“Манас” эпосу Интернетте

Мен “Манас” эпосунун кыргыз тилинде Интернетке чыгарылганын кезиктире элекмин. Бир карасаң бул жеңилирээк, анткени аны башка тилге которуунун кереги жок. Алдың да жайгаштырып койдуң. Бир гана маселе болушу мүмкүн, ким аны компьютерге түшүрөт.

Мен жаңылышым мүмкүн. Балким, “Манас” эпосу эчак эле санариптелген жана да Интернетке  чыгарылган. Андай болсо бул маалымат менен бөлүшсөңөр биз ыраазы гана болот элек.

Күтүлбөгөн жерден “Манас” эпосун Интернеттен таап алдым. Бирок ал орус тилинде экен. Болгондо да эпостун бир нече варианттары келтирилген. “Манастын” өзүнөн башка кичи эпостордун катарына кирген “Жаңыл мырза” жана “Олжобай менен Кишимжан” эпосторунун орус тилине котормосу жана 1000ге жакын кыргыз макал-лакаптары менен да таанышса болот. Белгилей кетүүчү жагдай, макал-лакаптар эки тилде – кыргыз жана орус тилинде – берилген.

Калгандарын сайттын өзүнөн билип алса болот. КЫРГЫЗСКИЙ ЭПОС “МАНАС”

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.