Динара Бейшеналиева

Талас районунун Арал айылында 1967-жылы 19-июлда туулган.

1985-жылы орто мектепти, 1988-жылы Талас шаарындагы медициналык окуу жайын бүтүргөн.

Эмгек жолун 1985-жылы Бишкек шаарындагы республикалык оорукананын неврология бөлүмүндө медайым болуп иштөө менен баштаган. 1996–2003-жж. “Асаба”, “Ордо” гезиттеринде кабарчы болуп иштеген.

Алгачкы ырлары 1985-жылы Талас райондук “Эмгек жарчысы” гезитине жарыяланып, кийин чыгармалары облустук “Талас турмушу”, республикалык “Ленинчил жаш”, ”Кыргызстан маданияты”, “Асаба”, ”Агым” гезиттеринде, “Учкун” альманахында жарыялана баштаган.

1992-жылы алгачкы ”Кызыл алма” аттуу китеби жарык көргөн.

Ага “Кыргыз руху” гезити ”2009-жылдын эң мыкты акыны” деген сыйлык ыйгарган.

2009-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.

“Уикипедиядан” алынды

 

Динара Бейшеналиева жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Жаз алып келген турналар

Проза менен поэзиянын союзу

 

Ырлар

ҮЧ

Жалынса сатып ийсең – амал мессиң
Өз этиң өзүң жесең – аман мессиң.
Ырларың алдап ийсең – адам мессиң.

 

ЭРК

Ааламдын агындысы агып келип,
Тирилик – тири укмуш үнү менен.
Жүрөктөн кайра ааламга кетет агып…

 

ЭЙ, БУЛУТТАР…

Бетиң аппак, көзүң күчтүү, басып өт,
Берметтериң, жакуттарың чачып өт.
Куш болоюн, куш болоюн атып өт..

 

БИЛБЕЙМИН

Кээде туруп, өз өзүмдөн кирдеймин,
Хан сарайым капас болуп… Түндөймүн…
Сен эле эмес, кимдигимди билбеймин…

 

КАР МЕНЕН ОТ

Кар байкуш неге мынча эрте жаады…
Отунум темир меште дүрт-дүрт этет.
Жүрөгүм, көөдөнүмдө дирт-дирт этет….

 

БАЙКУШ КӨПӨЛӨК

Катуу куюн, кайнатып, ташты кумду,
Айлантып алып кетти көпөлөктү.
Байкуш аа-ай…

 

ЖАКШЫЛЫК

Дарак гүлдөп, гүлү да түшөт бүрү,
Үмүт деле үзүлөт кээде чыны,
Үзүлбөгөн бир жип бар- жүрөктөгү…

 

МЕН АЯЛ

Кагылам сенден, сыр айта көрбө жанымда
Калчанып-нетип, каадамды төгүп албайын
Кадырың калбай, калбасын анан сенин да…

 

ТҮН МЕНЕН АЙ

Теребел уктап жатыры
Терезе карап отурмун,
Ай карап барат акырын…

 

ЖАРЫК КАЯКТА

Бир күндөр- ыраакпы,
Бүт өмүр чыракпы…
От ошо – туракпы…

 

БҮГҮН НЕГЕДИР

Шамал муздак
Адам муздак,
Кадам муздак бүгүн негедир.

 

ЭХ…

Эх дүнүйө, мынча кызык оюнуң
Сунам мобу, шуру, сулуу моюнум
Мынча муздак, мынча ысык коюнуң….

 

КЕТКИЛЕ

Кагазым, катар-катар учкулачы
Каткыргым келип туру бүгүн менин.
Бүт баары өлүп туру бүгүн деги…

 

СЕН

Кечтерим кертип кетпечи
Түндөрүм түртүп өтпөчү
Күндөрүм үзүп…Жетпечи…

 

СЫНДЫРБА

Менин ырым – тып-тып баскан издер
Менин ырым – дүк-дүк соккон бу жүрөк
Менин сырым – үлбүрөйт да үлбүрөйт…

 

КЫЛЫМДАР

Таңдар мынча тез тез атышат.
Терезеден кечтер кулашып,
Жыл мунарлар чийдей урашат.

 

ТӨРТ

Төрт мезгилиң – сап ыр дешти
Төрт тарап ушул, шыр дешти.
Төрт эле ооз – сыр дешти…

 

ТАЗАРСЫН

Ыйлабагам. Көөнүм кирдеди.
Ыйласамбы бүгүн үн катып?
Жуунайын, анда түн катып.

 

БОЗ ТАЛАА

Жылып-жылып, жылым үйүлдү
Бекер кеткен, бекер учушкан.
Кандай чечем ушул түйүндү….

 

ЖОК

Кышта тоңуп калбайын деп ыр ичтим
Күздө үзүлүп түшпөйүн деп ыр үздүм
Жаңылыпмын, үшүптүрмүн,

түшүпмүн…

 

ҮЙ КУТУ

Ал – кубатта, кыз-уулума жалбардым
Абийир делдим, адамга бир арналдым.
Очок дешти, түбөлүккө өчпөөчү.
От жылааны, ороп турду , кармандым

Оттон алыс, узап, улам кетпедим,
Жетсе да үнүм, ай астынан өтпөдүм.
Аалам көзөп, жылдыз ырын тизмекке
Алып учкан, жүрөгүмдү тек дедим.

