Ырларга катылган сырлар

Акындын моюнуна үй-бүлөнүн каамыты илинсе да, махабат тууралуу ырларды жазганын токтотпойт. Албетте, акындын акындыгы ошондо. “Бирок да жалындуу сүйүү, кусалыкты батырган саптар үчүн жеңелер таарына түйүнчөгүн түйүп, жезделер капаланышпады бекен?..” деген кызыктуу ой менен ыр тагдырын акындардан сурап калдык.

“КУСАЛЫК”

Кезигип жылдардын бир жылдарында,
Кайырсыз айлардын бир айларында.
Кайдадыр алып кеттиң жаштыгымды,
Жер чийген чачтарыңа байладың да.

Тирүүлүк бүтүн бойдон тушап алып,
Түшүүдө өмүр менден ушаланып.
Узун түн элесиңди унута албай,
Унчукпас болуп кеттим кусаланып.

Коноктой күндөр өтөт алчыланып,
Күмүш сап камчы менен камчыланып.
Бой таштап тегирмендин барасына,
Кээ күнү калгым келет кайчыланып.

Көз түшүп көк көйнөкчөн убагыңдан,
Арбын жыл атың кетпей кулагымдан.
Түшүмө киришиңди күндө тилеп,
Уктаарда угузбастан дуба кылам.

Меңди Мамазаирова, Жолон Мамытовдун жубайы:
“КУСАЛЫККА” ЭЧ КАЧАН КЫЗГАНЫЧТЫК КЫЛГАН ЭМЕСМИН”

– Жолондун ыр дүйнөсү кенен, чабыты кең эле. Бул ыр “Арноо” деп аталат. Ошол “арноо” деген сөздүн башында Жолондун мага арналган саптары камтылган. Ал “Көөнүм түшкөн бардык-бардык кыздарга,/ Жана дагы жалгыз Сага арналат” деп башталчу.

Бир жолу Жолон, Асанкалый Керимбаев, Акбар Рыскулов студенттердин жыйналышына барып калышат. Жолон ырларды аябай көркөм окучу. Соңунда студенттердин суранычы менен ушул ырын окуп берет. Ошол жерден эле Асанкалый Керимбаев шап колдон алып: “Жоке, бир обон көкүрөгүмдү оргуштатып жүрөт. Мууну ушул текстке шайкеш келчүдөй. Мага азыр жазып бер”,– деп шаштырып калат. Ошондо калем менен жазып бериптир. Кийин Асанкалый: “Жоке, ырда кусалык деген сап бар экен. “Кусалык” деп эле койбойлубу?”– деп сурап калды. Ошентип, “Арноо” “Кусалык” болуп өзгөргөн. Негизи, обон менен текст айкалышып келгенде гана ыр элдин жүрөгүнөн орун алат. “Кусалык” махабаттын гимни катары ырдалып калды.

– Сиз бул ырдын кимге арналганын сурап көргөнсүзбү?

– Жолон өзү “сага” деп койчу. Негедир сурабаптырмын. “Кайдадыр алып кеттиң жаштыгымды,/ Жер чийген чачтарыңа байладың да” деген саптарына караганда мага арнаган окшойт деп калчумун. Анткени менин чачым аябай узун болчу. Чын эле мага чыгардыбы же чачы узун башка бир сулууга чыгардыбы, билбейм. Негизгиси, элдин жүрөгүнөн орун алган, мыкты ыр жаралды. Мени ошол нерсе сүйүндүрөт. Башка ырларын такып сурап, кызганып калчумун, бирок “Кусалыкка” кызганыч кылып, эч нерсе деген эмесмин.


 

 

“БАРАМ САГА”

Мөлтүрөп бүлдүркөндөр бышкан кезде,
Асманга бүркүт шаңшып учкан кезде.
Сеңселткен саамайларын ак кайыңдар,
Самашып сагынычымды уккан кезде
Барам сага.

Ширесин карагаттар чачкан кезде,
Ажарын жоогазындар ачкан кезде.
Кучактап бейкутчулук түн коюнун,
Күн сулуу уясына баткан кезде
Барам сага.

