Өнөрдү сынаар кез келди

XXI кылымдын манасчысы май айында белгилүү болот

Буга чейин белгилүү тележурналист Шайырбек АБДРАХМАН быйылкы мурас жылынын алкагында “Манас-мурас” жана республикалык “Айтыш” коомдук фонддору менен биргелешип XXI кылымдын манасчысын тандоо үчүн эл аралык сынак уюштуруу түйшүгү менен жүргөнүн кабарлаганбыз. Манас ааламы улуттук маданияттын туу чокусу болгондуктан бул иш-чаранын жүрүшүн чагылдырып турууну да моюнга алганбыз. Байге фонду 1 млн. сомдон ашкан сынак жакындап келатат.

– Шаке, манасчылардын сынагы качан башталат?
– Биздин уюштуруу комитет иштеп чыккан жобо боюнча сынактын тандоо туру 1-майда, саат 9.00дө улуттук тарых музейинде өтөт. Бул тандоо туруна 16 жаштан жогорку Кыргызстандан жана башка мамлекеттерден келген бардык манасчылар катыша алышат. Өнөрпоздорду каттоо саат 9.00дөн 10.00гө чейин жүрөт. Бул убактан кечиккендер сынакка катышпайт.

– Тандоо турунун шарты кандай?
– Ар бир манасчы “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчилтигинен калыстар тобу тандаган эки окуяны айтып бериш керек. Ар бир окуяга 10 мүнөттөн убакыт берилет. Манасчынын үнү бүтүп калса, сөзү маанисиз боло баштаса же окуяларды чаржайыт, ирээтсиз айтса, калыстар тарабынан мөөнөтсүз токтотулат.

– Мындан канчоо жеңип чыгат?
– Калыстар тандоо турунан 5 манасчыны тандап, алар биринчи айлампага ат салышат. Ал таймаш 2-3-4-майда саат 9.00дө тарых музейинде өтөт. Мында манасчылардын убактысы чектелбейт. Ар бир манасчы “Манас” эпосун эң башынан баштап, токтогон жерине чейин айтат. Ирээти кезек кагаз аркылуу такталат. Жогорку айлампадан өткөн үч манасчы жарым финалга жолдомо алат. Жарым финал жана финал 15-майда саат 16.00дө Т.Сатылганов атындагы филармонияда уланат. Үч манасчы “Манас” эпосун эң башынан баштап, бири-бирин улап айтат. Ирээти кезек кагаз аркылуу чечилет. Эки саатта жалпы убакыт берилип, кезек 20 мүнөттөн алмашылып турат. Финалга эки манасчы тандалат.

– Анан экөөнүн бирин тандоо кандай жол менен жүрөт?
– Финалдык таймаш тема аркылуу жүрөт. Берилген бир теманы эки манасчы тең айтат. Нааразылык болбош үчүн бирин-бири укпай турган шарт түзүлөт. Ар бир манасчыга 1,5 сааттан убакыт берилет.

– Эки манасчы тең мыкты болсо XXI кылымдын манасчысы экөө болуп калабы?
– Бул дагы сынактын жол-жобосунда каралган. Мындай кезде улуттук нарктуулукту сактап, эки манасчынын жашы улуусуна жол берилет.

– Эгер эки дастанчы тең бир жылда, бир күндө төрөлүп калсачы?
– Андай болгондо калыстар чечет.

– Калыстар тобунун мүчөлөрү кимдер?
– Бул азырынча жашыруун боюнча калсын. Албетте, манасчылык өнөрү боюнча болуп жаткан эл аралык сынактын калыстар тобунун курамы кызматына же байлыгына карата тандалбайт. Биз мүмкүн болушунча бул элдик өнөрдүн ийне-жибине чейин билген, кара кылды как жарган калыс жарандарды сынатабыз.

– Манасчыларга коюлуучу негизги талаптар кандай?
– Биринчиден, манасчы эпосту толук жана ирээти менен билиши керек. Ошондой эле жобо боюнча берилген темага так жооп берүүсү, аткаруу чеберчилиги жана сахнадагы маданияты, улуттук кийими калыстардын көз кырында болот.

– Сынактын демөөрчүлөрү кимдер?
– Башкы демөөрчүлөрүбүз “Манас-мурас” жана “Айтыш” коомдук фонду, калгандары “Замандаш” ассоциациясы, улуттук Т.Сатылганов атындагы филармония, улуттук тарых музейи. Дагы да кыргыздын кымбат өнөрүнө кайдыгер карабаган эр-азаматтарды демөөрчүлүккө чакырат элек. Баса, Манас темасына тартылган сүрөтчүлөрдүн эмгектерин да кабыл алабыз. Ушул жана башка маселелер боюнча сурап билүүчү телефондорубуз: (0312) 303616, (0312) 303614 (0555) 999 351, (0772) 657-647. Электрондук дарек: azamatakyn@mail.ru.

Зайырбек АЖЫМАТОВ, «Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 02.04.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.