” фильми болду. Бул Рысбек Жабировдун эл сүймөнчүлүгүнө айланган “Кайып булак” жана “Достордон” кийинки тасмасы. Тасманын өзгөчөлүгү – ага кыргыз шоу дүйнөсүнүн өкүлдөрүнүн катышкандыгы. Андан 20дан ашык ырчы-куудулдарды жолуктурууга болот. Он койду тоё жеп, кымыздан кере жуткан чыгармачыл топ Токтогулдун жайлоосунда эс алып жатып эле тасманы эки айдын ичинде тартып бүтүшкөн. Турмуштун ачуу чындыгын күлкүгө ороп берген бул тасманы эл дагы жакшы кабыл алды. Баарынан да фильмди көргөндөн кийин жубайлар бири-бирине тамашалап да талак бербей турган болушту көрүнөт. Кантсе да комедия жанрына ак жол!

АТАКТУУ 2 АДАМДЫН СҮЙҮҮСҮ БИР ТАСМАГА БАТПАЙ…
Жылдын эң көп талкууга алынган, сынга да, мактоого да кабылган тасмасы “Чыңгыз жана Бүбүсара” болду десек жаңылышпайбыз. Эмне үчүн режиссёр Жаныш Кулманбетовдун тасмасы зор талкууга туш болгонуна ириде башкы каармандардын өзү себеп. Алар элибиздин сыймыгы болгон Чыңгыз Айтматов жана искусстводо унутулгус из калтырган Бүбүсара Бейшеналиева. Тасма эки гана айдын ичинде тартылып бүткөн. Эки атактуу адамдын сүйүүсү, чындыгында, аз убакыттын ичинде тартыла кала турган тасма эмес эле. Ошондой эле тасмада эки адамдын сезими эле эмес, жаратылыш коюну да ийгиликтүү тартылган эмес. Тасманын бир гана жеңиши – ушундай залкар адамдардын жашоосун көркөм фильмге батырып бере алгандыгы. Сынга кабылса да, залкар агабыздын өчпөс сүйүүсүн элге дагы бир жолу даңазалап берди.

ЖҮЗ ААРЧЫ БЕЛЕНДЕП КӨРӨ ТУРГАН ТАСМАЛАР…
Чын эле адамдын сезимин козгоп, анча-мынча мууну бош адамды ыйлата турган тасмалар да бул жылы жарык көрдү. Алардын бири – ырчы Айбек Карымовдун жетекчилигинде тартылган “Сүйүүдөгү көз жаш. Эгиздер тагдыры” тасмасы. Тасманын сюжети орто, профессионалдык деңгээлин да мыкты дегенден алыспыз. Бирок башкы каармандын ролун ойногон актриса Гүлнур Асанова элдин сезимин ойгото алды. Эскерте кетсек, бул актриса “Күзгү жалбырак”, “Туңгуюк” фильмдерине тартылган.

Ошол эле катарда “Рыскан” студиясы тартуулаган “Дудук кыз” фильми жарык көрдү. Дудук кыздын тагдырына да кайдыгер карай албай бир бышактап алышыңыз мүмкүн. Андагы дудуктун ролун ойногон актриса сизге тааныш “Министрдин кызынын махабаты” тасмасында башкы каармандын ролун жараткан – Асел Чоткараева.

САУНДТРЕГИ МЕНЕН ТААНЫЛГАН ТАСМАЛАР
Мындай тасмалардын катарын “Жыйырманчы жаз” жана “Желкайып” толуктайт. Кызыгы, жогорудагы биринчи тасма Алим Токторовдун алгачкы эмгеги. Жаштардын жашоосун баяндаган бул фильмди Түгөлбай Казаковдун “Жыйырманчы жаз” аттуу ыры коштойт. Ал эми “Желкайып” тасмасынын саундтрегин жаш ырчы Урмат Усенов жараткан. Ошентип, аталган тасмалар катардан озуп чыга албаса да, саундтреги менен эл эсинде.

ЖАҢЫ ЖҮЗДӨР
Быйыл кино асманында бир топ эле жылдыздар жанып, элге өз жүздөрүн көрсөтө алышты. Алсак, “Уурунун махабаты” тасмасында башкы каармандын ролун аткарган Кубанычбек Адылов кыргыз элине таанылып, эл жүрөгүнөн орун ала алды. Ал эми “Боз салкындагы” кичинекей тентек Элина бой жетип, келечектен көптү үмүттөндүргөн актрисага айланып бараткандыгы байкалды. Буга чейин бийчи катары таанылып келген Назик Исраилова “Талак” фильминде өзүн жаңы образда ийгиликтүү сынап көрдү. Эми бийчибизден дагы далай жакшы ролдорду күтө берсек болчудай. Ошондой эле “Жыйырманчы жаз”, “Желкайып” тасмаларында башкы ролдорду ойногон Эржан Осмоновду айта кетпесек болбос.

МЫНДАН ТЫШКАРЫ…
Бул жылы төмөнкү тасмалар да жарык көрдү.

“Бешик” (Бакыт Карагулов).

“Таене” (Эрнест Абдыжапаров).

“Өлгөндөр жана тирүүлөр” (Санжар Абдыжапаров).

“Эгиз тумар” (Рустам Аташев).

ТАСМА ЖААТЫНДАГЫ ИЙГИЛИКТЕР ЖАНА СУНУШТАР
«Белгисиз маршрут» фильми Орусиянын кино жаатындагы баалуу «Ника» сыйлыгына талапкер болду. Ушул эле жылы Москвада өткөн кинофестивалда кыргыздарды таанытып келди.

Режиссёр Эрнест Абдыжапаровго казактардан сунуш түшүп, баурларыбыз менен бирдикте кино тартып келди. Андан соң Орусиянын “Россия” телеканалы менен бирдикте “ГАИшник” фильмин тартууга белсенди.

Швед кино жаратуучулары кыргыздар тууралуу кино тартышты. “Алыскы аралыктагы сүйүү” деген аталыштагы тасмада кыргыз жаштарынын жашоосу тартылган. Тасма жакында Америкада өткөн “Хемптон” кинофестивалында көрсөтүлдү.

Нуржамал Жийдебаева, «Супер-инфо», №373 25-31-декабрь, 2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.