“Бөксөрбөй, бөксөң толсо экен,/Жолборсум, жолуң болсо экен…”

Жакында манасчы, КРнын Эл артисти Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетей” эпосу жарык көрдү. Китепти манасчынын 75 жылдыгына карата жеке ишкер Тилек Мураталиев каржылап, “Турар” басмасында 2000 нуска менен чыгарган.

Манасчы У.Мамбеталиев 50 жылдан ашуун убакыттан бери “Манас” үчилтигин айтып келет. Башка бардык залкар манасчылар сыяктуу эле Уркаш агайдын да дастан айтып калуусуна табигый таланты менен бирге эле, кырк чоросун ээрчиткен Манастан келген аян себепчи болгон. Ошондон кийин ал улуу манасчы Саякбай Каралаевге жолугуп, батасын алган да, чыгармачылыктын астанасын аттаган.

Табигый талант ээси Уркаш агабызга дагы да чыгармачылык эргүү каалап, анын айтуусунда жарык көргөн “Семетей” эпосунан үзүндү берүүнү туура көрдүк.

Семетей менен Бакайдын чалгыны
Деп ошентип эр Бакай,
Толгонсо бузар ойротту
Тоодоюң көкжал шер Бакай.
Шашылбай чыксын токсонго,
Шарданы көлдөй – дем Бакай.
Эки тизгин, бир чылбыр
Өзү колго алганы!
Ээрчиткени эр Семен,
Эрөөлдөп жолго салганы.
Чалкыган калкым дегендер,
Чалгындын камын жегендер.
Чабары чокмор он батман,
Чарайна кийген берендер.
Бурулбай калкым дегендер,
Буйдалбай камын жегендер.
Буттай темир курчанып
Буруксуган берендер!
Булкунтуп буудан аттарын
Алтындан тизгин чойдура.
Арбыта салып таскагын.
Куйруктарын түйүлтүп,
Кузгундай көзүн күйүлтүп.
Эшик бою аң келсе,
Эликтей аттап түйүлтүп.
Балам деп, эми шашпагын!..
Марал кечүү, Буурул-Түн
Туюк-Таш дейт баш жагын.
Тоосу бийик тик капчал
Токой, миң булак салаасы.
Тааныш жер ага беш колдой.
Таанытып жерди абасы.
Баянды болгон мындагы –
Баштап кетип баратат.
Арстанды сырга кандырып
Маштап кетип баратат.
Туюкту бузуп жол салган
Кызыл чокту Кытайга,
Кылчайбай кирип кол салган.
Оёну жоктоп Манасты
Жашып кетип баратат.
Ойрут-буйрут белдерден,
Ашып кетип баратат.
Кан Коңурбай калчанын
Катырып таштай күлкүсүн
Кара чоку капчалда
Кароолго койгон түлкүсүн.
Каргылап тайган салууга,
Теңир берсе узатпай,
Терисин сыйрып алууга
Шашып кетип баратат.
Түлкүнүн жайы момундай:
Кандуу кул митаам Коңурбай.
Жер уйукта бактырган
Жезкемпир бар өзүндө.
Макулук кушту сыйкырлап,
Сүйлөтөр адам сөзүндө.
Керээти менен окутуп
Келтирер сергек сезимге.
Түлкүнүн жаңы пачигин
Көз ачалек кезинде.
Көрсөң укмуш катчыдай
Көңүлүнө токуткан.
Коңурбайга чоң кулак,
Сакчылыкка окуткан.
Ак кулжа жаткан төрү бар,
Куу өрдөк жаткан көлү бар.
Азыркысын куу түлкү
Азабын аңдап көрүп ал!
Кырк буйткалуу сак болбой,
Кутулуп кетер жери бар.
Тайса тайган куюндап
Таптырбай кетер чени бар.
Ана-мына дегиче,
Бакырды кармап союлтуп
