АСАНБЕК ТАБАЛДИЕВ – МЕЗГИЛДИН ЧЫГААН ФИЛОСОФУ

3XX – кылымдын экинчи жарымында асмандан ааламга жарк этип күйгөн жылдыздай болуп чыккан, ар тараптан айкын, тубаса артык жаралган, оргуштаган терең ойчул, таамай таасирдүү интеллектуал, даанышман окумуштуу, асыл Адам Асанбек Табалдиев аман-эсен арабызда болгондо, быйыл 25-январда 75 жашка толмок. Бирок, аны шум ажал 40 жашында арабыздан алып кеткен… Арман. Ал чынында эле жарк этип күйүп, кайра жалп этип өчкөн жылдыздай болду, бирок, анын ошол жаркыраган кыска нурдай болгон өмүрү, иши өчпөс болуп түбөлүк күйүп калды. Ал кыргыздын Ала-тоосунан оболоп шаңшып учуп чыккан талыбас канаттуу кыраан барчындай болуп, 28 жашында философия илиминин кандидаты, 36 жашында бул илимдин доктору, профессору, 38 жашында Кыргыз улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү болуп шайланууга, мамлекеттик илимий сыйлыктын лауреаты болууга, өзүнүн илимий мектебин түптөөгө жетишкен! Ушул эле жылдарда ал улуттук университетте философия кафедрасынын башчысы, Кыргыз совет энциклопедиясынын биринчи башкы редактору болуп иштеген, 20 аспирантка илимий жетекчи болгон!

…1941-1945-жылдардагы согуш жана согуштан кийинки жылдар өспүрүм балдар үчүн да оңойго турган эмес. Асанбек кичинекейинен эле эмгекке машыгып, айыл чарба жумуштарына активдүү катышып, орок оруп, мал кайтарышат… Ошол эле учурда мектепте окуп жүргөндө анын оюн бийлеген бир катар максаттар пайда болгон: ал эң алды орус тилин терең билип алсам дегенде ак эткенден так этет; бул жөнүндө кийин өзүнүн эскерүүлөрүнүн биринде: “мен үйрөнүүгө умтулган орус тили дүйнөнү кеңири таанып-билүүгө мүмкүнчүлүк берет, анткени, ал тилде ар кандай материалдар абдан көп чыгат; орус тилине баа берип айтылган акылман сөздөр мени илим жолуна чакырып чыккан эле”, – деп айтат. Ал айылдык мектепти “эң жакшы” баалар менен бүткөндөн кийин Нарын шаарындагы педагогикалык техникумдун орус тил бөлүмүнө киргени да ушундан улам болгон экен. Техникумду “эң жакшы” деген баада аяктоо менен, өзүнүн көңүлүн өйүп жүргөн көп нерселерди дагы тереңдеп түшүнөт. Натыйжада көп чечкиндүү ойлор аны Кыргызстан мамлекеттик университетинин тарых факультетине жетелеп келип киргизет. Бул жогорку окуу жайын да артыкчылык диплому менен бүтүрөт.

…Студенттик жылдар да Табалдиев үчүн эр жетүү жылдары болот. Чымыр денелүү, арыкчырай кара жигит бүткүл дүйнөлүк адамзаттын тарыхын кадалып окуй баштайт. Бул процесс жөн эле окуп-үйрөнүү процесси эмес эле, ал ошол эле учурда тарыхый окуяларды өз алдынча рецензиялап чыгуу процесси да болот. Адамзаттын генийлери, алардын өмүр жолдору жана ишмердиктери жаш энтузиасттын идеалы болуп калат. Асанбек-студенттин ташкындаган жүрөк оту, каны, тынымсыз алга умтулуп жетелеп турган акыл-сезими – аны ар тараптуу, бирок, бир системага баш ийдирилген максатты ишке ашырууга алып келет. Мындай дегенибиз ал тарых менен бирге көркөм адабиятка жана публицистикага да кызыгат, адам алптарынын рухий дүйнөсүнө сүңгүп кирет. Натыйжада алардын айрым чыгармаларынан түз эле жатка айтуучу болуп чыгат. Мисалы, Отеллонун монологун келтирип айткан учурлары кадимкидей көз алдыбызга элестеп турат. Ал эми анын Чолпонбай Түлөбердиевдин эрдиги жөнүндөгү тарыхый фактыны тактоого арналган публицистикалык макаласы өз учурунда коомчулукта өзгөчө резонанс жараткан эле.

