Сүйүнбай Эралиев

Сүйүнбай Эралиев жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Эралиев: “Жол – дүйнө, турган дайым күрү-күүдө”

Карыбас поэзия

Альбина ЭРАЛИЕВА: «Сүйүнбай атаңар жакшы ыр жазган күн биз үчүн майрам»

Эл сүйгөн акын Сүйүнбай

Сүйүнбай Эралиевдин адамдык жана акындык эрдиги

Ырыскыны ыр дүйнөдөн таптыңыз,/90 жашты тоготпостон бастыңыз!

Токсон үчүнчү жаз

 

Ырлар

ЖОЛ – ДҮЙНӨ

Бир кезде баскан эски жолдорумду,
О курбум, жок алиге унутканым.
Алыскы сапарлар да болду орундуу,
Үстүмдө калкып тууган булуттарым.

Жол – дүйнө, турган дайым күрү-күүдө,
Шарактап, аркы-терки турмуш көчүп.
Жер болсо, тегирменче жүгүрүүдө,
Үстүндө өмүр жылт-жулт күйүп-өчүп.

Барабыз мына биз дагы жөнөлүп,
Бүгүндөр өткөндөргө кырдуусунуп.
Арада ай төрөлүп, күн төрөлүп,
Алардан жаңы бир жыл тургузулуп.

 

ЖАЙЛОО ДЕСЕҢ

“Жайлоо” десең, жаным менен түшүнөм,
Окшоп анда жашап жаткан кишиге,
Таңкы, кечки шүүдүрүмдө үшүгөн,
Жер шыргалаң тийип турган тишине.

Бара калсам маңдайынан сылаймын,
Адырларда арчаларын, таштарын:
“Силер аман тургулачы, ылайым,
Аман турсун силердеги жаш чагым?!”

Ар бир күнүн алаканга салгым бар,
Ар бир кечин жонго аркалап алгым бар.
Ал тоолордун башка жакта табылгыс
Ырларында өмүрлүккө калгым бар.

Карап-карап, канбаган соң көз кумар,
А жөн эле чөбү болуп өскүм бар.
Бурчу сайын булак болуп агып же
Бүркүт окшоп бийиктерин сезгим бар.

Канбай калам жаңы таңдын нуруна,
Суусунума кечти кошуп жутпасам.
Чыккансыймын бул дүйнөнүн кырына,
Тулаңында жатып, төшүн жыттасам.

Шуру көздүү шүүдүрүмдөр мөлт эткен,
Өрдөп бийик жылгаларды, өрөөндү,
Ойлой берем: “Эгер эртең мен кетсем,
Качан келем, кайра экинчи көрөмбү?!”

 

ЖЫЛДЫ ТОСУУ

Жаңы жылды тостум тоолуу элетте,
Айланасы ак кар, көк муз жамынган.
Жыл карааны жакын келе электе,
Жаш-карысы жан жабыла камынган.

Эчендери чоң калаага аттанып,
Алып кайтат ар кыл кийим-кечени.
Алдын ала үйлөр тегиз акталып
Даңгыратып таза кармайт көчөнү.

Аткарылбай келген жана ал тургай
Не бир ыйык үмүттөрдүн баарысы,
Жыл жаңырса аткарылып калчудай,
Эски жылга калбачудай карызы.

А мен сени күтүп: “келет-келетте”,
Келбеген соң өкүндүм да кейидим.
Жаңы жылда жааган кардай ак эле,
Менин анда сага деген пейилим…

 

ЭМЕСПИ

Таттык ачуу, таттуу да,
Көрдүк жакшы-жаманды.
Жетебиз деп аттууга,
Бастык тарап таманды.

Бүтпөйт деле тирилик…
“Өмүр” деген повести
Өлмөйүнчө жүгүрүп
Жүрүп жазап эмеспи!

 

КОМУЗ КҮҮСҮ

Аңгыча бир бийик үйдөн, маңдайда,
Токтогулдун “Миң кыялы” жаңырды,
Жата калып укчу жандын, андайда
Башка бардык эшиктери жабылды.

Качан келгем, кайда турган элем мен?
Унутканмын… билбейм мезгил жылганын.
Жаным гана жашырынып денемден,
Жатты соруп күүдөн алган жыргалын.

Бирде урунуп жердин жылуу төшүнө,
Бирде минип күндүн бийик жалына,
Кайра кетип ырахаттуу көшүүгө,
Сезем күүнүн жүгүргөнүн канымда.

Алган өндүү сыйкырдатып үч кылга,
Жердин шары колго түшүп алмадай,
Капкачаңкы уктап калган жаз жылдар,
“Селт” деп жерден баш көтөрүп алгандай.

Жараткан ай, бул не деген керемет,
Күү “эмчегин” мен өндөнүп жер эмет!
Мен кейисем, эгер болсоң сооротмок,
“Миң кыялдын” бир кайрымын бере кет?!