Бакай камын жегиче.
Кароол койгон жеринен
Каптоонун капчал белинен.
Каш алдынан булт коюп
Кача берди жылт коюп.
Куткарбаска качырып
Кумайык октой атылып.
Оңунан бер деп, сүрөөндөп
Оёнуң Бакай бакырып.
– Ал эле, ал – деп, маралчы!
Асманды жара айкырып.
Темине атын койгулап,
Аңды-дөңдү карабай
Ат суулугун чойгулап.
Ар ким тилин таппаган,
Асма боосу алтын жип.
Айдалыга чактаган.
Жигин, күмүш чырмаштап
Пил терисин каптаган.
Айчыгы алтын доолбас,
Үнү бийик заңкылдап.
Үч күндүк жерге жеткендей,
Баң дедире бир койсо,
Оро-пара жаман там
Орду менен көчкөндөй.
Доолбас согуп сүрөөндөп,
Кыраан Семен, кан Бакай
Кызып кетип баратат.
Кырк кулач кызыл куу түлкү
Кыр ашыра жазгырып
Сызып кетип баратат.
Кумайык кууп такымдап
Куу түлкү качып закымдап.
Өпкө жара жүгүрүп,
Өлөрчө жандан түңүлүп
Чымын-куюн жүгүрүп,
Чымындай жандан түңүлүп.
Алмалуунун алты суу,
Алты айлана качты эле.
Жети дөбө Жергетал
Жети айлана качты эле.
Желкуюн учкул Кумайык
Жеталбай кара басты эле.
Ошондо Бакай өкүрүп,
Куурулуп жаны дарт айтып.
Кумайыктан өтүнүп:
– Күйгүзүп тушап карылык
Күүдөн калган сенденби?
Табитиң таппай жаздымдап
Табыңды бузган менденби?
Түлкүнү тиштеп бербесең
Түңүлтүп жетпей тердесең,
Тирүүлөй терин сыйырып,
Талпагың ташка кербесем.
Бакай атым өчсүн, дейт,
Мазаңды колго бербесем.
Ызгаары карып өттүбү?
Ырас ээси Бакайдын
Ызалуу зарпы жеттиби?
Аюудан кайтпай бүлдүргөн
Алгырдык кармап көктүгү.
Оттой жанып тутанып.
Оргуй чуркап күч алып.
Алачыктай чоң таштан
Ары буйтап өтөрдө
Айры белес кайкандан
Ары буйтап өтөрдө
Түн түшкөн черге сыйпалтып,
Түңүлтүп кирип кетерде
Куу түлкүнү узатпай,
Куйруктан бурдап тузактай,
Көз ирмемде жеткени.
Толорсукка тиш салып,
Бүктөй чалып өткөнү.
– О, теңир берип салды! – деп,
Кайгуулдун “тырмак” алды – деп.
Алгырын мактай жалбарып,
Алдастап жетип барганы.
Абаңыз Бакай шапа-шуп,
Атынан түшө калганы.
Шамдай жанган кош миздүү
Шамшарын сууруп алганы.
Калчага кулак карматпас,
Каскактын кардын жарганы.
Тарпчыл карга, кузгунга
Талатып этин салганы.
Абаңыз жана кеп айтат
Аңдасам, балам – деп айтат:
Аттансак мындан күндүк жол
Ашыга жүрсөк иш кыстап
Аргымак атка түндүк жол.
Ак мүйүз деген зоосу бар,
Ак музу кетпес тоосу бар.
Арасы токой чытырман
Ак кулжа жаткан коосу бар.
Ар жылы жазгы түлөктө
Чалгындап жөнөп турат дейт.
Кыйыны коңур соргок дөө
Кытайга чоң кулак дейт.
Күнчүлүк жерден жыт алып
Күү чалсаңыз чылмардан,
Күнчүлүк жерден угат дейт.
Шырп эткен чөптөн саксынып
Шобуртун тыңшап турат дейт.
Курулай коркуп не пайда
Кулжасы курсун дебесек.

«Кыргыз туусу» («Кыргыз гезиттер айылы»), 14.09.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.