Кыргызстанда жаңы электрондук китепкананы ачуу пландаштырылууда

Кыргызстанда кыргыз авторлорунун китептерин камтыган жаңы электрондук китепкананы (kitep.kg) ачуу пландаштырылууда. Мындай маалымат “Кыргызстандын жаңы адабияты” порталында жарыяланган.

Маалыматка ылайык, “Сорос-Кыргызстан” фондунун колдоосу менен Кыргызстанда социалдык маанилүү маселелер боюнча 9 веб-сайтты ачуунун алкагында аталган электрондук китепкана түзүлөт. Белгилүү болгондой фонд колдоого алып жаткан веб-сайттарды ачуу демилгеси үч ай ичинде жүзөгө ашырылат.

Эске сала кетсек, өткөн жылдын ноябрь айында “Сорос-Кыргызстан” фонду жаштар арасында социалдык жактан пайдалуу веб-ресурстарды иштеп чыгуу боюнча сынак жарыялаган. Калыстардын кароосуна жалпысынан 49 билдирүү келсе, анын 9у акчалай сыйлык менен колдоого алынган.

“Кабар” МА, 14.01.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.