Актан Арым Кубат: “Биз Манасты тартууга даяр эмеспиз”

“Селкинчек”, “Бешкемпир”, “Маймыл” сыяктуу мыкты тасмаларды жараткан КР эл артисти, Европа киноакадемиясынын мүчөсү, көптөгөн эл аралык сыйлыктардын ээси, кинорежиссер Актан Арым Кубат көптөн бери көрүнбөй кеткен. Көрсө, бул убакытта ал Казакстанда иштеп жүргөн экен. Бир нече кинолорду тартыптыр. Алардын акыркысы “Оскар” сыйлыгынын тизмесине илинген “Келин” тасмасы. Актан аганын Бишкекке келгенинен пайдаланып, кепке тарттык.

Актан мырза, кыргыз киносуна керегим жок болуп калды дегендей таарыныпсыз. Таарынычыңыз кимге?
Кыргыз кино тармагын убагында искусстводогу алдыңкы тармактардын бири деп мактап жүрчүбүз. 2005-жылкы революциядан кийин бул тармакта да революция болуп, көпчүлүк каалабаган адамдар жетекчиликке келип калышты. Мен өзүмдү эгемендүүлүктөн берки кыргыз киносуна чоң салым кошкон режиссерлордун биримин деп эсептечүмүн. Бул ойду чоң-чоң инсандар, кесиптештерим, искусство адамдары да айтып келишет. Анан эле революциядан кийин мага көңүл бурулбай, эски бийликтин адамындай мамиле кыла башташты. Кино тармагына жаңы келгендер, кыйратып кино тартпагандар бир тарап болуп, негедир мен өгөйлөнүп калдым. Башкача айтканда, жакшы кадрлар, режиссерлор четке сүрүлө баштады. Ошол маалда Казакстанга кетип, ал жактан “Рай для мамы” деген тасма тарттым. Кийин “Казакфильмде” директор болуп, учурда жеке студия ачкан продюсер Сергей Азимов биринчи тасмасын тартып берүүмдү суранды. Ошо менен алек болуп жүрдүм.

Казакстанда сиздин сценарийиңиз боюнча “Келин” деген тасма тартылыптыр. Муну неге Кыргызстанда тарткан жоксуз?
Союз маалында Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Мелис Убукеев сыяктуу режиссерлор казак киночулары менен тыгыз иштешип, казак тасмаларынын көбүн тартышкан. Алардын актерлеру биздин, биздин актерлор алардын тасмаларына тартылып, кызматташуу жакшы болчу. Ошол салтты улантуу ниетинде Сергей Азимов “Келин” тасмасын “Казакфильмге” директор болуп турганда эле баштаган. Эки өлкөнүн продукциясы болуп жаткандан кийин эреже боюнча тасма чыгымынын 30 пайызын кыргыз тарап чыгарышыбыз керек эле. Мамлекеттик киностудияда ыйкы-тыйкы болуп жаткандыктан бул маселе боюнча жетекчиликке кайрылган жокмун. Кыргыз бизнесмендерине, байларына кайрылсам да каражат чыкпады. Акча жок, тартпайм деп баштартуудан да намыстандым. Каражаттын баары казак тараптан чыгып жаткандыктан өзүмдү ыңгайсыз сезип, сценарийди толук бышырып чыктым. Анан тасманы тартууну сценарийди кошо жазышкан казак сценаристи Эрмек Турсуновго өткөрүп бердим. Тасмага Мурат Алиев оператор болду. Өзүм да тасманы тартууда көп жагынан жардам кылып, аягына чейин аралашып жүрдүм.

Ар бир чыгармачыл адамга өз чыгармасы баласындай болот. Сиз “Келинди” казактарга тарттырып жибергендей болгон жоксузбу?
Негизи чыгармачыл кишилер кенен болушу керек. Чыгыш философиясында кумара бошогон сайын толуп турат, ошондуктан ал дайыма бош болуш керек деген ой айтылат. Ошол сыңары чыгармачыл адам кызганбай, өзүндө болгонун берип турса, таланты ошончолук толуп турат экен. Экинчиден, көөдөндөгү ой кыял жарык көрүп, элге жетсе жакшы да. Бирок, жаман жагы кинодо авторлор дайыма көмүскөдө калат. Атактын баары режиссердо болот. Титрден кээ бирөө окуп калса, “а-а, автор ушул турбайбы” деп коюшу мүмкүн. Мен үчүн бир оюм ишке ашып, кино тартылды. Казактар тартса да, а деле менин балам.

