Кыргызча китепке зар заман

Кыргызстанда китеп рыногу толук кандуу калыптана элек. Ар кыл китепканалардан орус тилиндеги китептерди табууга мүмкүн болгону менен кыргыз тилинде чыккан адабий чыгармалар, тармактык китептер дээрлик жокко эсе.

Борбор шаар Бишкектеги мамлекеттик жана менчик китепканалардагы китептердин дээрлик басымдуу бөлүгү орус тилинде. Бишкектеги китеп дүкөндөрүнүн да дээрлик баардыгы орус тилиндеги китептерди сатат. Кыргыз тилинде бир гана “Нуска” аттуу китеп дүкөнү бар. Ал эми аймактардагы китепканаларга кыйладан бери жаңы китептер, чет элдик көркөм адабияттардан котормолор барбай калган.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча былтыркы жылдагы эл каттоодо Кыргызстанда 5 миллион 362 миң 800 адам катталган. Жалпы калктын 71 пайызын же 3 миллион 804 миңден ашуунун кыргыздар түзөт. Андан кийин эле калктын 14 пайыздан ашыгыраак бөлүгү өзбек тектүүлөрдөн турат. Үчүнчү орундагы азчылык болгон орустар калктын 8 пайызга жакынын түзөт. Калктын калган 7 пайыздайы башка майда-барат этникалык топтор.

Өлкөдөгү 4 миллионго чукул кыргыз тилдүүлөр үчүн жетиштүү деңгээлде кыргызча китептердин чыкпай атканы өзүнчө бир чоң маселе. Кыргыз эл жазуучусу Мелис Абакировдун пикиринде, “эл китеп окубай атат, балдар китеп окубай калды” деген сыяктуу сөздөр туура эмес. Калкты, өзгөчө окуучуларды китеп менен камсыз кылуу маселеси жакшы жолго коюлса эле китеп окугандар саны артмак:
– Союз убагында китеп чыгаруунун мамлекеттик камкордугунан тышкары, китеп менен камсыз кылуу деген талап бар болчу. Ошол талап боюнча маселен Балтика боюндагы өлкөлөрдө жыл сайын киши башына 11-13 китеп чыгарылчу. Биз ошол кездери бешинчи орундарда болуп, киши башына 9-10 китеп чыгарчубуз. Ал эми сапаты жагына келсек, ал кезде балдарга баланча миллион, чоңдорго баланча миллион китеп чыгарыш керек деген талаптар коюлчу. Улуттук китеп палатасынын иштерин карап көрдүм. Бизде азыр жазылган китептердин саны боюнча мурдагыдан кем эмес экенбиз. Бирок нускасы жагынан таптакыр куурап калыптырбыз.

Мисалы мурда совет доорунда жылына 33 миллион китеп чыгарсак, азыр бир миллионго жетпейт. Балдар үчүн жылына 5 миллиондон окуу китеп тери чыкчу. Азыр 800 миңден чыгып атат. Азыр айтып атышпайбы, “мектептерди 80-90 пайыз окуу митептери менен камсыз кылдык” деп айтып атышпайбы. Бул эми жөн эле көз боёмочулук да. Анан туруп алып балдар китеп окубай калды дейбиз. Жок. Алар окушат болчу. Биз өзүбүз китеп чыгара албай калдык. Китеп болбосо эмнени окумак эле.

Жаштар кагаз китептерди электрондук китептерге алмаштырдыбы?
Компьютер, интернет колдонуучулар көбөйгөн шаар жеринде жаштар кадимки кагаз китептерден көрө электрондук китептерди көбүрөөк колдонууга өтө башташты. Бир көркөм чыгарманы 100 сомдун тегерегиндеги акчага сатып алгандан көрө, аны интернет аркылуу көчүрүп алып окуган текейден арзан болорун жаштар жакшы билет.

Бишкек шаардык Улуттук китепкананын башкы библиографы Жамиля Айсаракунованын айтымында, ушул тапта китепканаларга окурмандар дээрлик келбей калды. Студенттердин көбү маалымат издөөдө интернетке өтүп алышты. Ал эми кыйла окурмандар кыргыз тилиндеги китептерди, маалыматтарды таппай кыйналган учурлары көп. Анткени Улуттук китепканадагы 6 миллиондон ашуун китептин дээрлик 97 пайызы орусча:
– Улуттук китепканада 49-50 жылдан бери иштеп атам. Мурда союздун учурунда китепканага бекер китептер келчү. Жылдар өткөн соң китептер келбей, окурмандардын саны азайып кетти. Эгемендик алгандан бери китепке, маданиятка көңүл бурулбай калды да. Кээ бир адамдар келип окуйлук десе, аларга керектүү китептер жок болуп калды.

Азыр кудайга шүгүр китептер Кыргызстанда чыга баштады. Бирок студенттер, окуучулар компьютерден китеп окуп, интернеттен чакан маалыматтарды алып, ошону менен чектелип калышты. Мурдагыдай казып окуган, китепканада түнкү онго чейин отурган студенттер абдан аз. Анан дагы бир маселе, кыргыз тилинде китептер жетишпейт. Бул көйгөй тээ союз маалынан бери бар. Биз өзүбүз Кыргызстан болсок, элдин көбү кыргыздар болсо, кыргызча китептер жетишпесе, анан кыргызча сүйлөбүз деп кантип айтабыз. Кичинекей балдар үчүн китептер жок. Деги кыргыз тилинде кызыгып окуй турган китеп жок.

Ушул тапта Кыргызстанда 1200 чамалуу китепкана бар. Мындан жети жыл мурда эле өлкөдө 2500 ашуун китепкана иштечү. СССР доорунда коммунисттик идеологияны пропагандалоо, элдин кат-сабатын жоюу максаттарын көздөп мамлекет китепканаларга жакшы көңүл бөлчү. Дүйнөлүк адабияттын берметтери да негизинен ошол кездери кыргыз тилине которулган. Бирок рынок экономикасына өткөндөн бери китеп чыгаруу иштери аксап, китепканалардын саны да кыскарып кетти. Айрым байкоочулар экономикалык кыйынчылыктардан улам көпчүлүк китепке акча коротууга ынтызарланбай атканын айтышса, башкалары китеп чыгаруу жана сатуу бизнесин жакшы уюштургандар чыкпай атканын, ошол себептүү басмаканалар толук кубаттуулукта иштебей турганын белгилешет.

Китеп окууга талап бар, сунуш жакшы эмеспи?
Учурда китеп чыгаруу жана сатуу иштерин уюштурган жеке ишкерлер да пайда боло баштады. Бирок азырынча кыргыз тилинде китеп чыгарууга аракет кылган андай жеке ишкерлер деле өнүп-өсүп кеткен жок.

“Жанызак” басма үйүнүн жетекчиси Жаныбек Жанызак кыргыз тилинде китеп жаздырып, бастырып, сатуу иштери менен алпурушуп келатат. Буга чейин ал Айгүл Шаршен, Нургүл Бейшен деген авторлорго эриккенде эрмектечү жеңил китептерди жаздырып, сатыкка чыгарып келди. Анын айтымында, Кыргызстанда китеп окууга талаптар чоң эле. Бишкекте орус тилде китеп саткан дүкөндөрдүн иштери күпүлдөп жакшы жүрүшүп атат. Бирок ошол эле маалда кыргыз тилинде мыкты, сапаттуу китептер сунушталбай атат:
– Бишкекти карап көрсөк орус этностогулар ашып кетсе 13 пайыз экен. Басымдуу бөлүгү, 70 пайызга жакыны кыргыздар. Эмне үчүн кыргыздар басымдуу болуп турган жерде орус тилиндеги китептер сатылат. Бишкекте китеп дүкөндөрү толтура, жалаң орус тилиндеги китептер турат. Демек китепке болгон муктаждык бар. Аларды кыргыздар эле сатып алып атат. Тек гана кыргыз тилинде окурмандын табитине туура келген китептерди жазгандар жок.

Жанагы жазуучулар деген бакма тооктор бар. Мамлекет каражат бөлүш керек деп эле кажылдашып отурушат. Мисалы мен азырынча эки эле автор менен иштеп атам. Айгүл Шаршен, Нургүл Бейшен анан Баратбай Аракеев. Б.Аракеев эки эле китеп жазды. Айгүл Шаршен 30-40 китеп жазды. Бирок баары бири-бирине окшош, жазуу техникасы жок. Аларды үйрөткөн киши жок. Жанагы мыктыбыз деген жазуучулар тажрыйба бөлүшпөйт. Ал эми Нургүл Бейшен менин көрсөтмөм боюнча котормолор менен иштеп атат. Менимче анын котормолору түзүк чыгып атат.

“Бийиктик” басма үйүнүн жетекчиси Жумадин Бектуровдун пикиринде, ушул тапта эл талап окугудай сапаттуу китептер кыргыз тилинде чыкпай атат. Ошол себептүү коомчулук китепти анча көп окубай атат. Анын үстүнө китеп бизнеси менен алектенгендер ишти жакшы уюштура албай, жарнамалоо жана сатуу иштерин билбей атышат:
– 2002-2003-жылдары экономика бир аз көтөрүлүп, китеп чыгарууга демөөрчүлөр көбөйүп кеткен. Бирок ал этап да өтүп кетти. Азыр китеп эки жол менен чыгып атат. Китепти жазган киши өзү же анын колдоочулары чыгарат же басмаканалардын эсебинен чыгып атат. Мамлекеттин эсебинен китеп чыкпай атат.

Анан дагы китеп окулбай калды деген ойлор айтып жүрөт. Ал туура эмес. Эл китеп окууга ынтызар. Биз китеп чыгарып, аларга сунуштай албай атабыз. Китеп чыгаруу иштерин уюштуруу, жакшы китепти жарнамалоо, аны сатуу жолдору жакшы колго алынбай атат.

Калктын кеңири катмарына арналган китептерди мындай кой, учурда мектеп окуучуларын китеп менен камсыз кылуу иштери да оор абалда. Кыргызстандын мектептерине азыркы тапта ар кыл сабак боюнча 12 миллион 200 миң даана китеп жетпейт. Билим берүү жана илим министрлиги муну каражаттын тартыштыгына байлап келет. Ошол эле маалда шаар жергесинде окуучулар интернеттеги китепканалардын кызматтарынан пайдаланганды үйрөнө башташты. Маселен literatura.kg, library.manas.kg. janyzak.kg, bizdin.kg, kerben.org сыяктуу интернет сайттарынан кызыккандар кыргыз тилиндеги көркөм адабияттарды, маалыматтарды табышса болот.

Илим Жанузаков, «Азаттык», 03.10.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.