Элдик жыл эсептөөгө негизделген дыйканчылык

Түшүмүн тамырынан эмес, жогорку сабагынан берүүчү тамак-ашка керектелүүчү жашылча-жер-жемиштерди – помидор, бадыраң, баклажан, капуста, ашкабак, коон, дарбыз жана башкалардын үрөндөрүн асмандагы ай жаңыргандан кийин он бешине толгонго чейин сээп бүтүш керек. Ушуга байланыштуу кыргыз элинде төмөнкүдөй ыр саптары бар.

Ай жаңырып толгуча,
Он төрт жаңысы болгуча,
Үрөн сепкин, ушунда.
Түшүм жыйаар, учуна.
Коон, дарбыз, анделек,
Бадыраң, зире, баарын сеп,
Асыл байлап шагына,
Арбыйт түшүм, бактыңа,
Арбын түшүм ашатат
Айдасаңар ашкабак.

Ал эми түшүмүн тамырынан берүүчү үрөндөрдү, маселен, жер жаңгак, сабиз, пияз, кызылча, картошка жана башкаларды качан гана асмандагы Ай он беши болуп толгондон нары түнкүсүн кечигип корголоп тийип, кичирейе баштаган күндөн тартып себүүнү башташ керек.

Ушуга байланыштуу кылымдардан бери айтылып келген эл арасында төмөнкүдөй ыр саптар бар:
Ай корголой баштаса,
Айдар үрөн башкача.
Түшүм берер тамыры,
Сабиз, пияз дагысы.
Айдай бергин айдөшкө,
Аппак, кызыл картөшкө,
Шат түшүмү ушунча,
Шалгам менен кызылча,
Башыңдагы топудай,
Ар бир түбү сокудай.
“Айга карап, айдап сеп” деген тарыхыбыздагы накыл сөзүн өткөн коммунисттик доордо, атеизм мезгилинде толук унутулуп калганы бүгүнкү күндө бизди өкүндүрбөй койбойт. Ак эгиндердин тобундагы дан эгиндерин: арпаны, сулуну, буудайды “Кулжа 1 тогол” аттуу ай асманда жаңырганга чейин же тактап айтканда, Үркөр топ жылдызы батып кеткенге чейин айдап-сээп бүтүп коюш керек. Себеби, ар жыл сайын асманда “Кулжа 1 тогол” аттуу ай жаңырганда гана Үркөр топ жылдызы батып кетет.

Кара эгиндердин тобундагы тарууну, конокту, чирчени, жүгөрүнү, шалыны качан гана Үркөр топ жылдызы батып кеткенден кийин себүү туура болот. Өткөн тарыхыбыздагы ата-бабаларыбыз Үркөр топ жылдызы батып кеткенден кийин кылкандуу дан эгиндерин себүүнү бардык аймактарда токтотушкан. Себеби, “Үркөр батты, кош жатты” деп ата-баба накыл сөзүн алар бекеринен айтышкан эмес. Мына ошентип, ата-бабаларыбыз жаратылыштын ыйык мыйзам ченемдүүлүктөрүнөн буйтап кетпейли дешип ар дайым сак болушкан.

Эч качан жаратылыштын мыйзамын бузушкан эмес. “Кулжа 1 тогол” аттуу Ай ар жыл сайын бир эле мезгилде жаңыра бербейт. Маселен, ошол “Кулжа 1 тогол” айы 2009-жылдын 25-апрелинде жаңырса, үстүбүздөгү 2010-жылдын 14-майында жаңырат. Демек, кылкандуу дан эгиндерин 2010-жылы 14-майга чейин айдап-себе берсе болот. Ал эми кара эгиндердин тобун айдап-себүүгө 14-майдан кийин гана мөөнөтү келет.

