“Сабля багыра” Кыргызстанда

«Кыргыз эл» коомдук бирикмеси белгилүү орус тарыхчысы Ю.С.Худяковдун «Сабля Багыра. Вооружение и военное искусство средневековых кыргызов» (“Багырдын кылычы. Орто кылымда жашаган кыргыздардын курал-жарагы жана аскердик өнөрү”) деген китебин эми Кыргызстанда да сатып алуу мүмкүн экендигин билдирет. Китептин аталышы эле көрсөтүп тургандай, анда кыргыздардын аскердик тарыхы баяндалат – бул кыргыздардын аскердик өнөрү, курал жарактары, кошуна көчмөн элдер менен тирешүүлөрү, IX-кылымда Улуу кыргыз каганатынын түзүлүшү жана анын урашы.

“Кыргыз эл” белгилегендей, бул китептин башкалардан айырмачылыгы – ал башка китептерге таянып, башка эмгектердин негизинде жазылбастан, автордун көп жылкы илимий изилдөөлөрүнүн туюнтмасы болуп эсептелет. Эскерте кетсек, Ю.С Худяков байыркы кыргыздардын курал-жарагын, тарыхын, аскердик өнөрүн изилдеген ВОЕННОЕ ИСКУССТВО ЕНИСЕЙСКИХ КЫРГЫЗОВ”, “Вооружение древних тюрок Центральной Азии”, ВООРУЖЕНИЕ КОЧЕВНИКОВ ВОСТОЧНОГО ТУРКЕСТАНА В БРОНЗОВОМ И РАННЕМ ЖЕЛЕЗНОМ ВЕКАХ, ВООРУЖЕНИЕ КЫРГЫЗСКИХ КЫШТЫМОВ, Защитное вооружение кыргызского воина в позднем средневековье деген жана дагы башка көптөгөн эмгектердин автору болуп эсептелет. Тилекке каршы бул эмгектердин бардыгы орус тилинде, бири да кыргызчалана элек. Баары жакшы болсо, биз аларды бир күнү кыргыз тилине которууну пландаштырып жатабыз.

«Сабля Багыра. Вооружение и военное искусство средневековых кыргызов» китеби 2003-жылы 2000 нуска менен Москвада басылып чыгарылган. Бирок ушул күнгө чейин кыргызстандыктардын бул китеп менен таанышуу мүмкүнчүктөрү чектелген эле. “Кыргыз эл” бул мүчүлүштүктү жоюу масатында китепти республикабызга алып келген. Муну иш жүзүнө ашырууда түрк ишкери Аслан Аслан жана Орусияда иштеп жатышкан биздин мекендештер чоң жардамын беришкен.

Кызыккандар китепти төмөнкү даректер боюнча сатып алышса болот:

Бишкекте – “Эркиндик” бульвары, 56, «Нуска» китеп дүкөнү;

Ошто – Ленин көч., 339, «Радость» дүкөнү.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.