Асанбек агайдын студенттик жолу анын жөндөмүнө жараша тездик менен адегенде университеттин философия кафедрасынын ага лаборанты, андан кийин окутуучу, ага окутуучу, андан философия илиминин кандидаты, кафедра башчысы, доцент, философия илиминин доктору, профессор, академиянын корреспондент-мүчөсү деген кызматтар жана даражалар менен алмашылат. 1973-ж. ноябрдан өмүрүнүн акырына чейин Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакторунун биринчи орун басары жана башкы редактору болуп иштеп турду.

Чыгармачыл эмгекке берилүү жана аны күндөлүк керектөөгө айландыруу! Эмгек аркылуу турмуштан өзүнүн ордун табуу! Асанбек агайдын бизге – аспиранттарга үйрөткөн көп насааттарынын бири ушул сөздөр. Бирок, бул жөн гана оозеки үйрөтүү эмес, баарыдан мурда иш жүзүндө далилдөө эле. Анткени, эң мурда өзү бизге ушундай эмгектин үлгүсүн көрсөткөн. Ар тараптуу талыкпас иш-аракети, илимге жан-дили менен берилгендиги аркылуу өзүнө карата биздин арабызда терең кадыр-баркты, чыныгы урматтоону жараткан. Ал илимий жоболорду негиздүү, ишенимдүү түшүндүрүү менен бизди илимий туура жолго салып, улам тереңдеп изденүүгө дем берип турчу эле. Илимге чынчыл адилет мамиле кылып, аны туш келди талкуулай бербей, принциптүү турууга көндүрчү. Эң башкысы – туура багыт берчү, бирок, жеңил-желпи жолго салып, оңой “олжого” көндүрүп, ар кадам сайын айтып берчү эмес. Муну менен ал бизге илимий изденүүнүн түйшүгүн да үйрөткөн: “Илим ишинде окумуштуунун ниети таза болуш керек, бул ал үчүн зарыл, негизги атрибут. Илимге объект кылып алган турмуштук жана башка материалдарды абдан терең, “ийне-жибине” чейин түшүнүп туруп, анан аларды илимий предметтерге айландырып, алдыңа катуу талап коюшуң керек. Анан изилдөөгө киришкенде, өзүңө чейинки авторлорду урматта. Бул пикирди биринчи жолу мен айтып жатам деп мактанба…”

Агайдын бул айткандары адегенде өзүнүн илимий эмгектеринде ишке ашырылган. Алсак, ал философия илиминин доктору окумуштуу даражасын алуу үчүн “Советтик коомдогу улуттардын жана улуттук мамилелердин өнүгүүсүндөгү эки тенденциянын диалектикасы” (1971) деген темада жазган диссертациясында В.И. Ленин ачкан улуттардын жана улуттук мамилелердин өнүгүүсүнүн эки тенденциясы жөнүндөгү законду уланткан А.Табалдиевдин негизги илимий багыты экен. Анын окуусу боюнча граждандык коомдо улуттар өз алдынча объективдүү табигый түрдө өнүгүшөт, өрчүп гүлдөшөт, өз ара жакындашат, биригишет жана бара-бара келечекте бири-бирине кошулушуп “куюлушуп” кетишет. Бул түпкүлүктүү теориянын алкагында кыргыз улутунун, кыргыз элинин жашоо-турмушу да кеңири изилдөөгө алынган эле. “Лениндик улут теориясы жана азыркы учур” (1971), “Доорубуздун достугу” (1974), “Улутум бар, уруум жок” (1970), “Дагы бир жолу Андрейчиктин улуту жөнүндө” (1973) жана башка көп эмгектеринде улут илими, улут маселеси, улут саясаты, улут мамилелери кеңири изилденип, айкын түшүнүктөр иштелип чыгып, практикалык маанилүү сунуштар берилген.

Улуу ойчул өзүнүн сезгич, көрөгөч, билгич, баамчыл жөндөмдүүлүгүн “Гомер жана Гомерлер” (1970) деген изилдөөсүндө да ырастаган. Ал “Манас” эпосунун алп айтуучулары Сагынбай менен Саякбайды М. Ауезов менен А. Осмоновдун Гомерлер деп атоолоруна чоң маани берип, Гомерчиликти биринчи жолу терең илимий талдоого алып, Сагынбай менен Саякбай 20-кылымдын чыныгы гениалдуу Гомерлери болот деп ишенимдүү далилдеп аныктаган.

“Салт жөнүндө ой” (1965), “Жаңы адам жана бош убакыт” (1962), “Айыл маданияты жөнүндө сөз” (1966), “Сүйүүдөн турмуш жаралат” (1970) жана башка илимий, публицистикалык чыгармаларында жарандык коомдун, турмуштун өзгөрүп өнүгүүсүндөгү жаңылыктарга, кубулуштарга, терс көрүнүштөргө токтолуп, анын ичинде эскирип бараткан каада-салттардан, ырым-жырымдардан да арылып, жаңыланууга элибизди чакырган үгүттөр, оригиналдуу өтүнүчтөр, сунуштар менен кайрылат: айыл-кыштак маданиятын көтөрүү, анын ичинде үйлөрдү жасалгалоо, салттарды жашоого жарашыктуу өзгөртүү, тойлорду ылайыктуу өткөрүү, тарыхый көрүнүктүү күндөрдү белгилөө, улгайган адамды эсалууга узатуу ж.б. лар менен бирге үй-бүлө темасына да көп көңүл бөлөт. Алсак, үйлөнүү салтында кездешкен кыз ала качуу, калың берүү, кыз жигиттин таанышуусундагы теңсиздик сыяктуу терс көрүнүштөрдү кандайча жоюу маселелери көтөрүлөт. Ал эми кыздардын жигиттерден мурда сүйүүсүн билдирүүсү, баш кошкон жубайлардын жаштарынын айырмачылыктары, коомдук жана үй турмушундагы ролдору, ичи тарлык, үй ээси тууралуу козголгон ой жүгүртүүлөр да эң маанилүү. Агай: “Үй ээси ким?” деп суроо коёт да, ага “Үй ээси-сүйүү!” деп жооп берет, себеби “эки жарды тең сүйүү башкарат”. Бул тарбиялык-нравалык корутунду-жаш жубайлар жана жалпы эле жубайлар үчүн бекем туткан сабак, нуска болуп калуусу керек.

Ойчул илимпоз өз убагында тынчсызданып көтөрүп чыккан жогоркулардай көптөгөн көйгөйлүү маселелер бүгүнкү күнгө чейин өздөрүнүн актуалдуулугун жоготпой келатат. Муну азыркы абалыбыз айкын ырастап турат.

Агайдын көп кырдуу ишмердиктеринин ичинен эң орчундууларынын бири – конкреттүү социология. Ал биздин республикада конкреттүү социологиялык изилдөөлөрдү биринчи болуп уюштуруучу жана негиздөөчү болгон, аны 1966-жылы университеттин тарыхый материализм кафедрасынын алдында ачкан.

Асанбек агайдын адам деген атка толук татыктуулугунун бир өзгөчөлүгү – анын күндөлүк турмуштун практикасы менен байланышкан илимий ойчулдугу, орошон акылдуулугу, көркөм кабылдоочулугу, сергек сезимдүүлүгү, учкул сөздүүлүгү эле. Мындай сапаттарынын негизинде тубаса жөндөмдүүлүгү жана ага таянган жаш кезинен эмгекчилдиги, максаттуулугу, тынымсыз өздөштүрүп келаткан адамзаттын үлгүлүү руханий дүйнөсү жаткан эле.

Ушундан улам бир болгон мүнөздүү факт эсибизге түшөт. Бир жолу бизге АПНдин (агенство печати новости) кабарчысы келип калды. Асанбек Табалдиевич өзүнүн дачасында дарыланып, эс алып жаткан эле. Кабарчыны ошол жерге ээрчитип бардык. Агай кабарчынын ар кандай суроолоруна алты саат бою талыкпай жооп берди. Суроолордун татаалдыгы – алардын жоопторунун чет өлкөлүк окуучуларга арналгандыгында эле. Асанбек агай токтолбой, адатынча кагаз карабай, улам кызып, көтөрүңкү сезими менен, системага салып, буйдалбастан айтып берип жатты. Кабарчы кайтып келатып, аналитикалык акыл-ойго бай профессор экен деп таңданган.

Өз мезгилинин чыгаан философу Асанбек Табалдиевдин калтырып кеткен мурастары кыргыз социалдык профессионалдык философиясынын теориялык жана практикалык казынасын өзгөчө байыткан. Ойчул окумуштуунун баалуу эмгектери эң алды – окуучуларынын руханий дүйнөсүнө терең сиңип, сакталып, асыралып келе жатат, анткени, анын таасири ошончолук күчтүү болгон, Агай – бизге, мураскерлерге кандайдыр касиеттүү Пир болуп сезилчү. Анын мындай сапаттарын дагы тигил же бул көрүнүштөн, иштен, окуядан келип чыгуучу натыйжаларды алдын ала билүү, көрүү кыраакылыгы, терең ойлоп чечүү жөндөмдүүлүгү да толуктап турчу. Кандай иш болсо да, бүткүл оюн анын туунду жактарына жана негизги өзөгүнө топтоо менен, анын ар тараптуу өзгөчөлүктөрүн ачып берүүгө жетишчү. Кеңири диапозондуу акыл-эсинин дагы бир өзгөчө күчү – анын ачык абстракциялуулугунда жана ал идеялаштыруу кубатынын дагы даанышмандыгы менен ассоцияланышып турушунда эле.

Заманыбыздын атанган залкар уулдарынын бири – Асанбек Табалдиевдин энциклопедиялык кең, бийик кругозору, илими жана иши, жалындуу публицистикасы – замандаштары, окуучулары менен бирге коомдо жашап, өмүрүн узартып, толукталып келет. Улуу окумуштуунун атын айылындагы мектепке жана Бишкектеги бир кичине көчөгө ыйгаруу менен чектелүү, биздин оюбузча жетишсиз. Дагы ЖОЖдорго анын окуусу боюнча атайын курс киргизилип, КУУнун философия кафедрасына аты берилип, фонд ачылып, эмгектери чыгарылса жакшы болор эле.

Асанбек Табалдиевдин аспиранттары, окуучулары:
Артыкбаев М.Т. – философия, политология илимдеринин доктору, профессор;
Нурова С.С. – социология илиминин доктору, профессор; Асанова Ү.А. – философия илиминин доктору, профессор; Бектурганов К.Б. – социология илиминин доктору, профессор;
Иваков А.Н. – философия илиминин кандидаты, профессор; Иманканов К.И. – философия илимин кандидаты, доцент; Шакитов Ш.Ш. – философия илиминин кандидаты, доцент; Эсенгелдиев Т.Э. – журналист, философия илиминин кандидаты, профессор.

«Кутбилим» («Кыргыз гезиттер айылы»), 21.05.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.