Жалган дедим, жалтыракты жектедим,
Бирок, Күнүм чындай чыкты көктөгү
Кара жерди жарып ийип, кыпкызыл,
Гүлдөр чыкты, сүйкүм өңү өчпөөчү…

 

КЫБЫЛАДА

Үзүлүп, үзүлүп,
Келип калдым.
Тизилип майда-майда
Келдим сага.
Чачылып-чачылып
Сенин алдыңа
Бүктөлө албай
Түздөлө албай
Дүрт эте албай
Келдим сага
Алла Таалам.
Кечпи, эртеби
Түнбү, таңбы
Суубу, жанбы
Тегерегим
Айтчы, айтчы…
Шорголосо эки көз
аарчып койчу.
Калтыраса эки көз
тартып койчу…
Ушул колдор
Беш убак намаз окуп
Беш убак өзүңдөн
Ыйман күтсүн…
Тилегеним бере көр
Тилегеним…
Үзүлүп, үзүлүп
келип турмун
Тизилип, тизилип
келип турмун
Чачылып, чачылып
өлүп турмун.
Тирилип
Кайра-кайра
өлүп турмун.
Өлүп туруп, тирүүнү көргөндөрдөй
Тирүү туруп
Өлүмдү көрүп турмун.
Көзүм тойду
Дүнүйөгө белчесинен
Көр экенмин
Көрсө мен
Көр экемин.
Кес тилимди
Ач көзүмдү
Ал жанымды
Кайып болуп кетейин
Кайып болуп…
Тилегеним бере көр
Тилегеним…

 

МУЗЫКА

Сезим шарап
Селдей тарап.
Кылым ыры
Куюн, барак.
Курган жаны
Куурап барат.
Сурап барат
Сулуу аял.
Сулап таппас
Жан сырлары.
Жалгыз дүйнө
Жандүнүйө
Урап барат…
Сезим шарап
Сезим шарап…

 

ЖОЛДО

Баспаймын деген жокмун
Актаймын дегеним жок.
Аттаган эшиктен жөн
Акырын
Карек төгөм.
От болуп өчпөй-өчпөй.
Токтолуп, көктөй-көктөй.
Каргасам кайып кетпей
Тилесем
Тилек беттей.
Баары келген
Мен дагы
Бир Кудайдын
Мен дагы
Пендеси бир
Адамга бакты тилеп,
Көздөрүн сүйүү өпкөн
Балага жанын таштап
Башкача сүйүү төккөн
Бармын мен
Мен жөн гана
Балалуу, жүдөө аял
Эч кимден аласам жок,
Эч кимге карыз да эмес…
Каерде
Ким болбоңуз
Сизге да
Бакыт тилейм…

 

ИЗ

Турмушту мен оңой гана көчүрүпмүн,
Турган жерден шилтей-шилтей өчүрбөйле.
Булкунупмун, буулугупмун
Табылыпмын, жалыныпмын
Кетилипмин, кертилипмин
Мен турмушту көчүрүпмүн
Көзүн гана.
А өзү албуут экен, кыйын экен
Кыпын экем а мен ушу, сөзгө илээшкис
Болду беле , бар беле, көзгө илээшкис…

Өңгүрөөрүм, өкүрөөрүм билбей турам,
Көрбө мени, көрбөгүлө, карабай өт,
Кайрылбайле баш чулгуп, буруп кеткин
Бул ахыбал куруп кетсин буерделе …
Билген болсом ,
Балким, деңиз таамп калган тамчы сымак
Тамбас элем, калбас белем анда эле.
Далбастабай, ак булутта жа-ай сыза…

Кечир!
Сен Жараткан кеч мени.
Керек дедиң, келдим да анан
Керектелдим бирок канча
Кантип, кандай
Актадым
Адамдыгым саптагы…
Кыркаар тарта
Кылкылдаган аяктар
Издер эски, издер-издер жапжаңы
Өкүнбөйүн. Ооба, ооба өкүнбөйм
Баары сенден, сага карай агышат.
Түптүз издер, тирүүлүктөн барышат.
Түбөлүккө сага окшошуп калышат.
31-декабрь, 2009-жыл 

 

ЖАЗГАН ЖОКМУН

Жамалыма шамалым ай, баш урба,
Жадымда бар нерселерим катылган.
Жазганым жок, мен апамды ыр кылып
Жазганым жок, гүл жүрөгүн ачылган.

Сөз бүрлөрүн дүйнө кезе чогултуп,
Өмүр тизсем, көзнурумду оорутуп
Агарган бир чач баркына жетпейт эч.
Асман тирейт, апам деген сооп үчүн…

Жай отуруп, сүрөт чийе чүрөктөй
Жазганым жок, махабатты сүрөттөй
Болсо сүйүү, болсо улуулук болгондур
Ыр болбойле, ыйык калсын жүрөктө…..

 

АЯЛ

Жаз дагы өзүңө окшош изи менен,
Жай дагы өзүңө окшойт жүзү менен.
Күз дагы мөмөлөдү бир өзүңдөй,
Кыш дагы өзүңдөй курч, күчү менен.

Табышмактуу жаныңда сааттар жылбайт,
Таманыңды астыртан таш да тыңдайт.
Таалайыңа жарашса бир азамат,
Тагдыр эмес, тагдырлар ырдайт-ырдайт.

Сенде сыйкыр – чырактын билигиндей,
Сенде сырлар – бийиктин бийигиндей.
Чыдамкайлык чын оту менен сенде,
Сенде дүйнө жүрөгү, ийигиңдей.

Соц тармактар:

2 thoughts on “Динара Бейшеналиева

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.