УРУУЧУЛУК САЯСИЙ КАТЕГОРИЯ ЭМЕС

Акыркы жылдары кыргыз улутчулдарынын арасында элибизди уруулар аркылуу бириктиребиз, уруучулукту саясий категорияга айландырабыз деген кыймылдар жана күчтөр пайда болду. Бүгүн алар кадимкидей кадыр күтүп, экиден эмес, үчтөн канат байлап (?), ар бир чоң уруунун чогулушун өткөрүүгө жетишип калган чагы. Арасында аттуу-баштуу, бир кезде төбөсү көрүнүп калган инсандар жүрөт. Ушундан улам улутчулдардын астында уруучулукту саясий категорияга айландыруунун келечеги барбы, пайдасы жана зыяны канчалык, замандын шартына туура келеби деген сыяктуу суроолорго жооп табуу зарылдыгы келип чыкты.

Уруучулук кыргыз элинин эле эмес, дүйнө жүзүндөгү көптөгөн башка элдердин да башынан өткөн. Айрыкча көчмөн коомдо ал элдин социалдык жана саясий түзүмүн аныктап, дүйнөтаанымына, улуттук философиясына түздөн-түз таасир тийгизген. Кыргыз элинин социализм заманына чейинки ички саясий тарыхы бул жалаң ошол уруулардын өз ара мамилеси, ынтымагы, талаш-тартыштары жана согуштары десек да болот. Ошондон улам, тилекке каршы, биз баатыр дегендердин көбү жалпы элдик баатырга айлана албай, кокту-колоттун гана баатырлары болуп калган жагы да бар. Биз чын эле улут катары калыптандыкпы же жер-жерлердин, уруу-уруулардын денгээлинен чыга элекпизби? деген суроо Совет мезгилин билинбей тепчип өтүп, биздин заманда кайрадан кабыргасынан коюлуп жатканынын да бир себеби ушул.

Андан бери заман өзгөрдү. Кыргызстан эл аралык укук нормаларынын тили менен айтканда өз алдынчалыкка жетишти. Унитардуу, көп улуттуу мамлекетке айланды. Кыргыз эли бул мамлекеттин негиздөөчүсү катары өз өлкөсүндө чечүүчү ролго ээ болуп, негизги жоопкерчиликти да өзүнө ала турган мезгил жетти. Демек, биз бул маселени жаңы улутчулдардын, мекенчил жарандардын позициясынан улам талдамакчыбыз.

Азыркы заманда уруучулуктун эки ролу бар. Биринчи ролу кыргыз элине тиешелүү жаманчылык-жакшылыкта. Айыл жериндеги кыргыздар азыр да жамаатташып жашагандыктан жана негизинен ал жамааттар эмгиче уруулук түзүмүн буза элек болгондуктан, аш-тойдо мындан артык уюштуруу формасын табыш кыйын. Экинчи ролу генофондду таза сактоодо, кан жаңыртууда. Кыргызда жети ата өтмөйүнчө кыз алышып, кыз беришүүгө тыюу салынган. Бул тууган арасындагы нике мамилелеринен, демек тукумдун бузулушунан сактап, бир чети алыс менен жакынды бириктирген байланыштарга шарт түзгөн. Уруучулукту саясий эмес, ушундай турмуштук категория катары карасак булардын пайдасынан башка зыяны деле жок.

