Төлөгөн Касымбеков 79 жашка чыкты

15-январь кыргыз элинин тарыхындагы ары кайгылуу, карама-каршылыктуу оор учурлар чагылдырылган “Сынган кылыч”, “Баскын”, “Чапкын”, “Келкел” романдарынын автору, кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун туулган күнү. 79 жашка толгон жазуучуга бир бөлмөлүү батирдин ачкычы жана 150 миң сом өлчөмүндөгү чек ыйгарылды. Т.Касымбековду президенттин аппарат жетекчиси Каныбек Жороев, борбордун мэри Нариман Түлеев, вице-премьер-министр Тажикан Калимбетова жана маданият мамлекеттик агенттигинин директору Султан Раевдер куттукташты.

“Кабар” МА, 15.01.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.