Айтматовдун ааламын ачууга аракет

Советтик мезгилде көп жылдар бою республикалык Жа-зуучулар союзун жетектеген, философия илиминин доктору Теңдик Аскаровдун ысмы журтчулугубузга кеңири маалым. Ал адабият таануу жана эстетика, адабий көркөм чыгармачылык процессинин философиялык өңүттөрү боюнча 20 китептин, 10 брошюранын, 350дөн ашык макаланын автору.

Белгилүү окумуштуунун жакында “Поиски абсолюта – творческое кредо Чингиза Айтматова” деген дагы бир жаңы монографиясы жарыкка чыкты. Монографияда негизги басым улуу жазуучубуздун көркөм мурастарынын жетишерлик изилденбеген жактарына жасалган.

Автор убагында Чыңгыз Айтматовду Лениндик сыйлыкка көрсөтүүгө КРУИАнын философия жана укук институту демилгечи болгондугун, ал ишке өзү да катышкандыгын айтып, улуу жазуучунун “Тоолор кулагандагыга” чейинки кийинки чыгармаларына кеңири анализ жасаган.

«Кыргыз туусу» («Кыргыз гезиттер айылы»), 02.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.