Зыяны бул көрүнүштү саясий категорияга айландырганда кашкайып чыгат. Биринчи зыяны кыргыз элин бөлүп-жарганы. Улутту уруу аркылуу кошобуз дегендер же терең жаңылышат, же өздөрү билип-билбесе да бөлүштүр да өкүм сүр деген тышкы күчтөрдүн ташын тегеретип атат. Көрдүк, ар бир урууну өзүнчө карай келгенде эле эскирген эрегиш, өчпөгөн өч, кетпеген кекээр чыгат экен. Ар бир уруунун санжырасы өзүн мактап, башканы жерге таптап кирет экен. Менин атам бай эле, сенин атаң кул эле деген сөздөр шайтандын чырагына май тамызат экен. Мына жакынкы эле жылдары, айыл өкмөттөр шайланып турган заманда бир айылдын ичи уруу-уруу болуп жаатташканга чейин барган учурлар болду. Жаман болсо да өз улагымдан теке салам дегендер чыкты. Эми ошонун баарын расмий формага өткөрсө жалпы улуттук масштабда эмне болоорун өзүңөр элестетип көргүлө. Буга чейин түндүк-түштүк, кыргыз-киргиз, социалист-либерал, хизбут-баптист болуп бөлүнгөнүбүз аздык кылабы? Уңгусун таап улут кыла албай жатып эми кыргызды кайра кыркка бөлөбүзбү? Бөлүнсөң бөрү жеп кетет, бөлүнүп калды кыргыз деп, бөлөк элге кеп кетет деп Бакай атабыз бекер айтты беле? Же кулаалы таптап куш кылган, курама жыйып журт кылган Манас атабыз бизди ушинтип чачырап кетсин деп бириктирди беле?

Экинчи зыяны уруучулук башка улуттун өкүлдөрүн кыргызга кошуп, жалпы бир Эл кыла турган саясатка бөгөт болот. Биз азыр жалгыз жашап жаткан жокпуз, арабызда каалайбызбы, каалабайбызбы, башка улуттар да жашайт. Мындай маселе башка элдерде кандай чечилген? Түпкүлүктүү мамлекеттердин көбүндө түпкү улуттар жалпы тил, жалпы дин, жалпы кызыкчылык аркылуу майда элдерди өзүнө сиңирип алышкан. Айталык, насили арабдан чыккан Пушкинди орустун улуу акыны кылып алган. Екатерина II түбү немка болгон. Азыр деле өзбек болуш үчүн өзбекче сүйлөп, сооданы жакшы көрүп, махаллада жашап кетишин жетиштүү. Кыргыз болуш үчүн сөзсүз бир уруунун өкүлү болушуң керек болуп чыгат. Ал эми жанатан сөз башында айтылды, кыргыз эли мындан ары өзү үчүн гана эмес, бүтүндөй мамлекет үчүн жооптуу. Ансыз чыныгы мамлекет куралбайт. Бул оңой жоопкерчилик эмес. Мамлекетчил позицияны, алысты көрө билген стратегияны талап кылган жоопкерчилик. Демек, кыргызча суудай сүйлөсө, кыргыздын ырын ырдаса, кыргыз мамлекетинин таламын талашса, Кыргызстанды мекени катары көрсө, анын мыйзамдарын сыйласа мындай адамдарды кыргыздын жараны катары катарыбызга кошуп, башкаларга үлгү кылып боорубузга тартып алышыбыз керек. Жаңы кыргыздар ошентип пайда болот. Курама темир курч чыгат. Улут жаңы деңгээлге көтөрүлөт. Алмамбет баатырды кыргызга алып келип кол башчы кылган Манас атабыздын айкөлдүк принциби ошондо гана ишке ашат.

Адам адегенде өз уруусуна аты чыгып, анан жалпы кыргызга төбөсү көрүнөт дегендер бар. Туура эмес. Азыр кыргыз тургай бүт дүйнө жүзүндө урбанизация (шаарлашуу) процесси калктын кыйла бөлүгүн шаарларга тартып кетти. Турмуш шартына карай жер которгондор көбөйдү. Анча-мынча айыл көргөнүм менен, негизинен шаарда тарбияланып, жаран катары калыптангандардын арасында мына мен да бармын. Мени тааныгандардын ичинен кыргыз эмессиң же мекенчил эмессиң деп эч ким айта албайт. Кыргызстандын ар кайсы булуң-бурчунан дос-тааныш күттүм, бактым тоодой экен, сан жетпеген сонун кишилер менен санаалаш, сапарлаш болдум. Эзели тааныбаган уруулаштарга салыштырмалуу мага ошондой адамдар жакын чыкты. Жанга күйбөс туугандан жанга күйгөн дос артык. Астейдил тилегимди ачык айтсам, мен өзүм таандык болгон бир уруунун же бир областтын эмес, бүт кыргыздын кулуну болгум келет. Кыргызстандын бүт булуң-бурчунда калың журттун батасын алгым келет. Жамы кыргыз сыймыктангыдай эр-азамат болгум келет. Кимисинин үйүнө барсам да кучак жайып тосуп алгыдай, кыргыздын баары бир тууганын көргөнсүп сүйүнүп кеткидей киши болгум келет. Ушул эмне, жаман тилекпи?

