“Калем”: Жаз ырлары

“Азаттыктын” “Калем” аттуу түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышында жаш акындардын жаз туурасындагы ыр саптарына орун берилди.

Сайра Батыркулова 1980-жылы Токтогул аймагында туулган. Кесиби боюнча актриса, Бакен Кыдыкеева атындагы сыйлыктын ээси. Поэзиядагы алган негизги багыты – лирика. Республикалык “Нурборбор” коомдук бирикмесинин мүчөсү.

КАЙТЧЫ ЖАЗДАН КЕЧИКПЕЙ
Атыңды атап күндө нечен жалынам,
Көңүлүмө түйүп алган ырымдай.
Каухардай берметтелген сезимди,
Көмүскөгө жашыруунун кыйыны ай.

Жарып чыкты бүгүн айтып жар салдым,
Көрө албастын күбүрүнө терикпей.
Сүйөм дедим, сөзүм сага таандык,
Кайтчы жаным, кайтчы жаздан кечикпей.

Мирлан Самыйкожо 1984-жылы Нарын аймагынын Ак-Талаа жергесинде туулган. Кесиби боюнча журналист. “Жүрөккө түшкөн чагылган” деген аталыштагы поэтикалык жыйнактын автору. Жолдошбой Абдыкалыков атындагы адабий сыйлыктын лауреаты.

ЖАЗ КЕЛДИ
Кышта кийген жылуу ичик, жылуу тон,
Бүгүн турат кызматынан бошонуп.
Жанга жыргал жардам кылды өтө чоң,
Эми чечип кыш кийимге кошолук.
Ак тон кийген, аска тоолу айлана,
Калган өңдүү кебездери айрылып.
Демейдеги күндөн бүгүн башкача,
Этек- жеңи эки жакка кайрылып.

Үшүп турган жып жылаңач дарактар,
Көл- шал түшүп, куюлганча тердеди.
Көптөн берки актай турган барактар,
Толуп катка сүйгөнүң таап бер деди.

Көрсө бүгүн келген тура жаз күнү,
Катып калган тоңдууларды эритип.
Каңыл жаарды жарып жыттуу жаз гүлү,
Турган өңдүү кыш ызгаарды демитип.

Афина Бакирова 1980-жылы Ош аймагында туулган. «Мен өзүмдү сүйүү кызы атаймын» деген аталыштагы алгачкы поэтикалык жыйнагы 2004-жылы жарыкка чыккан. Кыргыз улутук жазуучулар союзунун жана “Калемгер” адабий клубунун мүчөсү.

ТҮНКҮ ЖАЗ
Жүрөгүмдөн дүпүрөтүп ойлорду,
Жүрөгүмдөй дүпүлдөтүп жолдорду.
Поезд өтөт түнкү 12:00, түнкү жаз…
Бүгүн түнү жазда мендей ойгообу?
Укчу жазым бүгүн мынча буулуктум,
Тамырлашым айтайынчы төгүп муң.

Эгер сага барган болсо сүйгөнүм,
Көтөрүнүп менден калган сүлдөрүн.
Көөнөрбөшкө антын алгын чоочун кыз,
Торгой болуп ырдап берсин күндө миң.

Жакшыдырсың, мен да сендей жакшымын,
Жашайлычы элеси деп жакшынын.
Мен тепселсем аялзатсың сен дагы,
Сен тепселсең ал да менин тагдырым.

Эрлан Жумагазиев 1983-жылы Нарын аймагында туулган. Кесиби боюнча филолог. Жаш акындын лирикалык күчтүү ырлары жергиликтүү басылмаларга, басма сөз беттерине байма-бай жарык көрүп турат. Республикалык “Нурборбор” коомдук бирикмесинин жана “Калемгер” адабий клубунун мүчөсү.

ЖАЗ ЖАНА СЕН
Уйпаса көкүрөктү бүлүк сезим,
Улоодо сага жетпей үмүт көчүн.
Арналгым келсе дагы өмүр боюу,
А мага кол жетпеген бийиктесиң.

Эрке жел сулуулугуң баалагандай,
Эркелеп жүзүң сүйөт каалагандай.
Ай маган салкын желге суктансам да,
А мага буюрбаптыр таалай андай.

Жазгүл Жамангулова, “Азаттык”, 22.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.