Шоолалар кирпигиңди өпкөн кезде,
Ак жамгыр электете төккөн кезде.
Кубарып кусалыктан ак жүзүбүз,
Көп күндөр арабыздан өткөн кезде
Барам сага.

Гүлдөргө аарыларың конгон кезде,
Бал чөбүн Ой-Алманын соргон кезде.
Алгачкы биз жолуккан кечтегидей,
Алтын ай асмандагы толгон кезде
Барам сага.

Алмаш Чойбекова, акын, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер:
“ЫРЫМ “МАХАБАТ ДАСТАНЫ” ТАСМАСЫНДА ЫРДАЛЫП…”

– Бул ырым үй-бүлөлүү кезимде жазылган. 1974-жылы Ошто актриса болуп театрда иштеп калдым. Ысык-Көлгө гастролдоп кетип, күйөөмдү көп убакытка көрбөй кыйналдым. Ошондо жолдошумду аябай сагынып, сагынычтан ушундай ыр жаралган. Кийин “ушул ырды сени сагынып жазгам” деп окуп берсем, аябай сүйүнгөн. Бул ырга композитор Жайлообек Жалгасынов музыка жазып, Дарика Жалгасынова оркестр менен ырдап, радиого жаздырган. Дирижёру Асанкан Жумакматов болгон. Андан соң буга Кадыралы Артыков обон жаратты. Баса, Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартылган “Махабат дастаны” тасмасында “Бегимайдын ыры” кылып казакчага которуп, киного да пайдаланышкан.

– Ушундай ырды арнаган адамыңыз мага кызык болуп жатат…

– Өзү мандолина, комуз, гитара чертип, адабиятты, искусствону жакшы түшүнгөн жигит болчу. Он эки жыл чогуу жашап, балалуу болбой, кийин ажырашып кеткенбиз. Бирок эл оозунда мен ага арнаган ушул ыр калды. Ал адам азыр да бар. “Шоолалар кирпигиңди өпкөн кезде” деген саптар анын узун кирпиктерине арналган. Келишкен сулуу жигит эле.


 

 

“ТУУЛГАН КҮНҮҢ”

Туулган күнүң куттуу болсун, берекем,
“Ыр да белек болчу беле?” дебесең.
Ырга айланып барам бүгүн мен сага,
Чочуба эгер тык-тык этсе терезең.

Түн жамынып түндөн канат тагынып,
Барам сага, барам сени сагынып.
Эриниңе эринимди тийгизсем,
Атымды атап алба кокус жаңылып.

Балким, балким, таттуу уйкуңду бузамын,
Мен деп ойло, толо түшсө кучагың.
Бүгүн сенин туулган күнүң белгилеп,
Түшүбүздө жолугууга учамын.

Күткүн, жаным, ырга айланып баратам,
Терезеңди чертем бүгүн таң азан.
Булуттарга саякатка чакырып,
Бүгүн сени жубайыңдан талашам.
Күткүн мени, күт түшүңдө, баратам…

Жыпара Исабаева, акын:
“ЫРЫМДЫН КААРМАНЫ ЖАШ КЫЗ БОЛЧУ”

– Чыгармачыл адамдардын жүрөгү өтө назик келет эмеспи. Башка адамдын тагдырына деле күйүп-бышып алабыз. Анан чыгарма жаралат. Бул ырымдын чыныгы каарманы бар. Бирок мен эмес. Гезиттердин иштечү элем. Бир күнү редакцияга бир кыз телефон чалып калды. Өзү Жалал-Абаддан болот экен. Сүйүүгө айла жок да. Көрсө, ал жубайы бар адамды сүйүп жүрүптүр. Анын жан дүйнөсүнүн бороонун угуп көпкө отурдум. Коштошордо: “Эже, жакында ошол адамдын туулган күнү эле. Эмне белек кылсам болот?”– деп калды. Мен ойлонбой туруп “ыр белек кыл” дедим. Ал мага ыр жаза албасын айтты. Коштошкондон кийин ошол кыздын өтүнүчү менен ушул ыр жаралган.

– Жолдошуңуз бул ырдын кимге арналганын сураган жок беле?

– Жок, антип сураган эмес. Менин акын экенимди жакшы түшүнөт.

Нуржамал Жийдебаева, “Супер-инфо”, №407 20-26-август, 2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.