Өзгөчө айта турган нерсе төмөндөгүчө. 14-май күнү асмандагы айдын “ай арасы” жана “тогол” аталыштардагы ай мезгилдери бир күндө – 14-майда келет. Ошол күнү аба ырайында олуттуу өзгөрүүлөр күтүлөт. Дан эгиндеринин үрөнүн себүүдө үркөр топ жылдызынын гана таасирин так билишибиз керек. Ал эми тамак-ашка керектелүүчү жер-жемиш, жашылчалардын үрөнүн себүүдө асмандагы айдын гана таасирин так билишибиз керек.

Асмандагы ай жаңыра турган күндө жана асмандагы ай он беши боло турган күндөрдө айдап-себүүнү бардык аймакта токтотуш керек. Себеби, ошол күндөрдө асмандагы айдын фазасы алмаша турган күндөр болот. Демек, бул күндөрдү “арсар күндөр” деп атайбыз.

Буудайды күздүк түрүндө гана себиш керек экен. Себеби, күздүк буудайдын түшүмү жаздык буудайга салыштырганда үч-төрт эсе жогору болору баарыбызга маалым. Чындыгында күздүк буудайдын артыкчылыгы арбын. Себеби, күздүк буудай талаалары жазында кар кетери менен эле көйкөлгөн көк-жашыл талааларга айланат.

Күздүк буудай көйрөң келет. Ар бир түбү шыралжындай, чийдей болуп байлайт. Жазында отоо чөптөр баш бакканча күздүк буудай тизеге чаап, көтөрүлүп кетет. Ошондуктан, күздүк буудайды күзүндө суюгураак сепсе туура болот. Күзүндө сепкен күздүк буудай чыгып калганча мал жеп кетсе деле мейли. Себеби, күздүк буудайдын жазында байлай турган тамыры эсен да. Бирок, жазында эч качан күздүк буудайдын талааларына мал жолотпош керек.

Академик Жамин Акималиев күздүк буудайдын мекени деп Ысык-Көл облусу баш болгон, республикабыздагы бир катар бийик тоолуу райондордун атын радиодон бир нече жолу айтканы эсибизден кете элек.

Күздүк буудай июль айынан баштап түмөндөгөн мол түшүмдү бере баштайт. Ушул себептен өткөн тарыхыбыздагы ата-бабаларыбыз “буудай сепсең күздө сеп, күздө сепсең жүздөп сеп” деген сөздү алар бекеринен айтышпаган. Жүздү сеп деген сөздү чечмелесек – жүз пайызга чейин сеп деген эле түшүнүктө.

Бүгүнкү күндө республикалык деңгээлде ай, күн календарынын жакшы жактарын айыл өкмөттөрү, дыйкан чарбалары кеңири колдонуп жатышы бизди кубандырбай койбойт. Ай, күн календарында жыл бою асмандагы айлар ар ай сайын качан жаңырып калат, качан он беши болору, жаңысы толуп калары бул календарда толук чагылдырылган. Демек, өткөн ата-бабаларыбыздын “айга карап, айдап сеп” деген накыл сөздөрүн айыл чарба кызматкерлери бүгүнкү күндө унутушкан жок.

Өзгөчө айта турган нерсе – бул календарда жыл бою кайсыл айдын кайсыл күндөрүндө аба ырайында олуттуу өзгөрүүлөр боло тургандыгы даана көргөзүлүп турса, бул календарь кимге да болсо кереги бар экендиги кашкайып эле көрүнүп турат. Маселен, көчүп-конуп баратышкан малчылар болобу, Ала-Тоо аймагында жол жүрүшкөн айдоочулар болобу, же Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринеби, бул календарь жыл бою сөзсүз керектелет.

Асмандагы айдын “ай арасы” мезгилдери жана “тогол” учурлары бул календарда толук бар. Демек, асмандагы айлардын ушул эки мезгилинде гана аба ырайында өзгөрүүлөр күтүлөт. Ушул себептен бул календарь жалпы элге, жалпы журтка сөзсүз кереги бар.

Торон ЖУМАЕВ, Жалал-Абад облусу, Кара-Көл шары,
«Кыргыз туусу» («Кыргыз гезиттер айылы»)
, 09.04.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.