“Оскар” сыйлыгынын тизмесине илинген бул тасма казак коомчулугунда катуу талаш жаратыптыр. Казак туугандар тасманын эмнесине нааразы болушту?
Тасма чыккандан кийин Казакстанда бул тууралуу катуу талаш-тартыш болду. Казактардын салты, үрп-адаты таптакыр мындай эмес деп каршы чыккандар көп болду. А тасманын эң негизги чатагы бир нече эротикалык сценалар бар болчу. Ушунун тегерегинде катуу салгылаш болду. “Казакфильмдин” жаңы жетекчиси Эрмек Аманшаев жазуучу, киночу, маданият кызматкерлеринен эксперттик кеңеш түзүп тасмага каршы турду. Тасма жакшы чыгып, фестивалдарды кыдырып, “Оскарга” чейин жетип кеткендиктен фильмди көрсөтпөй коюуга булардын күчү жетпей калды. Бирок тасма “Оскар” сыйлыгын алган жок. Акыры тасманын башына “бул окуя VIII кылымда Алтайда болгон” деген титр жазылып, чыр басылды. Ошентип жүрүп төрт-беш жыл өтүп кетти. Ошол маалда бул жакта Актан Арым Кубат эски бийлик кулаганы таянычы жок, дайыны чыкпай калды деген маалымат таралып кетиптир.

Азыркы тасмаларда төшөк маданияты көп камтыла баштады. Бул бизге зарылбы?
Менимче, экранда турмуштун чындыгы болуш керек. А турмушта ар кандай окуялар болот. Эротика деле турмушта бар. Муну жашыра албайбыз. Ар бир киши жакшы, жаманы менен жакшы адам болот. Илгери буга тыюу салышчу, бирок кызыкчылык күч эле. Албетте, төшөк маданиятын ачык бергенге болбойт. Биз ошону бере билишибиз керек. Тасмада туура чагылдырылса көрсөткөнгө эмнеге болбосун. Бирок, буга чоң кылдаттык керек.

Учурда “Свет” деген тасманы аяктап жатыптырсыз. Бул азыркы электр энергиясынын көйгөйүнө байланышканбы?
Көп жылдан бери жүрөктү өйүп жүргөн бир ой бар эле. Ошол ойго белгилүү жазуучу, сценарист Талип Ибраимов экөөбүз сценарий жаздык. Былтыр тартып баштагам, буюрса бүтүп калдым. Жакында Локарно же Канн фестивалына алып чыгабыз. Тасма аты аталгандай электр жарыгына эле байланыштуу эмес. Менимче, азыр эл жандүйнө жарыгына муктаж болуп турат. Ошону философиялык мааниде берүүгө аракет кылдык.

Жакында бир гезитке берген маегиңизде мамлекеттик кинематография толугу менен чачыранды болуп кетти депсиз…
Албетте, өкмөт жылдан жылга кино тармагына көбүрөөк каражат бөлүп жатат. Бирок, жыл өткөн сайын биздин кино артка кетип баратат. Азыр киночулардын стратегиялык көз карашы жок болуп, мен кыйынмын дегендер эле алып-жулуп кино тартып жатышат. Биздин убагыбызда эки жылда болсо да бир тасма тартылып, анын техникалык, көркөмдүк сапаты жогорку деңгээлде болчу. Азыр “Кыргызфильм” эле эмес, кино чөйрөсү “кормушка” болуп калды. Таң калганым, кино тармагына бөлүнгөн каражаттын каякка жумшалып жатканын өкмөттөн бирөө да келип текшербейт. Мунун баарын азыр ийне-жибине чейин айткым келбейт. Буга чейин режиссерлор маалымат булактары аркылуу жакшы эле айтышты. Минтип отурсак, кинобуз качан өнүгөт билбейм.

Жакында кинематографисттер союзунда съезд болуп, союздун жетекчиси алмашты. Эми жылыштар, өзгөрүүлөр болобу?
Менимче азыр союзга башка көз караштагы адам жетекчи болуп келди. Өзгөрүүлөр болот болуш керек. А негизинен киночулар союзу өндүрүшкө чоң таасир бере турган уюм болуш керек. Кээ бирөөлөр союз коомдук уюм, ал өндүрүшкө кийлигише албайт деген пикирде. Андай болсо мен-мен деген чыгаан режиссер, оператор, сценаристтер неге союз түзүп жатат? Аларга эмне, кино өндүрүшүнүн кереги жокпу? Алар түздөн-түз өндүрүшкө таасир бериши керек. Эми тармакты өзгөртүүгө аракет кылалы деп турабыз.