Айтмакчы, андай адамдардан азыр деле уучубуз куру эмес. Элге-журтка жага турган сөз айтып, татыктуу иш кылган азаматтарды Кыргызстандын кайсы жеринде болбосун эл өзү төбөсүнө көтөрүп алаарын турмуш көрсөттү. Бул демек кыргыз эли уруу деңгээлинен улут даражасына өсүп баратканын, мамлекеттин тагдыры үчүн негизги жоопкерчиликти өз мойнуна алууга акырындап даярданып жатканын айгинелеп турат. Атпай журттун тагдыры абалтан бери аккан суу. Аны түз нугунан адаштырып артына бурбайлы. Антсек бизди тарых кечирбейт.

Уруучулукту саясий категорияга айландыруунун үчүнчү зыяны бейформал коммуникацияларды күчөткөнү, ар кандай авантюристтерге жол ачканы. Туура бийде тууган жок, тууганчыл бийде ыйман жок деп бекеринен айтылган эмес. Коррупцияга белчесинен баткан кишилердин жакын туугандарынан башка ишенээр адамы жок калат, элден ажырайт. Уруучулук улам майдаланып отуруп акыры үй-бүлөлүк деңгээлге түшөт. Бирин жансакчы, бирин мал сакчы кылат. Өлкөнү расмий бийлик бутактары башкарбай, баласы-иниси, куда-сөөгү, таеке-жээни, аке-үкөсү башкара баштайт. Мамлекетти мал базарга айландырат. Ишенбесеңер алыс барбай эле азыркы заманга көз чаптыргыла, төбөсүнөн түшөсүңөр. Анан ушундай башкаруу өлкөнүн кызыкчылыгын коргоп бердиби-жокпу, андай башкаруу керекпи-жокпу, өзүңөр чечкиле.

Дегеле уруулук түзүлүштү азыркы заманда саясий деңгээлге чыгаруу буга чейин кандай пайда алып келди? Мамлекеттин мүлкү көз көрүүнө таланып, өлкөнү чоочун фирмалар башкарып, элге-жерге коркунуч келтирип жаткан кыйчалыш шартта жанагы уруу башчыларынын кимдир-бирөө катуураак үн катканга жарадыбы? Тарыхтан тактык издемиш болуп, улуу Ленин каяктан, ушу биздин саяктан деген деңгээлдеги мифтерди чыгарган аксакалдарыбыз каяшаны кой, калыс сөзүн айта алышты беле? Биздин уруудан падыша келмейинче Кыргызстандын иши оңолбойт деп расмий бүтүм чыгарган жаңы манаптардын кимиси Кыргызстанды гүлдөтүп жиберди эле?

Ошондуктан биз, жаңы улутчулдар, мекенчил жарандардын жаңы мууну бөөт-чөөт болуп уруу-урууга, жер-жерге бөлүнүүдөн, улутту артка тарткан терс көрүнүштөрдөн кескин баш тартып, бир гана кызыкчылыкка улуттук (өлкө ичинде) жана мамлекеттик (андан да жогору масштабда) кызыкчылыктардын тегерегинде бириге турган учур келди. Ушул кызыкчылыктарга ченеп, каршы чыкчусуна каршы чыгып, колдочусун колдой турган мезгил жетти. Ар кимисине курал болбой, акылдуусунган сөздөрүнө сыпаалык үчүн баш ийкебей, өзүбүз ушул кызыкчылыктардын тегерегинде бардык саясий күчтөрдү бириктире турган, аларды ошонун негизинде сынай турган убакыт болду. Өз алдынча, эч кимдин көзүн карабаган, эли-журту өз тагдырын өзү чечкен, өз байлыгына өзү ээ болгон күчтүү, сыймыктуу мамлекет кура турган заман жакындады.

Канчалык эрте аракеттенсек өлкөбүзгө ошончолук жакшы.

Жыргалбек Касаболотов, кыргыз жараны

Соц тармактар: