Американын Кыргызстандагы элчилиги Марк Твендин “Гекльбери Финндин жоруктары” китебин кыргыз тилинде басып чыгарууга сынак жарыялады

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги өлкөбүздүн басылмалары арасында Марк Твендин “Гекльбери Финндин жоруктары” (“Adventures of Huckleberry Finn” by Mark Twain) китебин кыргыз тилинде басып чыгарууга сынак жарыялады. Каржылоо жагын элчилик толугу менен мойнуна алмакчы. Сынактын максаты – Кыргызстандагы басылмаларды колдоо жана мамлекеттик тилдеги балдар адабиятынын өнүгүүсүнө салым кошуу деп айтылат сынактын жобосунда.

Көңүл буруучу нерсе, китеп англис тилинен кыргыз тилине түзмө-түз которулуп чыгышы керек. Мурда орус тилинен которулгандарын басып чыгарууга болбойт. Китептин нускасы 1500дөн кем болбошу абзел.

Сынак тууралуу толук маалыматты бул жерден алса болот.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.