“Жакшы китеп – жан шерик”

Мамлекеттик китеп палатасынын директорунун орун басары Кален Сыдыкова менен маек.

23-апрелдеги “Китеп күнү” майрамынан соң Мамлекеттик китеп палатасынын директорунун орун басары, жазуучу, публицист, “КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер” Кален Сыдыкова менен маектештик.

– Китеп палатасынын маалыматы боюнча былтыр канча китеп, газета чыкты?
– Статистикалык маалымат боюнча 2009-жылы 200 аталыштагы газета (жалпы – 7724 нуска) 820 (8200 нуска) аталыштагы китеп, 35 аталыштагы журнал, 21 бюллетень, 10 эмгек, 85 (850 нуска) майда басылма, 7 сүрөт китеби, 6 нота китеби, 19 автореферат чыкты. Булардын милдеттүү нускасын Китеп палатасы Өкмөт бекиткен тизме боюнча ири китепканаларга, тийиштүү мекемелерге таркатат. Эң аз чыкканы балдар китеби.

– Баары кыргыз тилиндеби?
– Жок, кыргызча, орусча, персче, түркчө ж.б. түрдүү тилде чыгат. Китеп палатасына Кыргызстанда иштеген 30дан ашык басмаканадан басылма продукциянын сигналдык экземпляры келип түшөт. Биз Улуттук жана Эл аралык номер берүү менен басылмалардын чыгышын көзөмөлдөйбүз.

– Эмненин негизинде көзөмөлдөйсүздөр? Анын кандай механизми бар?
– 1997-жылы Жогорку Кеңеш “Документтердин милдеттүү нускасы жөнүндө” мыйзам кабыл алган. Биз ошо мыйзамды жетекчиликке алабыз. Жанагы китеп, газеталар мыйзамдын негизинде китеп палатасына келип түшөт, таркатылат.

– Басылма боюнча элге кандай маалымат бересиздер?
– Китеп палатасы республикада жарык көргөн басылмаларды библиографиялык каттоодон өткөрүп, илимий жана мамлекеттик маалымат библиографиясын түзөт. Мисалы, “Кыргыз Республикасынын басма сөз жылнаамасы” чыгарылат. Анда мындай бөлүмдөр бар: “Китеп жылнаамасы” (1957-жылдан чыгат), “Журнал макалалардын жылнаамасы”, “Гезит макалаларынын жылнаамасы” (1972-жылдан бери), “Рецензия жылнаамасы” (1966-жылдан бери), “Сүрөт жылнаамасы” (1982-жылдан бери). Өз алдынча басылма болуп “КР басма сөзүндө” библиографиялык көрсөткүч чыгат. “Кыргызстандын китеби” деген мамлекеттик ретроспективдик көрсөткүч, “КР басылмасы” деген статистикалык жыйнак жана электрондук каталог чыгат. Жыл сайын басылмалардын статистикалык маалыматы Китеп палатасынан Улуттук статистикалык комитетке, ЮНЕСКОго берилет. Биздеги Улуттук басма сөз архиви кыргыз элинин кайталангыс тарыхый эстелиги, баа жеткис интеллектуалдык байлыгы, көөнөргүс мурасы.

– “Китеп күнү” майрамында кандай иш-чаралар болду?
– Республикалык “Китеп искусствосу” конкурсунун жыйынтыгы чыгып, жеңгендер акчалай сыйлыктар, дипломдор менен сыйланышты. Ал күнү китеп көргөзмөсү, жарманкеси, концерт болуп, окурмандар менен авторлор жолугушту. Бул чоң маданий иш чара болгондуктан адабият, маданият ишмерлери, өкмөттүк адамдар, каалагандын баары катыша алды. “Жакшы китеп – жан шерик” дегендей ушул республикалык конкурстан жеңген китептер эл аралык конкурстарга, китеп-көргөзмөлөргө катышат. Жылда Россияда, Германияда, Түркияда, Иранда ж.б. өлкөлөрдө өтөт.

– Китептин мазмуну эске алынабы?
– Жок, бул конкурс китепти жасалгалоо боюнча таймаш. Мазмуну боюнча мамлекеттик өзүнчө сыйлыктар бар эмеспи. Бул конкурс улуттук китеп чыгаруунун жетишкендиктерин даңазалоо. Китеп жасалгалоо искусствосун өнүктүрүү, таланттуу сүрөтчүлөрдү, жасалгалоочуларды, дизайнерлерди, редакторлорду китеп жасалгалоого тартуу максатында өтөт. Бир чети полиграфисттердин майрамы десек болот. 23-апрелди ЮНЕСКО 1995-жылы “Дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү” деп жарыялангандыктан бардык авторлордун да майрамы.

– “Окуган – озот, окубаган – тозот” деп элибиз бекер айтпаса керек. Китеп – чоң байлык. Автор катары чыгармачылыгыңыздын ахывалы кандай болууда?
– “Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” болууда. Убакыт жетишпейт. Колумдан келишинче эле иштеп атам. Даярын чыгарууга каражат жок. Чыгармачыл адамдар жонубуз жукарып томаяк болуп калбадыкпы. Маектешкен Абды Жаркынбай

“Заман-Кыргызстан” («Кыргыз гезиттер айылы»), 14.05.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.