Астрид Линдгрен атындагы премия тапшырылды

clipboard01Астрид Линдгрен атындагы премиянын 2010-жылкы лауреаты болуп Бельгиялык балдар жазуучусу Китти Кроутер табылды. ВВС билдиргендей, Кроутер 35 китеп жазган. Алардын басымдуу бөлүгү француз тилинде. Кроутер сыйлыкка жазуучу катары гана эмес, сүрөтчү катары да татыган.

Сыйлыктын өлчөмү 5 млн. швед кронасы (690 миң америка доллары). Сыйлыкты тапшыруу аземи 1-июнда Стокгольмдо өтөт.

Астрид Линдгрен атындагы премия 2002-жылы Швед өкмөтү тарабынан негизделген.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.