Жок, жок, мунум буйрук эмес жай талап,
Мүмкүн болсо, угуз түгөл кайталап?..
Комуз ойноп турган кезде кыргыздар
Ажалды да “Ары бар!” деп айта алат…

Комуз келген байыртадан биз менен,
Бизди узатып барат дагы канчага!
Тирүүлүктө жанга жыргал издеген,
Ар ким угуп: “Канбадым” дейт канса да.

 

ДОН-ЖУАН

Быт-чыт үзүп ар-намыстын кишенин,
Жүрөгүмө толуп үмүт, ишеним,
Жем издеген ободогу куш болуп,
Бүгүн сенин тузагыңа түшөмүн.

Түшөм, чексиз кумарыма жеңдирип,
Малайын же кулуң болуп, чынында:
Эшигиңден отуң менен тең кирип,
Кайра тышка күлүң менен чыгууга.

Сен дегенде менде жан жок аялуу:
“Өл!”, “тирил!” де – кыңк дебестен укмакмын.
Хафиз окшоп, ыйык санап аягың,
Туфлийиңе вино куюп ичмекмин!

 

ЭКИ КАРЫ

Эки кары, эскилиги жер өңдүү,
Кыналышып, бирге олтуруп алышкан.
Бир-бирине (кулактары кереңби?)
Кыйыкырышат, сүйлөгөнсүп алыстан:

– Ичээрди ичип, жээрибизди жеп бүттүк,
Арман жоктур биз өндөнгөн карыда?
– Бар, дейт бири, – “келип жатсын” деп күтүп,
Мүрзөң турса, эки кадам арыда…

 

ТАЛАП

Мен ач көзмүн,
Ушунчалык сараңмын,
Ааламда жок
Дүйнөкормун бир жаткан.
Бирок менин
Түшүнбөстүк, караңгым,
Бардык жактан эмес,
Жалаң бир жактан:
Сүйүү жактан…
Ошол ыйык сезимди,
Бөлүп-жарып берсең албайм,
Ал тургай,
Жек көрөмүн…
Мага берсең өзүңдү,
Бергин түгөл,
Түк эч нерсе калтырбай!

“Дүйнө” аттуу ырлар жана поэмалар жыйнагынан,
Фрунзе, “Адабият” 1989-ж.

 

КЫШКЫ БАЛЛАДА

Алып чыктым сени ээрчитип,
Кар боройлоп турган кезде көчөгө,
О, ал биздин эң кийинки кеч эле.
Жактырчумун дайым сени,
Дал ушундай кар чаңында карашты.
Чымкый кара пальтоңо алар жарашчу,
Калган өңдүү байчечекей ачылып.
Жылдыздары төмөн-төмөн асылып,
Кулаарына аз калган.
Бермет төккөн баркут сындуу асмандан
Сен өзүңө пальто тигип кийгендей,
Ак кар сага жарашчу.
Жактырчумун анда өзүңдү карашты.
Эсим жыйып жалт карасам,
Жок экенсиң ордуңда.
Боор оорубай сен деп жүргөн шордууга,
Каяккадыр качып бара жатасың…
Көп чакырдым, калдым бирок кур жалак,
Этегине ороп алып,
Алып кетти бурганак.
Ага болбой издеп келем
Калдыбы деп тамашалап жашынып.
Караан көрүп сенби десем,
Жөн көлөкө болуп чыгат,
Карда жаткан арка-жонун кашынып…
Сендиректеп кайттым жалгыз,
Элсиз ээн көчөдө.
О, ал биздин эң акыркы кеч эле…

 

ЖҮЗ ЖЫЛДАР МЫНДАН КИЙИН ДА

Жүз жылдар мындан кийин да
Бул тоолор минтип турушат.
Анда да бизче адамдар
Карыбас үчүн тырышат.

Жүз жылдар мындан кийин да
Сүйүүлөр болот ушундай.
Үшүнтүп жерге жаз келип,
Үшүнтүп чыгат ушул ай.

Жүз жылдар мындан кийин да
Дарактар желге ыргала
Шуудурап турат үшүнтүп…
Биз жокпуз аттиң бир гана.

 

АКЫНДЫН БАТАСЫ

Атаңдан алтын калбаса да, акыл калсын уулуңа,
Бабаңдан бото калбаса да, бата калсын тууруңа.
Айлуу күндү Теңирим, сарсанаага салбасын,
Саналууга бербесин, бешикте балабыз коркпосун.
Белесте атыбыз үркпөсүн,
Айылыбызда кырсык болбосун,
Арыкта суубуз соолбосун,
Эмчек баштуу эне жер — эсендикти улап турсун,
Алтын баштуу ата жер — амандыкты сурап турсун!

Соц тармактар:

2 thoughts on “Сүйүнбай Эралиев

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.