Алтай: техника менен тарыхтын кармашы

Тоолуу Алтайда былтыр Урсул дайрасынын боюндагы өзөнгө “Газпром” компаниясы база жана санаторий кура баштаган. Жергиликтүү археологдор базага дейре барчу жолду салууда ал аймактагы байыркы мүрзөлөр жок кылынып атканын маалымдашууда.

2010-жылдын жазында жалпы калкка маалымдалбай эле салына баштаган жол скифтердин сөөктөрү көмүлгөн дөбөлөр менен өткөнүн археолог Сергей Киреев маалымдаган. Ошондо Барнаулда чыкчу “Листок” гезити өлкө башчысы Д.Медведев менен өкмөт башчы В.Путиндин атына жергиликтүү депутаттардын кайрылуусун баскан. Анда археологдор иликтөөнү талап кылып, прокуратурага кайрылышкан.

Тоолуу Алтайдын прокуратурасы текшерип чыгып, “археологиялык баалуу жайлардан 23ү жок кылынган, алардын жалпы аянты 1426 чарчы метр. Андан сырткары ушул өңдүү дагы 16 жай, аянты 936 чарчы метр жер бузулган” деп көрсөткөн.

Чүй тракт аттуу жолдон бир жең болуп чыккан узундугу 651 чакырымга жеткен жол Урсул дайрасынын боюна салынып аткан “Газпром” компаниясынын базасы менен эс алуу жайына дейре бармакчы. Долбоорго Орусиянын өкмөтү 2009-жылдын 30-декабрында бюджеттен 1 миллиард рубль бөлгөн.

“Листок” гезитинин редактору Сергей Михайловдун божомолунда өткөн жылы 20-июлда Алтайга барган Владимир Путин менен губернатор Александр Бердников “Алтай конок үйү” аттуу ошол жайга “Газпромдун” эс алчу жайын салуу тууралуу макулдашкан. Мунун алдында, 2008-жылы федералдык жетекчилер менен жергиликтүү аткаминерлер тик учак менен аркар уулап, учагы кыйрап, бул окуя жалпы коомчулукка маалым болгон. Былтыр да Тоолуу Алтайдын башчысы Москвадан келген жетекчинин айтканын аткарып, жолду жашыруун сала баштаган.

Депутат Сергей Михайлов Алтай жериндеги көрүстөндөр жашырып келген археологиялык мурастар жол салуу маалында жок кылынганын айтат:
Ар кандай бейиттер бар. Скифтер бейити эки жарым миң жылдан бери сакталып келген. Скифтер сөөгүн үч метрдей тереңдикте көмүшкөн. Аларды грейдер менен түрттүрүп салып отурушпайбы.

Ондогон дөбөлөр ачылып жол салынган. Арыз түшө баштагандан кийин жергиликтүү бийлик археологдорго бульдозер түртүп салган күрөндүлөрдү карап чыгууга 15-августта уруксат берген. Ошондон соң археологдор 2,5 миң жыл мурда жасалган коло канжар баш болгон скифтер урунган идиш-аяк таап кайтышкан.

Губернатор А.Бердников болсо кат жазып, арыздангандардын артынан түшүп, аларды камакка алуунун амалын издегендей. Мисалы, бул тууралуу алгачкылардан болуп айтып чыккан Сергей Михайловдун үстүнөн ушул күндөрү үчүнчү жолу кылмыш иши козголду.

Муса Мураталиев, «Азаттык», 03.10.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.