23-апрелде бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата “Китепстан” акциясы өтөт

kitepstan

Иш-чаранын уюштуруучулары: Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Кыргыз Республикасынын миграция, эмгек жана жаштар министрлиги, Кыргыз Республикасынын китеп палатасы, Бишкек шаарынын Мэриясы, КРнын китеп чыгаруучу жана китеп таратуучулар ассоциациясы, «Диалог Евразия» коомдук фонду, «Ыйык Ата-журт» коомдук жаштар фонду. Ошондой эле региондордо облустук китепкана, Кыргыз Республикасынын миграция, эмгек жана жаштар министрлигинин өкүлчүлүгү менен “Ыйык Ата-Журт” коомдук жаштар фонду бирге китеп окуу акциясын өткөрөт.

Бишкектеги китеп жарманкесинде китеп сатып алуу менен бирге белгилүү жазуучу жана акындардан кол тамга алууга мүмкүнчүлүк болот. Китеп жарманкеси эрте менен башталып, кечке чейин уланат. Иш-чаранын расмий ачылышы саат 14.00дө массалык китеп окуу акциясы менен башталат. Ар бир келген конок өз китебин ала келет жана 15 минута китеп окуйт. Бул акция республика боюнча бирдей убакытта өтөт. Андан кийин искусство чеберлеринин концерттик программасы менен коштолот. “Китеп искусствосу” улуттук конкурсунун сыйлыктары тапшырылат.

Бул иш-чаранын максаты – коомчулуктун көңүлүн китеп окууга буруу болуп саналат.

Соц тармактар:

One thought on “23-апрелде бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата “Китепстан” акциясы өтөт

  • 17.11.2013 at 08:17
    Permalink

    Азыркы учурда туура ойлонулган жана пайдалуу иш чара менда чыгармачылык м.н алектенем Танкы шуудурум аттуу алгачкы китебим жарык коргон мекенимде болсом бармакмын турмуштун айынан РФсындамын жетекчилерге ийгилик жана чон ырахмат,ыраазычылыгымды билдирем.

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.