Союздан мурун кыргыз киносунда көркөм кеңеш деген да бар эмеспи.
Көркөм кеңеш азыр туура эмес иштеп жатат. Бирөөлөр көркөм кеңештин кереги жок десе, бири бар дейт. Менимче, кинону ким тартыш керектигин, кимге каражат берүүнү чече турган бир орган болуш керек. Азыр көркөм кеңештин өзү коррупциялашып кетти. Анткени азыркы тасмаларды бүт эле ошол көркөм кеңештин мүчөлөрү тартып жатат. Бул таптакыр туура эмес. Мында мурунку маданият министрлигинин чоң күнөөсү бар. Эми азыр ал жакка да, кинотармакка да башка жетекчилер келди. Кино чөйрөсүндө өзгөрүү эми болот го.

Канткен менен азыр тасмалар тынымсыз эле тартылып жатпайбы?
Ооба, азыр түрдүү тасмалар тартылып, кызуу иш жүрүп жаткандай болуп жатат. Бирок, тасмалардын техникалык, көркөмдүк сапаты абдан төмөн. Булар рынокту камтыган, жөнөкөй эле кинолор. Мурда кыргыз киносунун деңгээли жогору эмес беле. Чынын айтыш керек, советтик доордон кийин биз көп нерсени жоготтук. Агезде сапаттуу, тарбиялык мааниси бар тасмалар кинотеатрлардан көрсөтүлчү. Азыр да ошондой кинолорду тартып, элдин аң-сезимин оңдоо зарыл болуп турат.

Сиздин тасмаларыңызда ар улуттун өкүлдөрү бар. Алар менен кантип тил табышасыз?
Мен чынында кыргыз, орус тилинен башка тил билбейм. Бирок, кино тилин билген адам көп тилди билген менен барабар болот экен. Муну өзүмдөн улам айтып жатам. Менин алгачкы “Селкинчек” тасмам чет өлкөгө чыгып калып, ошондон тарта инвесторлор пайда боло баштаган. Кино тармагында тил билбесең да тарткан, тартчу тасмаң кызыктуу болсо чет өлкөлүктөр котормочуларды да, башкасын да табышат. Турмушта убактымдын көбү чет өлкөлөрдө өтөт. Кээде тил билбегениме уялам. Бирок, мендей тил билбей, ошентсе да чет өлкөлөрдө өзгөчө адамдай жүрө бергендер да болуш керек го (күлүп).

Учурда өз тасмасына сценарист, продюсер, режиссер, ал тургай актер болуп жаткандарга кандай карайсыз?
Грузиндердин Отар Иоселиани деген режиссеру бар. Ошол кишиден “сиз сценарийди кантип жазасыз” деп сурашыптыр. Ал “мен биринчиден жазгандан уялбаган адамды табам” деп жооп бериптир. Бул аябай туура айтылган. Мен сценарийди жалгыз жазбайм. Дайыма Автандил Адыкулов, Марат Сарулу, Эрнест Абдыжапаров,Темир Бирназаров, Талип Ибраимов деген авторлор менен иштешем. Негизинен биргелешип жазганды жакшы көрөм. Бирок, негизги ой, сюжет меники болот. Минтип иштөөнүн жакшы жагы – сценарийге сырткы көз караш менен карай аласың. Канчалык ой көп болсо, сценарий да ошончолук жакшы болот. Эми баарын өзү кылган бул биздин кемчилигибиз го деп ойлойм. Анан бул каражатка да байланыштуу. Ошентсе да авторлор менен биргелешип иштөө жакшы тасманын жаралышына шарт түзөт.

Маданият агенттиги жакында сапатсыз тасмаларга чектөө керек деген маселени көтөрдү. Бул туурабы?
Чектөө мен айтып өткөн көркөм кеңеш тарабынан болуш керек. Бирок, көркөм кеңешке туура баа берген, калыс кишилер келсе гана.

Айрымдар чыгармачылыкка чектөө коюлса, ал өнүкпөйт дебатышпайбы?
Шумдук чектөөлөр болгон союз мезгилинде деле жакшы тасмалар чыккан. Менимче, сүрөткердин кыйындыгы ошол чектөөдөн өтө билгендиги. Кино ошонусу менен кызык. Башкача айтканда, чоң чыгарма же тасма каймана мааниде болот. Кинодо жакшыны жакшы, жаманды жаман деп койгондо ал фактыларды констатациялоо эле болуп калат.

“Манас” эпосун тасмага тартуу керекпи же кереги жокпу?
Тартыш керек же тартпаш керек деп айта албайм. Бирок Манас ыйык экенин билем. Эгер ыйык болсо тартпай эле койгон оң. Кокусунан тартууга туура келсе, муну өзүнүн деңгээлинде тартыш керек. Болбосо тийбей койгон оң. Манас – биздин мурасыбыз. Биз азыр аны тартууга даяр эмеспиз.

Мелис СОВЕТ уулу, «Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 02.04.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.